АЗИЯ КУБОГУНА ТАНДАП АЛУУ ОЮНУ: ИНДИЯ – КЫРГЫЗ 1:0

Кыргыз футболчулары 2019-жылы өтө турган Азия Кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагында 13-июнда Индия менен конокто кез келди. Бангалор шаарында өткөн оюндун жыйынтыгы менен тайпадагы лидер белгилүү болду.

ОЮН АЛДЫНДАГЫ ЖОГОТУУЛАР

Кыргыз футболчулары Азия Кубогунун финалдык баскычына чыгуу үчүн "А" тайпасында Индия, Макао жана Мьянма өлкөлөрү менен күч сынашууда. 1-турдук оюнда мекендештерибиз Макаону 1:0 эсебинде жеңсе, Индия конокто Мьянманы 1:0 эсебинде жеңген. Аталган беттештин жыйынтыгы менен тайпадагы лидер аныкталмак.
Беттеш алдында "Ак шумкар" чоң жоготууларга дуушар болду. Алсак, команда капитаны Азамат Байматов, коргоочу Валерий Кичин жана жарым коргоочу Ислам Шамшиев жаракаттарынан улам оюнга чыга алышкан жок.

ӨЗ ҮЙҮНДӨ ДУБАЛДАР ЖАРДАМ БЕРГЕНДЕ...

Оюндун 3-мүнөтүнө жетпей Антон Землянухин жаракат алып, оюнду уланта албай калды. Анын ордуна Бернхардт чыкты. Алгачкы мүнөттөрдөн тарта биздин футболчулар топко ээлик кылууну колго алды. Жыйынтыгында кооптуу абалдарды биринин артынан бирин жаратып жатышты. Бирок Мурзаевдин, Люкстун жана Мусабековдун соккуларын атаандаштын дарбазачысы тосуп коюп жатты. Индия кези келгенде контр чабуул да жасап жатты. 1-таймда эсеп ачылган жок.
Экинчи бөлүктө да "Ак шумкар" кооптуу абалдарды жаратканы менен, дарбазага таамай боло албай жатышты. Исраиловдун соккусу дарбаза мамысына тийип калды. Өз үйүндө дубалдар жардам берет деген ушул. 69-мүнөттө Индия курамасынын лидери Сунил Четри үч коргоочуну жазгырып өтүп, гол киргизди.
Калган мүнөттөрдө алмашууга чыккан Ахмедов жана Люкс мыкты мүмкүнчүлүктөрдү кетиришти. Оюндун соңунда дарбазачыбыз Матяш дагы чабуулга өткөнү менен, эсепти теңей алышкан жок.

МЬЯНМА БИЗГЕ ЖЕТИП КЕЛДИ

Оюндан соң башкы машыктыруучу Александр Крестинин оюндун тагдырын бир контр чабуул чечип койгонун белгиледи. "Биз гол киргизүү үчүн бардык аракеттерди көрдүк. Кооптуу абалдарды жаратканыбыз менен, дарбазага таамай боло алган жокпуз. Землянухиндин жаракат алып калышы да оюнга чоң таасир берди".
Бул жеңиш менен Индия тайпада 6 упай топтоп, 1-орунга көтөрүлдү. Мьянма Макаону конокто 4:0 эсебинде жеңип, бизге жетип келди. Бул жеңилүүдөн кийин эми жаза басууга болбойт. Эки командада учурда 3төн упай бар. 5-сентябрда өтчү кезектеги оюнда Кыргыз футболчулары дал ушул Мьянманы өлкөбүздө кабыл алат.

 

Адилет Керимбек уулу    
sport@super.kg

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
FCBMESSI
2017-06-19 18:41:03
Жакшылап даярдануу керек
0
roni.07
2017-06-22 15:05:00
Биздин футболчулар жакшы ойноп баратып чечуучу учурга келгенде шансты жок кылышат. Бизге чыныгы легионер чабуулчу керек
+1
Nurik.1100
2017-07-20 17:25:33
Алайдын ойунчусу... Алиа силланы улуттук курамга киргизуу керек...
0
№ 763, 16-22-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан