БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) балдардын жакшы шартта чоңоюшунда аталардын маанилүү ролу тууралуу долбоорду баштады. Долбоорду бир катар дүйнө жылдыздары колдоого алышууда. Биздин өлкөнүн белгилүү инсандары да мындай жакшы иштен четте калбай, өздөрүнүн кандай ата экендигин баяндап беришти. Сөз супер аталарда.
Жанар Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты: "БАЛДАРДЫН БАКТЫЛУУ ЧОҢОЮШУНА БАР КҮЧҮБҮЗДҮ ЖУМШАШЫБЫЗ КЕРЕК" – 2 уулум бар. Улуусу Айкөл 4 жашта, кичүүсү Актай 1 жашка толо элек. Биринчи уулум төрөлгөндө өзүм төрөткө катышканмын. Толкунданып, жакшы сезимдер болгон. Экинчи уулум төрөлгөндөн кийин бардым төрөт үйүнө. Бирок балалуу болгондо элчилеп жууп киргенди башынан туура көрбөйм. Бала чоңойгон сайын өнөрү чыгып, улам бир жаңылыктары менен сүйүнтө берет эмеспи. Айкөл абдан боорукер, тетик бала болуп өсүп келатат. Балдар менен чырлашып, мушташкан учуру дээрлик жокко эсе. Мага абдан жакын. Ата-энесинин сөзүн угуп, кылба деген нерсени кылбай, тартиптүү болуп чоңойду. Актай болсо бир топ олуттуудай сезилет азыртан эле. Бирок шайыр экени байкалат. Көз караштары да сүрдүү, жаңы көргөн туугандар аны "улакчы" деп тамашалап коюшат. Мен балдарга абдан жумшакмын, чынында тарбиянын көбүн апасы берет. Көп учурда жумушка байланыштуу талаалап жүргөнгө туура келип жатат. Дем алыш күндөрү гана балдар менен кенен-чонон эс алып, ойногонго убакыт болот. Андай күндөрү балдарды оюн-зоок аянтчаларына өзүм алып барып, кошулуп ойноп, көңүлүн ачам. Балдарды мен такыр урушпайм, үйдө мен "жакшы полиция кызматкеринин" ролундамын. Балдардын жөндөмүн байкап, бир аз чоңойгондо ошого жараша кесип тандайбыз го деп жүрөбүз. Уулдарыбызга мыкты билим берүү, аларды тарбиялуу жана мекенчил кылып чоңойтуу ата-эненин башкы милдети эмеспи. Буюрса, жөндөмүнө жараша ар кандай кружокторду азыртан эле тандасак деген ойлорубуз бар. Айтор, балдардын бактылуу чоңоюшуна бар күчүбүздү жумшашыбыз керек.
Мирбек Иманбеков, ырчы: «80-90 ПАЙЫЗ УБАКЫТЫМДЫ БАЛДАРЫМ МЕНЕН ӨТКӨРӨМ»– 2 балам бар. Улуусу кыз, аты Арууке, 9 жашта, кичүүсү уул, ысымы Чынтемир, 5 жашта. Кызымдын мүнөзү апасына окшош. Шайыр, шашма жана тырышчаак. Уулум болсо мени тарткан, оор басырыктуу, чоң кишилердей сүйлөп, чоң адамдардай ой жүгүртөт. Кызым төрөлгөндө катуу сүйүнгөм. Жеке эле мен эмес, досторум дагы сүйүнүшкөн. Ал эми уулум төрөлгөн маалда Москвада элем. Келинчегим көз жарган күнү мен анын жанында боло албай калдым. Аэропорттон түшкөндө телефонду күйгүзсөм апам чалып "уулдуу болдуң" деди. Айланамдагы адамдарга карабай, уулдуу болгонума катуу кубанып "ураа!" деп кыйкырып жибериптирмин. Анан досторума "машинаны тез айдагыла, уулума эртерээк жетели" деп алардын шаштысын кетирген элем. Балдарыма колумдан келишинче жакшы ата болгонго аракет кылам. Аларга күч колдонбой сөз менен жана көз менен тарбия бергенге аракет кылам. Балдарым менин көз карашымдан эле баарын түшүнүп турушат. Эки балам тең ырга шыктуу. Талант менен чогуу төрөлүшкөн окшойт. Андан сырткары кызым котормочу, уулум спортчу болгусу келет. Кызым ырдагандан тышкары ар түрдүү темада ыр жазат. Менин балдарымдын кесип тандоосуна салым кошконум аларды кунт коюп угуп, колдоо көрсөтүп, туура эмес болгон жактарын оңдогонум деп билем. Балдарыма күн сайын 80-90 пайыз убакыт бөлөм. Ата-эненин мээрими бала бакчаныкынан башкача болот деп ойлойм. Ошол үчүн аларды бала бакчага да берген эмесмин.
Новак Жокович, теннисчи: "АТА СТАТУСУ МЕНИ ТОЛУГУ МЕНЕН ӨЗГӨРТТҮ"Сербиялык белгилүү теннисчи Новак Жокович 2015-жылдын август айынан тарта ЮНИСЕФтин балдарды коргоо жана наристелердин көйгөйлүү маселелерин чечип берүү максатында кызматка дайындалган. Спорт жылдызы жакында эле #СуперАта долбоорун колдоого аларын билдирип, социалдык тармактагы жеке баракчасына төмөнкүлөрдү жазып чыкты:
– Балдарды тарбиялоо жагымдуу, ошону менен катар оор, маанилүү жумуштардын бири. Жубайым Еленанын кош бойлуу экендигин билгенде келечектеги баламды эч нерседен кем кылбай, коопсуз жана камкордукта өсүшүнө шарт түзүп берем деп өзүмө сөз бергем. Балам бакубатчылыкта жашасын жана келечегине күчтүү пайдубал курсун дейт элем. "Ата" деген статус мени толугу менен өзгөрттү. Уулум Стефан менен болгон мамилем мени бардык наристелердин кыялдарын ишке ашырууга көмөктөшүүмө түрткү болду. Ошол себептен 2007-жылы Новак Жокович атындагы фонд ачып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү наристелерди камкордукка алып, аларды башкаларды урматтоого жана айлана-чөйрөгө кам көрүүгө, өсүп-өнүгүүгө үйрөтө баштаганбыз. Баланын жакшы тарбия алуусу анын руханий чөйрөсүн байытып, таанып-билүүчүлүгүн өстүрөт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, балдар ата-энелери менен тыгыз байланышта болгондо гана психологиялык жактан жакшы өсүшөт жана өзүнө-өзү канааттануу пайда болот. Уулум менен чогуу оюн ойноо, ырдоо, китеп окуу, ар түрдүү аш болумдуу тамак-аш менен камсыз кылуу жана сүйүү менен тарбиялоо Стефандын ар тармактуу болуп өсүшүнө жардам берет. Дүйнөдөгү бардык ата-энелер балдары менен баалуу мүнөттөрүн өткөрүп, аларга татыктуу тарбия бериши керек.
#СуперАта, чамда! Сен үчүн сынак!
Жыл сайын Аталар күнү июнь айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Быйыл бул күн 18-июнга туура келди. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө Аталар күнүнүн урматына эл аралык ЮНИСЕФ уюмунун колдоосу менен #СуперАта акциясы жүрүп жатат. Дүйнөлүк жылдыздар Дэвид Бекхэм, Жерар Пике, Шакира, Хью Жекман, Льюис Хемилтон өңдүү спорт жана шоу-бизнес жылдыздары бул акцияны колдоого алышты.
Бул күндүн урматына "Супер-Инфо" гезити да ЮНИСЕФ менен биргеликте #СуперАта сынагын жарыялайт! Арабызда супер аталар толтура! Алар жумуш, үй-бүлө багуу менен катар балдарынын турмушуна да активдүү катышат. Алар балдарын жуунтушат, тамактандырышат, чогуу ойношот, уктатышат. Дал ошондой супер аталардын балдары менен түшкөн кызыктуу сүрөт-баяндарына сынак жарыялайбыз!
Сүрөттөрдү 16-июнга чейин star@super.kg дарегине же +996 557 75 63 19 WhatsApp номерине жөнөтсөңүздөр болот. Сүрөттөр 16-июнда саат 12:00дө SUPER.KG порталына добуш берүүгө коюлат. Добуш берүү 19-июнь күнү саат 18:00дө токтотулат. Жеңүүчүлөр кызыктуу белектер менен сыйланышат. Аталган иш-чаранын максаты – аталардын балдарды тарбиялоодогу өзгөчө ордун, алардын сүйүүсүн, бала төрөлгөндөн тарта атанын колдоосу зор мааниге ээ экенин белгилөө. Супер аталар, чамдагыла! Супер ата болуу үчүн супер күчкө ээ болуунун кажети жок!
Эскертүү: Сүрөт-баяндар сапаттуу жана кызыктуу болушу шарт!