ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО 15-ОКТЯБРДА ӨТӨТ

Кыргыз мамлекетинде президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Тиешелүү токтомду 14-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алды.
Жогорку Кеңештин "Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо күнүн белгилөө жөнүндө" токтому жарыяланган соң БШК талапкерлерди каттоону баштайт. Президенттикке талапкер боло турган жаран шайлоочулардан 30 миңден кем эмес кол топтоп, 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төлөп жана БШКга аны талапкер катары көрсөтүү боюнча партиянын съездинин чечимин алып келиши керек. Талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 75 күн калганда, башкача айтканда, 31-июлда токтотулат. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого керектелүүчү чыгымдардын жалпы сметасын 671 миллион 502 миң сом деп бекиткени белгилүү болду. Бул каражаттын болжол менен 538,8 миллион сому биринчи тур, калган 132,6 миллиону экинчи тур үчүн каралды.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 763, 16-22-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан