Гомосексуалдарды колдогон ШАРЛИЗ ТЕРОН

Өзү ай чырайлуу боло туруп «Түрү суук» аттуу мистикалык тасмада ролун жогорку деңгээлде аткарган актриса Шарлиз Теронго ким кызыкпайт. Аталган тасмада аны коркунучтуу, түрү суук адам катары билсеңер, жашоодо ал модель, бийчи жана бирөөнүн сүйүктүүсү.

Кызыктуу маалымат

  • Актриса сүйгөнү Стюарт менен сёрфинг тээп, гольф ойноодон рахат алат.
  • Кайрымдуулук иштери менен алектенет. Африкадагы балдар үйүнө дайыма чоң суммада каражат бөлүп турат.
  • Учурда “эң сексуалдуу, келишимдүү буттар Терондуку” деп бааланып келет. Көптөгөн популярдуу журналдар аны “Сексуалдуу айым” деп табышкан.
  • Чыдамсыздык сапатын өзүнүн кемчилиги деп билет.

Толук аты-жөнү – Шарлиз Терон
Туулган жылы – 1975-жыл, 7-август
Туулган жери – Бенони шаары, ТАР
Бою – 178 сантиметр
Салмагы – 55 килограмм
Жакшы көргөн чыгармасы – Коромака Маккартинин «Жол» романы

АТАСЫН АПАСЫ ӨЛТҮРҮП...
Ар күнү эртең менен Шарлиздин бөлмөсүнө жакын келип сайраган торгой кичинекей кызды ойготчу. Ойгонору менен апасы берген сүттү ичип, кооз чүпүрөктү оронуп алып токойду көздөй жөнөчү. 6 жашар Шарлиз токойдон бир даракты өзүмдүк кылып алган болчу. Кичинекей кыялкеч кыз ага чыгып алып табият менен маек курчу. Бүгүнкү күндө актриса бул жоругун “көрсө, ал дарак мен ойногон сахна, ал эми мени уккан токойдогу чымчыктар, курт-кумурскалар менин көрүүчүлөрүм болгон тура” деп эскерет.
Шарлиз үй-бүлөдө жалгыз кыз болгон. Атасы Чарль өзүнүн жол оңдоочу фирмасында иштесе, апасы фермасында уй саап, тоокторго жем чачып, кызын тарбиялоо менен алектенчү. Мектепке баруу убактысы келгенде Шарлизди апасы бий мектебине киргизет. Апасы “бий кызымды уй-тоокко аралаштырбай шаар, эл көрсөтөт” дечү. Шарлиз бийди өздөштүрүп, мектепте жакшы окуйт.
Ал эми ата-энесинин ортосунда дайым чыр болуп турган. Үйүнө келсе ызы-чуу. Атасы ичип алып апасын сабаганын көрүп жаны кейийт. Апасына жардам берүүгө аракеттенет, бирок колунан келбейт. Энесине болушуп өзү да таяк жейт. Айтор, атасы ичип келип колуна мылтык кармап өлтүрөм деп коркутчу да болот.
Ошондой чыр-чатактуу күндөрдүн биринде Шарлиз каргашалуу окуяга күбө болот. Сабактан келгенде ата-энеси күндөгүдөй катуу урушуп жаткан. Чыр күчөп, апасы атасын мылтык менен атып өлтүрүп салат. Кийинчерээк сот апасын “өзүн коргоо максатында өлтүрдү” деген жыйынтык чыгарып, актайт. Ал кезде Шарлиз 15 жашта эле. Көз алдында атасын өлтүргөн энесин жек көрүп жүрүп, көп убакыттан кийин гана кечирет.

ӨЗҮН СУЛУУМУН ДЕП ЭСЕПТЕБЕЙТ
Табият Теронго сулуулукту тартуулаган, бирок ал өзүн баалап, сулуумун деп эсептеген эмес. “Кыздай болуп чачын таза жууп, кашы-көзүн чиймелеп койчу эмес”,- деп эскерет апасы. Бир гана балет бийи аны кыздардай назик кылган. Бийди жакшы көрүп, сабакка катышып жүргөнү менен, сабактан чыккандан кийин өзүн эркектердей алып жүрчү. Атасы каза болгон соң апасы жол оңдоп иштей баштайт. Үй жумушунун баарын өз моюнуна алып, кызынын кең келечеги үчүн кам көрүүгө өтөт. Ал кызын кара жумушта эмес, эл алдында, атактуулардын катарынан көрүүнү самачу. Колунан келген бүт аракетин ошого жумшаган.

МОДАДАН БАЛЕТКЕ...
Шарлиз 16 жашында “Африка сулуусу” сынагына катышып, жеңүүчү деп табылат. Ошол жерден Миландагы белгилүү бир моделдик компанияга Шарлиздин табият тартуулаган боёксуз сулуулугу жагып, анын өзгөчө келишимдүү бутуна суктанып, бирге иштешүүнү сунушташат. Терон, албетте, мындай мүмкүнчүлүктөн баш тарткан эмес. Апасы да бул чечимди колдогон. Ошентип, Шарлиз Италияны көздөй бет алат.
Моделдик бизнес анын капчыгын калың кылып, атын акырындап таанытса да жан дүйнөсүн байытып, андан ары жетелебей койгон. Ал “эки күндүн биринде кооз кийинип, түрдүү кечелерге барып убакыт өткөрүү мен үчүн эмес” деген жыйынтыкка келет. “Эки жылдык убактымды мода дүйнөсүнө арнадым. Эми өзүмдү бала кезимден самаган бийде, тагыраак айтканда, балетте көргүм келет” деп жумушун таштап кетип калат.
Бий дүйнөсү Теронду калың капчык, албан ийгилик менен күтүп турган эмес. Муну билген Шарлиз баарын башынан баштоого даяр эле. Бул учурда ал Нью-Йорк шаарында жашачу. Балерина болом деген үмүт менен мурунку топтогон акчасына бийден сабак ала баштайт. Машыгып жүргөн маалда бутун бий дүйнөсүнө кайтпай тургандай катуу кайрып алат. Доктурлар Шарлизге бийлөөгө тыюу салып коюшат.

КӨКТӨН ИЗДЕГЕНИ ЖЕРДЕН ТАБЫЛЫП...
Мына турмуштун катаалдыгы. Мурунку жумушу да жок, алдыдагы кең максатынан да айрылган. Өзүн эми бир гана кино дүйнөсүнөн сынап көрүүнү туура көрөт. Бирок кимге кайрылып, эмнеден баштоо тууралуу түшүнүгү да жок эле.
Ошол күндөрдүн биринде банкка акыркы калган акчасын алганга барат. Банк кызматкери ага эсебинде акча жоктугун билдиргенде, жини келип турган Шарлиз ачуусун банк кызматкеринен чыгарып, чоң чыр салат. Буга күбө болуп турган режиссёр Жон Кросби “мындан мыкты актриса чыгат” деп ойлонуп жанына келип таанышат. “Болгон акчам кайсы жакка кетти?” деп чыр чыгарган айымга режиссёр акчаны кайруунун жол-жоболорун түшүндүрүп, ошондон кийин тааныш болуп, Шарлиз анын тасмасына тартылат. Ошентип, актриса “Өрөөндөгү эки күн” аттуу тасма менен кино дүйнөсүндө дебют жасайт.

ИЙГИЛИК, СЫЙЛЫК, КАРАЖАТ...
Шарлиз кино дүйнөсүнө бат алынып кеткен. 1997-жылы Голливуддун жылдыздары Аль Пачино жана Киану Ривз менен “Шайтандын адвокаты” аттуу фильмге тартылып калың элге таанылат. Аталган кинодон болочок жылдыз алгачкы эң чоң суммадагы 1 000 000 доллар гонорарына ээ болот. 2001-жылы Киану Ривз менен “Таттуу ноябрь” тасмасына тартылып, жүрөктөрдө сакталар образ жараткан. Актриса буга чейин жалаң терс каармандын ролун ойноп келсе, тандалган тасмада оң каармандын ролун жогорку деңгээлде аткарган. “Таттуу ноябрь” Терондун капчыгына 4 000 000 доллар киргизген. Бирок бул тасмадагы ролу капчыгын кампайтканы менен, “Оскар” сыйлыгын алып келген эмес. 2003-жылы “Түрү суук” тасмасында лесбиянка кыздын ролун жогорку деңгээлде аткарып, ошол жылы “Оскардын” “Мыкты актриса” наамына татыган. Таң калычтуусу, тасма чоң сыйлык алып келгенге чейин режиссёр 100 000 доллар эле төлөгөн. Бирок калган гонорарын кийинчерээк кошуп берген. Актриса бүгүнкү күндө баш-аягы 67 тасмага тартылган.

9 ЖЫЛДАН БЕРИ ЖАРАНДЫК НИКЕДЕ ЖАШАЙТ
Шарлиз Терон дайыма гей жана лесбиянкалардын укугун коргоп келет. 9 жылдан бери сүйгөнү актёр Стюарт Таунсендге мыйзамдуу түрдө турмушка чыкпаганынын себеби эмнеде деп ойлойсуз? Ал: “Коомчулук качан гей менен лесбиянкаларга мыйзамдуу түрдө баш кошууга макулдугун бергенде гана биз баш кошобуз”,- деп келет. Чындыгында нике күбөлүк актриса үчүн жашоосунда эч кандай роль ойнобойт. Дайыма эркиндикти сүйгөн актриса жаңы үй-бүлөдө да өзүн бирөөгө байлангандай сезбей, эркиндикте экенин туюп турууну самайт. Бул каалоосун жарандык жолдошу толугу менен колдойт. Ал эми “эмне үчүн бул күнгө чейин балалуу боло элексиңер?” деген суроого “жакшылыктын эрте-кечи жок, баары алдыда” деп гана жооп берет.


Шоу-бизнес жаңылыктары

ГАЛКИН ПУГАЧЁВАГА ҮЙ БЕЛЕК КЫЛДЫ
Жакында Алла Пугачёва 61 жашын белгиледи. Атактуу айым туулган күнүн Москва дайрасындагы теплоход-ресторанда өткөрдү. Примадонна жеке майрамына эң жакын 40 адамын чакырган. Арасында, албетте, Максим Галкин бар. Галкин сүйүктүүсүнө Лубянкадан үй белек кылды.

ПИТЕР СТИЛ ДҮЙНӨ САЛДЫ
“Type O Negative” тобунун 48 жаштагы лидери, музыкант Питер Стил жүрөк оорусунун айынан каза болду. Бул тууралуу көпчүлүк кабардар болгондо алгач ишенишкен эмес. Себеби ал 2005-жылы ушул сыяктуу кабарды таркатып, анан тамаша экенин билдирген эле. Тилекке каршы, бул ирет тамашага орун жок эле.

ХЕНДРИКС АКШнын ЭҢ СУЛУУСУ
Американын “Esquire” популярдуу журналынын жүргүзгөн сурамжылоосу боюнча АКШнын эң сулуу айымы аныкталды. Ал 34 жаштагы актриса Кристина Хендрикс. Кристина көбүнчө сериалдар аркылуу таанымал. Экинчи орунду модель Адриана Лима, ал эми үчүнчүнү болсо актриса Меган Фокс алды.

МАСЛЯКОВ ЖАШАРДЫ
Маалымат булактарында “Александр Масляков Германияга эс алганы кетти” деген кабар тараган. Көрсө, Масляков эс албай эле жашарганы кеткен тура. Ал Мюнхендеги кымбат клиникалардын бирин­де бетиндеги бырышын тарттырып операция жасатып келиптир. Муну алпаруучунун тааныштары “канча жашырсаң да бетиңди тарттырганың жүзүңдөн көрүнүп турат” деп моюнга алдырышкан.

ТЕЙЛОР ДАГЫ КҮЙӨӨГӨ ТИЕБИ?
Акыркы кезде “78 жаш­тагы легендарлуу актриса Элизабет Тейлор турмушка чыгат” деген маалымат таралууда. Актрисанын 9-күйөөсү боло турган мырза агент Жейсон Уинтерс. Жейсон Элизабеттен 29 жаш кичүү. Экөөнө “баш кошосуңарбы?” деген суроо узатканда “жеке мамилебиз тууралуу маалымат бербейбиз” деп баш тартышкан.

ФЁДОРОВА АЖЫРАШТЫ
Көгүчкөндөй ээрчишкен атактуу жылдыздар Николай Басков менен Оксана Фёдорова эми мыйзамдуу түрдө баш кошушса болот. Себеби Оксананын немис улутундагы жолдошу ажырашуу­га арыз берди. Макулдугун алууга бирден-бир себеп Аалам перисинин ортодогу бардык байлыктан баш тартканы болду.

ЯКУБОВИЧ КИТЕП ЖАЗДЫ
Орусиянын Эл артисти, көпчүлүк сүйүп сыйлаган телеалпаруучу Леонид Якубович өзүнүн автобиографиялык китебин жазды. Китеп “Аз аздан” деп аталат. Аталган китепте алпаруучунун жеке жашоосундагы бардык кызыктар, кайгы-капасы тууралуу баяндалат. Китептин бет ачары Москвадагы китеп үйүндө болуп өттү.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
bek
2010-04-28 10:00:30
ужас
0
№ 390, 23-29-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан