ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (19-июндан 25-июнга чейин )

Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат



БӨЙӨНДӨР, САЮУЧУ, КЕСҮҮЧҮ ШАЙМАНДАР МЕНЕН ИШТӨӨДӨ АБАЙЛАҢЫЗДАР

Бөйөндөрдө 16-июндан 21-июлга чейин физикалык активдүүлүк күчөйт. Оңойлук менен чарчабай, көп жумуш бүтүрөсүз. Мурда үйдөн такыр чыкпаган салмактуу, жалкоо адам болсоңуз да, бул мезгилде сиз үйдө отурбай каласыз, бардык демилгени өзүңүз көтөрөсүз. Түзүлгөн жагдайлар да сизди активдүү болууга мажбурлайт. Анткени космостон келген энергия сиз аркылуу нурданып чыгышы керек. Бул мезгил көптөн бери топтолуп калган көйгөйлүү маселелерди тез арада чечүү үчүн эң ыңгайлуу. Бирок шашмалыгыңыз да бул учурда күчөп тургандыктан, рулда, жолдо жүргөндө абайлаңыз. Механикалык станоктор, саюучу жана кесүүчү шаймандар менен иштөөдө, курал алып жүрүүдө, жарылуучу жана күйүүчү заттар менен иштөөдө өтө кылдаттык талап кылынат.

КОЙ (21.03-20.04)
Өткөн аптанын кыйынчылыктары артта калууда. Акыркысы шаршемби күнү бүтөт. Андан соң бул апта сиз үчүн ийгиликтерди алып келет. Киреше кирип, жумушта ийгиликтер коштойт. Муну ишке ашырууда жалгыз, сыр катып аракет кылуу сунушталат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Буга чейинки айрым көйгөйлөрдүн уландысы шаршембиге барып аягына чыгат. Негизинен, жума ичи жакшы окуялардын күбөсү болосуз. Аброюңуздун жогорулашына, жеке иштериңиздин бүтүшүнө досторуңуз, кесиптештериңиз жана бөтөн шаардыктар себепкер болот. Аракетти баштаңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бейшембиге чейин өткөн күндөрдөгү жагымсыз окуялар аяктайт. Дүйшөмбүдөн баштап эле жашыруун сүйлөшүү, аракеттердин астында акча жана жумуш маселелерин эң жакшы чечсеңиз болот. Муну ишке ашырууда жетекчиликке кайрылсаңыз, жыйынтыгы жаман болбойт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бейшембиге чейин мурунку көйгөйлөр акырындап басаңдайт. Эң негизгиси, бул жумада сиз жалгыз эмессиз. Досторуңуз, кесиптештериңиз, башка жактарда жашаган санаалаштар менен бирге ийгиликке жетүү, жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Мекемелер, мыйзам, юридикалык жактар менен да жакшы тил табышасыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Бейшембиге чейинки эски кыйынчылыктарды эске албаганда, негизинен, апта сиз үчүн жагымдуу. Ден соолук, жумуш, каржы маселеси ойдогудай болот. Бул нерселерди максималдуу ишке ашыруу үчүн жогорку кызматтагы адамдарга кайрылыңыз. Анткени алар бул учурда сизди жакшы колдоп беришет.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Шаршембиге чейин өткөн жумадан калган көйгөйлөр алагды кылбаса, жалпысынан бул жума сиз үчүн ийгиликтүү өтөт. Башка жактыктар, мыйзам өкүлдөрү менен жакшы сүйлөшүүлөр жүрөт. Балдарыңыздын, жакындарыңыздын ийгилиги кубантат. Жагымдуу эс алуулар орун алат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Көйгөйлөрдүн бүтүшүнө аз калды, сабыр кылыңыз. Негизинен, бул апта үй тиричилик, кыймылсыз мүлк, каржы маселелерин чечүүдө сизге ийгилик алып келет. Үй-бүлө, ата-энеңизге көңүл бурасыз. Ден соолук, жумушуңуз ойдогудай болот. Акча маселелери да жакшы чечилет.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бул жумада өнөктөштүк жана бир туугандар маселеси биринчи орунга чыгат. Жагымдуу сүйлөшүүлөр, сапарга чыгуу күтүлөт. Балдарыңызга, айрыкча түгөйүңүзгө сүйүүңүз күчөйт. Акыркы кездеги тоскоолдуктар шаршембиден тарта токтойт. Апта сиз үчүн жагымдуу болот.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Сизди бул аптада ден соолук, жумушуңузга байланыштуу ийгиликтер күтөт. Кредит жана насыя акчалар боюнча маселелер жакшы чечилет. Үй чарба маселеси жөнгө коюлат. Айтылган нерселерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн кесиптештерден кеңеш сураңыз. Кыйынчылыктар бүтөрүнө аз калды.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул жумада балдарыңызга жана эс алууга байланыштуу нерселер ойдогудай болот. Чыгармачылык иштер үчүн да жаман эмес. Лотерея билетин алып көрүңүз. Кошуна, туугандарыңыз менен жагымдуу сүйлөшүүлөр орун алат. Акыркы кездеги кыйынчылыктар жакшы иштер менен алмашып баштайт.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Апта бою үй-бүлөңүз, ата-энеңиз көңүл борборуңузда болот. Жакындарыңыз көңүлүңүздүн көтөрүлүшүнө өбөлгө түзөт. Акча, киреше кириши күтүлөт. Айрым жабык типтеги ишканалар менен алака кылсаңыз, жыйынтыгы жаман болбойт. Өткөн жуманын көйгөйлөрү шаршембиден тарта токтойт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Сиз бул жумада жолго чыгышыңыз мүмкүн. Унаа маселеси жакшы чечилет. Бир туугандар, кесиптештер, коңшулар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр болот. Жеке иштерди турмушка ашырууда достор жана кесиптештердин жардамына таянганыңыз оң. Кыйынчылыктар бейшембиден тарта токтой баштайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 763, 16-22-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан