Келбеттүү 4 жигиттен турган "Жебе" тобу топ катары таанылганына быйыл 6 жылдын жүзү болду. Буга чейин топтун мүчөлөрү ар дайым ээрчишип чогуу ырдап келишкен. Жакында эле топтун мүчөсү Самат жекече ырдап чыкты. Андыктан топ тарап кеткенби деген суроо пайда болуп, топтун продюсери Кенже Дүйшеевага байланышканыбызда: "Жигиттердин жекече ырдап чыгышына уруксат бердим. Кезеги менен өз алдынча ыр жаздырып, клип тарттырып жатышат. Балдардын чыныгы дараметин байкап көрөйүн дедим. Топ тарап кеткен жок. Буюрса, жакын арада "Жебенин" чоң программадагы концертин берели деп турабыз",- деди.