– Кандайсың, Аскат? Концертиңди өткөрүп алып, эс алууга кеттиңби?
– Жакшы, рахмат. Сары-Челекке барып келдим. Чынында ушундай кооз, керемет жерди көрө элек болчумун. Карагай, бадал, кожогат, шар аккан суу, эмне кааласаң баары бар экен. Моюнумдан кадимкидей оор жүктү алып салгандай эс алып, мээм сергип, жеңилдеп, анан да ыраазы болуп келдим. Таштанды салуучу челектердин көптүгү, эс алуучулардын да таштандыны челектерге салышканы жакты, көңүлүмдү ого бетер көтөрдү. Биз деле шаардыктарды ушуга көндүрсөк болот турбайбы деп таасирлендим.
– Аты эл оозуна алынгыча ырчылар ары-бери көп урунушат эмеспи. Сен деле дароо сахнага чыкпасаң керек...
– Улуттук телеканалда кирип-чыгып иштеп жүргөнүмдө убакыттын талабы болдубу, филармониянын алдындагы 2 жылдык студияга тапшырууга туура келди. Студияны аяктагандан кийин консерваторияга окууга тапшырдым. Ал жерде 2 жыл ырдаган жокмун. Анткени агайым Улукмырза Полотов "үнүңдү таптап, тарбиялагыча ыр жаздырбай эле кой" деди. Ошентип 2006-жылы, 3-курстан тарта чоң сахнага чыктым.
– Ошондон бери арадан 10 жыл өтүптүр, шоу-бизнесте жүрүп эмне таптың?
– Шоу-бизнес менен чыгармачылык таптакыр эки башка нерсе. Шоу-бизнеске аралашпай эле өмүр бою чыгармачылык менен алектенип жүргөн адамдар көп. Аларды калың эл тааныбашы мүмкүн, бирок чыгармачыл чөйрө билет. Ошол эле учурда чыгармачылыкты түшүнбөй туруп деле шоу-бизнеске аралашып жүргөндөр толтура. Мен чыгармачылык менен алектенип, шоу-бизнесте да жүрөм. Чыгармачылыктан тапканым – атым калың журтка таанылды, анча-мынча ырларымды айрымдар издеп угат дегендей. Чыгармачылыкка баш-отум менен кире электе бармен, официант болуп, кондитердик цехте да иштедим. Ырчы болбосом, ишкерлик менен алектенмек болушум керек деп ойлоп калам. Ага деле шыгым бар десем болот. 3-4-классымда классташтарыма сагыз сатканым эсимде. Акча чогултканды жакшы көрчүмүн. Чогулткан акчама ата-энеме Нарындан сагыз алдыртып, азын чайнап, көбүн сатып жибердим. Түшкөн акчага кайра сагыз алып сатып, сооданын даамын таткам.
– Апаң француз тилинен мугалим деп уктум эле, французча билесиңби?
– Биз кичинекей кезибизде Ат-Башыда француз тилин окуганбыз, кийин англис тилине өтүп кетпедикпи. Мен французча билбейм. Жакында эле Токтогулда жүрсөк бир француз ар кайсыны сүйлөп, оюн бизге түшүндүрө албай жатты. Анан эстей калып апама чалдым. Жанымдагылар кызыгып, "телефонуңдун үнүн чоңойтуп койчу биз да угалы, аяш апа кандай сүйлөйт экен" дешти. Чоңойтуп койдум. Экөө 5-10 мүнөт сүйлөштү. Көрсө, тигил фотоаппаратын жоготуп жибериптир. Апам азыркыга чейин французча билет, унуткан жок, анан Францияга баргысы келет. Быйыл жазында Францияга бардым, шүгүр. Буюрса, эмкисинде ата-энемди алпарып көрсөтүп келейин деп ниет кылдым.
– Жакшы. Сайттардын бири "Аскат аялы менен жарашты" деп жазып чыкты...
– Ортодо балдарыбыз бар да, аларды чогуу ойнотуп калган учурдан улам айтып жатышса керек.
– Ажырашып кеткен үй-бүлөгө карата "аялга эле кыйын балдары менен, эркектин кылы кыйшайбайт, эртең эле аял алып алат" деген сөздөр көп айтылат. Чын эле ошондойбу?
– Эркектер турмуштун оор соккуларына чыдабайт. Аялзаты табиятынан турмуштун өйдө-ылдыйына туруштук берүүчү жан болот окшобойбу деп калдым. Ажырашууда аялзаты кандай жабыркаса, эркек андан ашса ашат, бирок кем эмес кыйналат. Бир жагынан караганда ар кандай аялдар, ар кандай эркектер бар. Кырдаалды кабыл алуу жеке мүнөзүнөн да көз каранды.
– "Залина турмушка чыгыптыр" дегенди уксаң сага катуу тийиши мүмкүнбү?
– Мүмкүн. Мүмкүн эмес деп айта албайсың, анткени 5 жыл чогуу жашадык.
– Азыр жолугуп, балдарды ойнотуп, кайра эки жакка кетүү оор болсо керек...
– Оор, албетте. Бир жолу бирөө жеке жашоомо кийлигишип, өзүнчө эле прокурор болуп телефон чалып, акыл үйрөтүп, сурак салып кирди. Аябай ачуум келген. "Чоң кыз, канча жаштасың, турмушка чыктың беле, балалуу болдуң беле?" десем, "21демин, турмушка чыккам, жакында балалуу болом" деди. "Сен деле эртең эки башка жолго түшүп калышың мүмкүн. Ага эч ким кепилдик бере албайт. Ошондо тагдырыңды элге жайып чыгууну каалайсыңбы?" десем, "жок" деп унчукпай калды. Көңүлүм жок болуп, эч ким менен сүйлөшпөй калган учурлар болот.
– Үй-бүлөнү сактап калуу үчүн кандай аракеттер керек деп ойлойсуң?
– Бул жалгыз эле аялдын же эркектин колундагы иш эмес. Үй-бүлөдө аял өзүнүн, эркек өзүнүн ордун, милдетин билүүсү зарыл. Аял киши эч качан эркектен кыйын болом деп аракет кылбашы керек. Үй-бүлөнү сактайм, бактылуу болом десе күйөөсүнөн өйдө чыгууга аракет кылган ашыкча деп эсептейм. Анткени кыргыздын менталитетинде аял киши үй-бүлөдө башчы болбойт, аны эч ким танбайт. Мындай учурда эркек сынып да калышы ыктымал. Жубайым Залина таланттуу адам. Ал өзүн менин көлөкөмдө калгандай сезди окшойт. Эркек да аял кишини басмырлап, иштетпей коюп же "сен аялсың да" дегени туура эмес.
– Коньки жакшы тебериңди Инстаграмдагы баракчаңдан көрдүм. Дагы кандай талантың бар?
– Коньки тепкенди айылдан үйрөнгөм. Бишкектен тээп жүрүп катуу жыгылып, бир аз коркуп калдым. Акыркы учурда көркөм окууга кызыгып Элмирбек Иманалиевдин ырларын окуп жүрөм. Концертимде бул жаатта өзүмдү сынап көрдүм.
– Алдыда кандай ой-максаттарың бар?
– Мындан 5-6 жыл мурун агайыма "мугалимдик менен алектенсем кандай болот?" десем "азыр эрте" деген. Такшалып, сабак берүүгө даяр болуп калганымды азыр сезип жүрөм. Буюрса, ушуну колго алам.
– Рахмат маегиңе, ишиңе ийгилик.
Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg