Биометрикалык систем Кыргыз жеринде шайлоолорго элдин ишенимин арттырды. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 12-июнда Бишкекте Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун башкы катчысы Ламберто Занньер менен болгон жолугушууда айтты. Өлкө жетекчиси Кыргыз жеринде шайлоолор ачык-айкын, таза өтүп жатат деген пикирде. Президент уюмдун башкы катчысына алдыдагы президенттик шайлоо да биометрикалык маалыматтардын негизинде, заманбап технологияларды колдонуу менен өтөрүн билдирди.Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg