ИЗДЕЙМ СЕНИ

Редакциябызга жакындарын, тууган-туушкандарын издеп кимдер гана кайрылбайт, кимдер гана кат жазбайт. Каттар жарыяланган соң табышып, катышып кеткендер да жок эмес.

“АТАМДЫ БИР КӨРҮҮГӨ ЗАРМЫН”
– Саламатсыздарбы, “Супер-Инфо” гезити. Сиздердин “Издейм сени” рубри­каңыздар аркылуу атам Алманбетов Абдысадыкты издөөнү туура таптым. Атам 1965-жылы Ала-Бука районунун Ызар айылында төрөлгөн. Тагдырдын буйругу экен, апам Арафат экөө үч кыздуу болгон соң ажырашып кетишиптир. Эжелерим Жамалкан менен Турсунай чоң ата-чоң энемдин колунда калышыптыр. Апам 1,5 айлык мени алып төркүнүнө баса бериптир. Бир жумадан кийин артыбыздан атам барса, таятамдар бизди көрсөтпөй коюшуптур.
Төрт жашымда болсо керек, апам башка бирөөгө турмушка чыгып, бир кыз, бир уулдуу болду. Өгөй деген баары бир өгөйлүгүн кылат тура. Өгөй атам өз балдарына болушуп, «өгөйсүң» деген сыяктуу жаман сөздөр менен көп тилдечү. Апам келгенде кайра жакшы мамиле жасап калат.
Аны канчалык ата дейин десем да, мындай мамилесинен улам боор бере албай койдум. Бир туугандарымдын атасынын алдында эркелеп отургандарын көрүп, мен да ушинтип отурсам деп эч кимге көргөзбөй канча жолу ыйладым.
Атамды көрсөм деген үмүт менен жашап жүргөнүмө 17 жылдын жүзү болуптур. Бирок атам менден бир да жолу кабар алган жок. Ошентсе да үмүтүм дале өчө элек.
Акыркы маалыматым боюнча, атам учурда Бишкекте турат экен. Аны айылдагы кошунабыз эски автобекеттен көрүптүр. “Гүлсүнай суйкайган сулуу кыз болуп чоңойгон. Ошто колледжде окуп жатат. Кызыңызга берчү нерселериңиз болсо бериңиз, ала барайын” десе, “макул, эртең менен саат жетиде келем” деген боюнча келбептир.
Мен да курбуларым сыяктуу атама тамак даярдап, чай куюп сыйлагым келет. Бирок булардын баары мен үчүн чети оюлбас кыял болуп жүрөт. Чынында атамдан эч нерсе үмүт этпейм. Жөн гана аны таап, ата деген ыйык сөздү айтып, мээримине бөлөнсөм дейм.
Ата, эгер издеп жүргөнүмдү окуп же угуп калсаңыз, анда сөзсүз мени менен байланышыңыз. Атайын сизди издөө үчүн окуумду таштап, Бишкекке келдим. Сизден үмүт үзбөй издеп жүргөн кызыңыз

Гүлсүнай.
Телефондорум: (0558) 88-92-87, (0312) 43-63-19.


«ЭСКИ ДОС ЭСТЕН КЕТПЕЙТ»
– Мен Осмонов Алим деген жигитти издеп жүрөм. Экөөбүз 1973-1976-жылдары Куйбышев, Орусиянын азыркы Самара шаарында чогуу окуганбыз. Мен техникумда (КСТТС), ал институтта (КЭИС) окучу. 1976-жылы окуу жайды аяктаган соң коштошконбуз. Кийин Бишкектен жолукмак болуп, бирок кезиге албай калганбыз. Алим экөөбүз ынак достордон болчубуз. Арадан ушунча мезгил өтсө да, аны эсимден чыгарган жокмун. Бирок издеп табууга такыр шартым болгон жок. Мага эстеликке берген сүрөтүнүн артына “Кирг. ССР, Кировский район, Совхоз Жоон-Тобо, ул. Шукурбекова-31” деп дарегин жазган экен. Учурда бул райондун жаңы аталышы кандай экендигин билбей жатам.
Алим, мурун мен Алай районунда жа­шасам, учурда Кадамжай районунун Сары-Алтын айылында турам. Досум, катымды окусаң, төмөнкү телефондор аркылуу мени менен байланыш.

Ботоев Каныбек,
(0772)
84-52-46, (0778) 14-77-27, (0770) 57-16-39.


“СТУДЕНТ КЕЗДЕГИ ДОСУМДУ ИЗДЕЙМ”
– “Супер-Инфо”, сиздер аркылуу студенттик кездеги досум Абдуллаев Камалиддинди издейм. Экөөбүз 1982-1984-жылдары Фрунзе (Бишкек) шаарындагы №1-Техникалык окуу жайынын БМ-1/2 группасында чогуу окуганбыз. Эки жыл бою жатаканада бир бөлмөдө жашап, бир туугандай болуп калган элек. Окууну аяктагандан кийин аскерге кетип, ошол боюнча кабарлашпай калдык. Билишимче, ал Ноокат районундагы У.Салиева атындагы колхоздун Тельман айылынан болчу. Атасынын аты Момун, апасынын аты Майрам, агасы Вахаб жана карындаштары бар эле.
Тельмандыктар, Камалиддин тууралуу билсеңер өзүнө же туугандарына менин телефон номеримди берип коюуңуздарды суранам.

Дарегим: Каракол шаары, Кутманалиев көчөсү, 149/43,
Эндеев Курманбек. 2-33-36, (0556) 80-88-64.


Кат куржун

“АЗАМАТ, КАЙРЫЛЫП КЕЛЧИ”
– Мен таластык Азамат аттуу жигитти издеп жүрөм. Азамат экөөбүз 2009-жылы сентябрь айларында таанышканбыз. Экөөбүз түбөлүккө бирге болобуз деп ойлочубуз. Бирок ортобузда түшүнбөстүктөр болуп кетти. Чындыгында күнөө менден кеткен. Кетирген күнөөм үчүн Азаматтан кечирим сурайм.
Азамат, сенин келишиңди чыдамсыздык менен күтөм.

Иманаалыева Гүлзада,
(0770) 18-28-43, (0700) 64-65-81, (0772) 61-59-08.


“ГҮЛЖАМАЛ, МЕНИ МЕНЕН БАЙЛАНЫШ”
– Классташ курбум Кожобаева Гүл­жамал Заировнаны издейм. Тилекке каршы, анын дареги, телефону менде жок. Гүлжамал 1998-жылы Жалал-Абад шаарындагы №19-орто мектепти аяктап, Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринин биринде иштеп жүргөн. Ал Жалал-Абад шаарындагы Жамашева (мурунку Новоселова) көчөсүндө бир тууган эжесинин үйүндө турчу. Сиздердин жардамыңыздар менен Гуляны таап алам деп терең ишенем.

Назгүл,
nazibolotova777@mail.ru


“ДАМИРА, КАБАРЫҢДЫ БИЛДИР”
– Саламатсыздарбы! 2004-2005-жыл­дары БГУда чогуу окуган курбум Дамираны издеп жүрөм. Кийинчерээк ал башка окуу жайына которулуп кеткен эле. Ошондо деле кабарлашып, сүйлөшүп турчубуз. Көп өтпөй ортобуздагы байланыш үзүлүп калды.
Дамира, Баткендесиңби же Бишкек­тесиңби? Эгер ушул катты окуп калсаң, мага сөзсүз чал. Сенден жооп күтөм.

Наргиза,
(0550)
04-27-97.


“ДУРУСБЕК АКЕ, БИЗ СИЗДИ КҮТӨБҮЗ”
– 1974-жылкы агам Баймуратов Дурусбек Турдалиевичти издейм. Ал 1994-жылдын жай айларында Бишкекке соода кылганы кетип, ошол боюнча айылга кайрылып барган эмес. Угушубузча, ал учурда Бишкек шаарында турат экен.
Дурусбек аке, балким, бизге таарыныч­ыңыз бардыр же башка бир себептер менен кабарлаша албай жаткан чыгарсыз. Бул жашоодо башка кандай гана түйшүктөр түшпөйт. Кандай болгон күндө да биз сизди түшүнүп, чыдамсыздык менен күтөбүз.
(Окурманыбыздын суранычы боюнча бул кат кайталанып берилди).

Мирбек,
(0777) 85-60-00, (0700) 16-38-19, (0550) 89-08-09.


“КЛАССТАШТАР, БАЙЛАНЫШКЫЛА”
– Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы С.Сыдыков атындагы орто мектебин 2000-жылы бүтүргөн бардык классташтарымды издейм.
Классташтар, окуп калсаңар, мени менен байланышкыла. Силерди абдан сагындым.

Асел,
(0551) 38-43-84.


“БЕРМЕТ, КАЙДАСЫҢ?”
– Саламатсыздарбы, “Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты. Мен сиздердин гезитиңиздер аркылуу жети-өгүздүк 1987-жылкы Бермет аттуу кызды издегим келет. Бермет экөөбүз 2008-жылы Бишкектеги кафелердин биринен таанышканбыз. 2008-жылы май айларында Москвага кеткен эле. 2009-жылга чейин телефон аркылуу сүйлөшүп турчубуз. Ал 2009-жылдын октябрь айларында Кыргызстанга келмек. Учурда анын каякта экендигин билбейм.
Бермет, сени издеп жатканымды билсең, сөзсүз байланышып коюшуңду өтүнөм.

Жыргалбек,
(0778) 69-72-54.

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү: Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:
32-33-26

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
tilek95
2014-11-28 23:14:24
Мен Ош шаарынын жашоочусу (мурунку) милициянын капитаны Табалдиев Макекбай байкемди издейм. 1988 жылдан бери коро элекмин жакында телевизордон интервью берип жатканын корупкалып издедим.

тел. 0772 23-60-37
Иваницына кочосу,
Бишкек.
Гул-Жигит.
0
№ 390, 23-29-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан