"Жарамазан, жарамазан айтсак деп, Жабырашып, жабырашып кайтсак деп..."- белгилүү ырчылар менен биргеликте бул жылы да ата салтын улап, учуп-күйүп атактуулардын үйүнө жөнөдүк. Жарамазанчылар "Музаман" тобунун жигиттери, ырчылар Дайыр Исмадияров, Нияз Абдыразаков, Айпери Сыдыкова, актриса Рахат Аксултанова жана комузчу, аккордеончу, шылдыракчы кыргыздын таланттуу жигиттери болушту.
Шаарды шаңга бөлөгөн жарамазанчылар "чү" дегенде эле ырчы Кенже Көбөкованын жаңы сатып алган үйүнө шатыра-шатман кирип барышты. "Ак наныңдан бере кой, айланайын, жеңеке" дегенди уккан ырчы айым күйпөлөктөп нанын көтөрүп чыгып, жарамазанчы жигиттердин кулагына "баалуу кагаз" кыстарды. Анан ал: "Силер менин үйүмө келген алгачкы чыгармачыл коноксуңар. Келериңерди билгенде Нарындан кой сойдуруп алдырмак экенмин, эми койду күзүндө келип жеп кетесиңер",- деп ак дасторконуна аш коюп, ал эле эмес, комузу менен бир шиңгил ырдап да берди. Кетерде Кенже айым уулу Аманды алып келип "Ушул уулума бата берип койгула. Буюрса, эмкиде уулумдун тоюнда келип койдун этин жеп кеткиле" деди эле, жарамазанчы жигиттер "Ай, Кенже эже, күзүндө сойчу коюңузду эптеп нары жылдырып жатасызбы?" деп тамашага салып, андан соң ак батасын беришип, сапарыбыз уланды.
Кенже Көбөкова: "Студент куракта биз дагы жатаканадагы теңтуштар, курсташтар менен жарамазан айтчубуз. Кээде түнкү саат 2ге чейин шаар аралап кетер элек. Силер жаштыгымды эске салдыңар".
Кийинки кезек ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиевага келип жетти. Ырчынын үйү 9-кабатта экен, 1-кабаттан баштап жарамазан айтып чыгышкан жарамазанчыларды ырчы айым так секире бийлеп, күлүп-жайнап тосуп алды. Андан соң үйүнө киргизип, дасторконун жая салды. Жарамазанчылардын арасында орозо кармагандар да бар эле. Ошол жерден Асел айымга сиңдилери атайын Дубайдан берип жиберген курмадан жеп ооз ачышты. "Эртерээк айтсаңар, тамак жасап коёт элем. Шашпасаңар, азыр деле жасай коём" деп Асел айым конок үй менен ашкананын ортосунда жүрдү. "Пейилиңизге ыраазыбыз" деп кеткенге камынып жатсак, үй ээси "Жаз жамгырын" ырдап берди эле, жанатан бери жарамазан айтып жатышкан ырчылар "тахти-тахти-тах-тах" деп аны коштоп калышты. Ырчы айым таланттуу ини-сиңдилери менен чогуу ырдап, сүрөткө түшүп, ак батасын берип узатты.
Асел Турдалиева: "Негизи биздин үйгө биринчи жолу силер жарамазан айтып келдиңер. Кошуналар орустар, таң калып жатышса керек..."
Жарамазанчылар: "9-кабатка чыккыча чарчап, сиздикине жетпей калышчу тура. Кенже эженикинен жегенибиздин баары чыкты".
Жарамазанчылар андан ары сапарыбызды улап, караңгы киргенине карабай тамашоучу Зияш Турдубековдун үйүнө кирип бардык. Тамашоучунун апасы сандыгын ачып, жарамазанчылардын ар бирине калпак кийгизип, жоолугун салып, колдоруна акча карматты. Зияш кумган, кол аарчысын алып чыгып, колго суу куюп, тамакка киргизди. "Уулум ушул үйдө чоңойгон, эми мени келиндүү кылып кубантса жакшы болор эле" деп калды эле, жарамазанчылар: "Келинди алыстан издеп эмне кыласыз? Мына "түндүктүк келин" өзү келип отурат. Жоолукту болсо салып койдуңуз",- деп актриса Рахат Аксултанованы көрсөтүп тамашалап жатышты. Тамашоучу жигиттин апасы "Келинди да өз жолу менен алган жакшы. Зияшымдын да көздөп жүргөнү бардыр" десе, анда жарамазанчылар "Зияш бир кызды арыктата албай күтүп жүрсө керек" деп күлүшүп, суранып отуруп тамашоучуга "Арыктачы" аттуу ырын ырдатышты. Ошентип түн бир оокумда жарамазанчылар шаңдуу маанай менен үйлөрүнө тарашты.
Зияш Турдубеков: "Бир жолу орозо айында Рүстөм деген досум экөөбүз көчөдө жүрүп, ооз ачарга акчабыз жок калыптыр. Анан экөөбүз гамбургер саткан жерге жарамазан айтып, 2 гамбургер бекер жегенбиз".