ОЮНДАН ОТ ЧЫКТЫ
Өткөн аптада Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин студенттери менен жергиликтүү жаштардын ортосунда чыккан жаңжал коомчулукту дүрбөттү. Окуянын башы ушул жылдын 27-майына барып такалат. Анда аталган окуу жайдын студенттери менен жергиликтүү жаштардын ортосунда баскетбол боюнча мелдеш болуп, оюн учурунда эки тарап араздаша кетишкен. 8-июнь күнү жергиликтүү жаштар окуу жайдын имаратынын ичине кирип келип, студенттерге "тизе бүгүп кечирим сурашсын" деп талап коюшкан. Жыйынтыгында алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана милиция кызматкерлеринин көзүнчө студенттерди тизе бүктүрүп кечирим суратышкан. Бул окуяга өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов да күбө болгон, бирок анын "чырды цивильно чечели" дегенин эч ким укпай, ал абалды башкара алган эмес. Бир караганда кадимки пикир келишпестик көрүнгөнү менен, бул окуя жергиликтүү бийликтин да, милиция кызматкерлеринин да алсыз жактарын көрсөтүп койду.
Окуя боюнча "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун 9-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. ИИМдин маалыматына караганда, окуяга карата иликтөө иштери жана бул боюнча облустук милиция кызматкерлеринин ишине кызматтык иликтөө жүрүп жатат.
"ДОСТУКТУН ЖАҢЫ БАРАГЫН АЧАБЫЗ"Бул окуя боюнча өлкөнүн премьер-министри Сооронбай Жээнбеков чыр-чатактар мыйзам чегинде каралышы керектигин өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыповго тапшырган. Аманбай Кайыпов окуянын эртеси күнү эки тарап жарашып, бири-биринен кечирим сурашканын айтат:
– Окуянын эртеси күнү чырдашкан эки тарап жана аксакалдар болуп чогулуш өткөрүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан ары чыр-чатакка жол бербөө, бири-бирибизди колдоо тууралуу сүйлөштүк. Бул окуяны унутуп, достуктун жаңы барагын ачалы деп чечтик.
"ЭКИ ТАРАП ЭЛДЕШТИ"
Кубан Сыдыбаев, Борбордук Азия университетинин менеджери:
– Учурда Борбордук Азия университетинде Кыргыз Республикасынын жарандарынан тышкары Тажикстан, Казакстан, Ооганстан жана Пакистандан келген 70тей студент билим алып жатат. 27-майда өткөн мелдеште жаштар түртүшүп же, балким, чет элдик студенттер өз тилинде сүйлөсө, түшүнбөй уруша кетишкендир. Интернеттеги видеодо мугалимдер, студенттер тизе бүгүп кечирим сурашкан деп айтылып жатат. Негизи эки тарап тең бири-биринен тизе бүгүп кечирим сурашкан. Андан кийин жергиликтүү жаштар менен студенттер бири-бирине белек тартуулап элдешти.
"ЧЕКТЕН АШКАНЫН МОЮНУНА АЛЫШТЫ" Окуя тууралуу жергиликтүү жаш активисттердин бири, Нарын шаарынын тургуну Бозжигит Кемелов буларды айтып берди:
– Коомчулукта, маалымат каражаттарында окуя тууралуу бир тараптуу маалымат тарагандай туюлуп жатат. "Нарын жаштары "малсыңар" дегенге чейин барып жатышат. Олуттуу окуя болгондугу үчүн акцияга чыгышты. Коноктор өздөрү аябай чектен чыгып жатышкан. БАУ ачылгандан бери Нарын эли мейличи деп, конокторду сыйлап келген. Буга чейин жергиликтүүлөр бир дагы студентке, мугалимге тийди же уруп кетти деген учур катталган эмес.
Окуя 27-майда спорттук мелдеште башталган. Анда студенттер биздин спортчуларыбызга кол көтөрүп, сөгүшүптүр. Ошондо биздин команда сабыр кылып, кечирим сурашабы деген ниетте эч нерсе кылышкан эмес. Бирок БАУнун администрациясы бул окуяга кайдыгер карап эч нерсе болбогондой түр көрсөтүшкөн. Ошол замат туура эмес кылышканын моюнга алып, чыр чыгарган студенттерине эскертүү бергенде мындай окуяга чейин жетмек эмес.
Чет элдик студенттердин коомдук жайларда, базарда сөгүнүп, кыйкырып жүрүшкөнү, анысы аз келгенсип оюнга чакырып алып, кайра орой мамиле кылып жатышса, анан кантип буга жөн карамак элек? Акцияга чыкканыбызда чектен ашып жатышканын ошол студенттер моюнуна алышты жана БАУнун өкүлдөрү чырды баштагандарга чара көрүлөт деп ишендирди. БАУнун жетекчилигине кийинки окуу жылдан тарта чет элдик студент, мугалимдерге каада-салттарыбызды, үрп-адаттарыбызды окутсун жана кыргыз тилин базалык деңгээлде үйрөнүшсүн деген талаптар коюлду.
ЧУУЛГАНДУУ ОКУЯЛАР ТУРИСТТИК СЕЗОНГО КЕДЕРГИСИН ТИЙГИЗЕТ
Чындыгында, бул окуя окуу жайлардагы көзөмөл, тартипти сактоонун зарылдыгын унутпашыбыз керектигин көрсөттү. Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева ушундай окуялар кайталанбашы үчүн окуу жайдын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү, жарандардын коопсуздугун сактоо керектигин айтты.
Туристтик сезон башталып жатканда мындай көрүнүштөр өлкөнүн имиджине таасир берерин өлкөнүн Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов белгилейт: "Албетте, ушундай окуялардын болуп жаткандыгы Кыргызстандын туристтик имиджине доо кетирет".
Ар бир ушундай кичинекей жаңжалды ырбата берсек, өзүбүз эле жаман атты болобуз. Ошондой эле мындай окуялар өлкөбүзгө терс таасирин тийгизип, чет өлкөдөн келген инвесторлорду качырат.
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
НАРЫНДА БОЛГОН ОКУЯНЫ КАНДАЙ КАБЫЛ АЛДЫҢЫЗ?Эдил Байсалов, коомдук активист:
– Чет жерден келгендердин депортацияланышын талап кылгандарды укканымда аябай уялдым. Нарындыктарды дүйнөгө жапайы көрсөткөндөр сөзсүз жазаланышы керек. Биздин мекендештерибиз да башка өлкөлөрдө билим алып жүрүшөт. Аларга жашаган жериндеги жергиликтүүлөр ушундай кордук көрсөтүшсө, кандай болот эле? Спорттук мелдештерде пикир келишпестик боло берет да. Андай талаштарды мугалимдерге жеткирип баруу уят го. Тартип орното албаган мамлекетти карап жиниң келет.Данияр Айтман, блогчу:
– Нарындагы "Ага-Хан" фонду тарабынан түзүлгөн дүйнөлүк стандарттарга жооп берген университеттин ишмердүүлүгүнө рахмат айтып, болуп өткөн ыксыз окуя үчүн кыргызстандыктардын атынан анын студенттеринен жана мугалимдеринен кечирим сурагым келет. Биздин улут айкөл, адилеттүү жана меймандос. Биз улутка же динге карап бөлүнбөгөн калкпыз. Бардык кыргызстандыктарды, чет элден келген конокторду диний жана этникалык азчылыктарды колдой жүрүүгө үндөйм.Фарида Урматбекова, Германиянын Гамбург шаарында студент:
– Бул окуяда жергиликтүү студенттерге кошулуп, чоо-жайды билбей эле кошо дүрбөп жаткандар өкүндүрдү. Цивилизация орногон өлкөдө жашап жаткандан кийин иш-аракетибиз да ошого жараша болушу керек. Оюндан чыккан талаш-тартышты оозеки эле чечип алса болот да. Сөзсүз эле муштум түйүп чыга калыш керекпи? Эгер мындай окуя Европада болгондо, ошол замат укук коргоо кызматкерлери ишке аралашып, маселени тынч эле мыйзам чегинде чечип коймок. Бермет Алиева, Кытайдын Ланьчжоу шаарында студент:
– Алыста жүргөндө мекениңде болуп жаткан ар бир окуяны өзгөчө жакын кабыл аласың. Нарында болгон иш мени да капалантты. Кытайлыктарга Кыргызстандын жаратылышынын кооздугун, элинин меймандостугун айтып мактанам. Тилекке каршы, биз чет элдиктерге кандай мамиле кылууну азырынча үйрөнө элек окшойбуз. Ушундай окуялар ага далил болууда. Башкысы, ар бирибиздин жүрүм-турумубуз өлкөбүздүн жүзүн көрсөтөрүн унутпасак жакшы болмок.Аскат Максатбек уулу, Орусиянын Санкт-Петербург шаарында студент:
– Эркектердин жазылбаган мыйзамында көпчүлүк барып жалгыз адамды ур-тепкиге алуусу пастыкка жатат. Бирөөнү союп салса да ал адам мыйзам алдында жооп бергени жакшы эмеспи. 18-кылымда жашап жатпагандан кийин тизе бүктүрүп кечирим суратуу дегендин өзү уят жана жапайычылык. Андай ыкма менен эч маселе чечилген эмес, чечилбейт дагы. Ошондой кылгандарды колдоп чыгып жаткан аттуу-баштуу эле адамдарыбызга таң калдым.Шатгүл Айтбек кызы, Түркиянын Эскишехир шаарында студент:
– Адам кайсы өлкөгө окуганы, иштегени же эс алганы барбасын, конокко баруу маданиятын билип, ал коомдун эрежелерин сакташы керек. Ал эми үй ээлери меймандостугун көрсөтүп, ар ким өз ордун билгенде, мындай жагымсыз окуялар орун албайт. Түркияда бизди "өзгөсүң" дебей эле мамиле кылышат. Биз да жакшы сапаттарыбызды башкаларга көрсөтүшүбүз керек.
Алтынай Тынышова
koom@super.kg