
Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматы мурда Бишкектин экс-мэри
Нариман Түлеевге таандык болгон, кийин мамлекеттин эсебине тартып алынган "Sapat Center" имаратына көчтү. Белгилүү болгондой, аталган имарат Ленин райондук сотунун чечимине ылайык конфискацияланып, мамлекеттин эсебине өткөн.
Ушул жылдын 21-апрелинде аталган имараттын алдында
Нариман Түлеев менен укук коргоо органдарынын ортосунда кайым айтышуу болгон.
Түлеев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду соттун чечимисиз эле имаратты курчоого алганын айтса, Каржы полициясынын өкүлдөрү имарат мыйзамдуу түрдө мамлекетке өткөнүн билдиришкен. Бул имараттан кеңселерди ижарага алып иштеп жаткан компаниялар, ишкерлер ошентип көчөдө калышкан эле.
Жеке мүлктү мамлекеттин эсебине өткөрүү, улутташтыруу окуялары буга чейин деле болуп келген. Мисалы, кезинде
Аскар Акаев "китепкана ачам" деп салдырып жаткан имарат мамлекеттин эсебине өтүп, ал жакка Башкы прокуратура көчүп барган. Ал эми мурунку президент
Курманбек Бакиевге таандык болгон үйдү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар алардын эсебине өткөрүп берүүнү суранып жүрүшкөн. Учурда ал үй Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөн.