Өткөн жекшембиде өлкөнүн өтө чоң адамдарынын катышуусунда "Таза коом" эл аралык форуму болуп өттү. Ошол жыйынга президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов менен чогуу келип, эл тараганда да экөө чогуу кетишкен. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, "биз Иса Өмүркуловго окшогон социал-демократтар менен чогуу аракет кылчубуз, Бакиев бийликте турганда. Бирге иштешчүбүз! Менимче, эгер туура багыт болсо, баарыбыз бир багытта иш алып барганыбыз оң болот",- деди Өмүрбек Токтогулович. Экөөнүн жетелешип калганын көргөндөр ар түркүн нерсеге жоруп, "күздөгү шайлоодо Өмүркулов Бабановду колдоого алат окшойт" дегендер да болду. Негизи эле булардын бир убакта чогуу болуп, КСДП партиясын дүңгүрөтө иштешкени баарыбызга маалым. Эртеңки аламан байгеде аттуу-баштуу КСДПчылар эски партиялашы Ө.Бабановду колдоого алса, анын эмнеси жаман?!