HI-TECH NEWS

СПИННЕР – ЖАШТАРДЫ КЫЗЫКТЫРГАН ЖАҢЫ ОЮНЧУК

Акыркы убакта жаштар арасында спиннер деген аталыштагы оюнчук кеңири тарап, аз убакыттын ичинде көпчүлүктү кызыктырууга жетишти. Спиннер – бул эки же андан ашык канатчадан турган, колго ылайыкталган оюнчук. Аны иштетүү үчүн ортосундагы тегеректи эки манжа менен басып, канатчаларды күүгө салса, 1,5-2 мүнөт аралыгында тынымсыз айланат. Спиннерди иштеп чыккандар ал адамдагы кыжырданууну азайтып, ойду топтогонго жана стресстен арылууга жардам берерин айтышат. Бирок психологдор "балдардын спиннерге болгон берилүүсү жашоодогу башка маанилүү нерселерди 2-орунга жылдырып коюусуна түрткү болушу мүмкүн" дешет. Аталган оюнчук мындан 27 жыл мурда ойлоп табылса да, өз убагында кызыкчылык жарата алган эмес. Былтыр декабрда "Forbes" журналында спиннер тууралуу "2017-жылы керек болчу кеңсе оюнчугу" деген макала жарык көргөн. Андан көп өтпөй март айында YouTube’дун колдонуучусу тарабынан спиннер менен кантип ойноо керектиги жөнүндө видео тарап кеткен. Ошентип бул оюнчук миллиондордун көңүл чордонуна чыкты. Спиннер 8 жаштан өткөн балдарга арналган. Аны түрүнө жараша 200дөн 750 сомго чейин сатып алса болот.

ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ ЧОҢ СЫНАЛГЫ САТЫККА ЧЫГАТ

Электрондук техника чыгаруучу "C Seed" компаниясы дүйнөдөгү эң чоң 4К деп аталган сыналгыны тартуулады. Өндүрүүчүлөрдүн расмий сайтында белгиленгендей, анын диагоналы 262 дюйм же 6,65 метрди түзөт. 800 килограммдык салмактагы сыналгынын көлөмү 6,1*2,7 метрге жетип, экранынын көрсөтүүсүнүн сапаты бардык талаптарга жооп берет. Ошондой эле 6 үн чыгаргычы жана экранды коргоочу атайын жабдыктары бар. Компаниянын өкүлдөрү билдиргендей, бул сыналгы ушул жайда сатыкка чыгат. Анын баштапкы баасы 539 миң доллар болору күтүлүүдө.

ЖҮРӨК ООРУЛУУ АЙДООЧУЛАР ҮЧҮН "АКЫЛДУУ" УНАА ЧЫГАРЫЛАТ

"Тойота» компаниясы АКШнын Мичиган университетинин адистери менен биргеликте "акылдуу" унаа чыгарат. Унаанын өзгөчөлүгү – айдоочунун ден соолугу тууралуу маалыматтарды өзүнө камтып, анын саламаттыгын, абалын айтып турат. Айдоочу атайын программага өзүнүн кан басымынын көрсөткүчүн, жүрөк-кан тамырынын иштөөсү сыяктуу маалыматтарды киргизип коёт. "Акылдуу" унаа айдоочунун ден соолугун ар дайым көзөмөлгө алып, инфаркт, жүрөк кармап калуу өңдүү күтүлбөстүктөрдүн алдын алат.
Аталган университеттин өкүлдөрү "Жолдогу кырсыктардын көпчүлүгү айдоочунун ден соолугуна байланыштуу болот. Ошондуктан бул демилгени көтөрдүк. Алгач сурамжылоо иштери жүрүп, ага 7-8 ай убакыт кетет. Андан кийин тиешелүү программаны иштеп чыгуу менен алектенебиз. Бул "акылдуу" авто 2020-жылга даяр болуп калат" дешет.

ИЛОН МАСКТАН ЖАҢЫ ТРАНСПОРТ

«Тesla" компаниясынын мүдүрү Илон Маск дагы бир чоң долбоорун коомчулукка сунуштады. Бул жаңы транспорт үлгүсү "Hyperloop" деп аталат. Маск өзү муну поезд, учак, унаа жана кемеден кийинки транспорттун 5-түрү деп атайт. Hyperloop – атайын таянычтар аркылуу жердин деңгээлинен өйдө жайгашкан түтүк өткөргүч жол аркылуу жүрүүчү транспорт. Ал саатына 480ден 1220 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрө алат.
Аталган долбоорду ишке ашырууну "Hardt Global Mobility" компаниясы колго алган. Алардын чет элдик басылмаларга берген маалыматында, 2019-жылы Париж менен Амстердам шаарларын бириктирген алгачкы Hyperloop жолу даяр болот. Алдын ала айтуулар боюнча, бул транспорт түрүн 4 жылдан кийин биринчи жолу сыноодон өткөрүшөт.

Алтынай Тынышова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 763, 16-22-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан