Жайдын келиши менен "активдүү эс алуу" деген түшүнүк эл арасында актуалдуу болуп чыга келет. Анын бири – экстремалдуу спорттун катарына кирген параплан менен учуу. Көңүл ачуу менен бирге адреналин тартуулаган спорттун бул түрү өлкөбүздө кеңири тарап жатат.
ПАРАПЛАНЕРИЗМ – ПАРАПЛАН МЕНЕН УЧУУ
Параплан – "парашют жана пландоо" деген сөздөрдөн алынып, "башкарууга ээ парашют" деген түшүнүктү билдирет. 1964-жылы америкалык конструктор Стивен Снайдер канат-парашютту ойлоп тапкан. Бул парашют куруу жаатында чоң жаңылык болгон. 1970-жылдары алгачкы жолу француз спортчулары канат-парашют менен бутуна лыжа кийип, тоодон учууга аракет жасашат. Бул ыкманы көпчүлүк кайталап отуруп, канат-парашют менен тоодон учууга өтүшөт. Бара-бара канат-парашютунун түзүлүшү, көлөмү өзгөрүп, параплан иштелип чыккан.
ПАРАПЛАНДА УЧКУҢУЗ КЕЛСЕ...
Алгач бул жаатта үйрөтүүчү адистерге кайрылыңыз. Алар белгиленген жерден кардарларын шаардын четиндеги ылайыктуу жайга алып кетишет. Биздин топту бийиктиги 200 метрдей болгон тоого алып барышты. Экстремалдуу спорттун даамын тоого чыгып бара жатканда эле сезесиз. Себеби унаа менен бийиктикке чыккандын өзү деле экстримге тете экен.
Керектүү бийиктикке чыккан соң адис парапланда учуунун эрежелери менен тааныштырат. Жалпысынан даярданууга 5 эле мүнөт керек. Сизге парапландын канатына улана турган (учканда адам отуруп алчу) систем кийгизилет. Мында коопсуздук биринчи орунда. Биринчи жолу учканда үйрөтүүчү адис менен биргеликте (2 адамга ылайыкталган парапланда) учуу керек. 3-4 кадам таштаган соң параплан жерден акырын көтөрүлөт. Мында шамалдын дагы ролу чоң. Адис кардардын артында отуруп, парапланды башкаруучу аркандарды кармап алат. Астындагы адамдын колдору бош болгондуктан, ал фотоаппарат же видеокамеранын жардамы менен бийиктиктен ачылган кооз көрүнүштү тарта берсе болот.
"Бийиктик – менин фобиям" дегендер чочулабаса болот. Себеби коркуу сезими абага көтөрүлгүчө гана сакталат.
НЕГИЗГИ ШАРТТАР:
Менин да кезегим келип жетти. Салмагым башка кардарлардыкына салыштырмалуу жеңил болгондуктан 20 мүнөттөн ашуун (негизи учууга 10 мүнөт берилет) учуп жүрдүк. Акыры Денис (негизги үйрөтүүчү адис) "сенин бул салмагың менен шамал бизди жерге бүгүн кондурбайт" деп парапландын канаттарын жаап жерге түшүрдү. 20 мүнөткө абага канаттуудай көтөрүлүү мага өзгөчө сезимдерди тартуулады. Парапланда учуу үчүн кезек күтүп 5 сааттай отурдум. Бирок короткон убактымды алган эмоцияларым толугу менен актады.
КЫРГЫЗСТАНДЫН УШУЛ ЖЕРЛЕРИНДЕ ПАРАПЛАН МЕНЕН УЧУРУУ КЫЗМАТТАРЫ ИШТЕЙТ
Татьяна Потанина, үйрөтүүчү адис: "2 БУТУ БАСПАГАН АЙЫМ ПАРАПЛАНДА УЧУП, КУБАНГАНЫНАН ЫЙЛАГАН"– Татьяна, айтыңызчы, эң бийик учканда канча метрге көтөрүлүүгө болот?
– Парапланда Кыргызстанда азырынча 5000 метр бийиктикте учушат. Бирок бул көрсөткүчтү багындыруу тажрыйбалуу адистердин гана колунан келет.
Учуулар март айынан тартып ноябрга чейин Бишкектин четиндеги тоолордо жүргүзүлөт.
– Жумушуңузга байланыштуу кызыктуу учурларды көп эле кезиктирсеңиз керек?
– Албетте, азыр жаштарда өзгөчө сүйүүсүн билдирүү же сүйүктүүсүнүн колун суроо деген кеңири таралып жатат. Биздин кызматтын жардамы менен дагы жигиттер сүйлөшкөн кыздарына үйлөнүү тууралуу сунушун киргизген учурлар 4-5 жолу болгон. Андай учурда кызды асманга учуруп жиберип, белгиленген жайга конгондо жигит гүлү, шакеги менен тосуп алат. 3-4 метр алысыраак конуп калышы мүмкүн, бирок ал мындайда маанилүү деле эмес го.
Бир жолу 2 буту баспаган айым бизге келген. Ал парапланда учууну тилек кылчу экен. Эже асманга көтөрүлүп келгенден кийин аябай ыйлаган. Анын эмоциясын көрүп көпчүлүк да көзүнө жаш алган эле. Мындай мүнөттөрдө кардарларга кошулуп бактылуу болуп кетесиң.
Жыл сайын парапланда учуп эстен кеткис эмоцияларга ээ болгусу келген адамдардын саны өсүүдө.
– Кардарга өз алдынча учууну үйрөнүү, өздөштүрүү үчүн канча убакыт жана канча акча керек?
– Муну үйрөнүү үчүн жок дегенде 8 күн толугу менен эртеден кечке сабак алууга арналышы керек. Анткен менен өздөштүрүү адамдын өзүнөн. Ал эми сабактардын акысы – 300-500 доллар. Анын үстүнө жабдуулардын баарын өзү сатып алуусун талап кылабыз. Бир парапландын баасы 3000 евродон жогору турат. Тоого чыгуу үчүн унаа да керектелет.
Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
sport@super.kg