реклама
Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

АЙШВАРИЯ РАЙ

№224 16-22-февраль, 2007-ж.


Дүйнөнү жагымдуу жамалы, мүчөсү, таланты, даңкы менен тамшантып, Голливуд жылдыздарынын катарында турган индиялык Айшвария Рай келишимдүү модель гана эмес, профессионалдуу актрисалардын бири экенинде кеп жок. Актриса катышкан кинону көргөндөн кийин анын элеси көпкө чейин көз алдыңа тартылып калат. Учурда 34 жаштагы популярдуу актриса кино бийиктиктерин багынтууну улантууда.

МОДЕЛЬ БОЛУУ

Айшвария Рай 1973-жылы 1-ноябрда Индиянын Мангалор шаарында төрөлгөн. Атасы Кришная Рай – деңиз флотунун офицери, апасы – Вринды Рай жазуучу. Айшвариянын ата-энеси өздөрү турган шаарда абройлуу, интеллигент адамдардын катарына кирет. Ошондон улам кызы Айшварияга жана агасы Адитией Ашга жакшы тарбия, жогорку билим берүүнү көздөшкөн. Айшвария мекенинде Эш деген ысым менен таанымал. Болочок киножылдыз өспүрүм кезинде эле сулуулугу менен көпчүлүктүн назарын бурдуруп келген. Өзгөчө өзү жашаган аймактын балдары Айшвариянын аркасынан ээрчип алышып, анын көңүлүн бурдурууга аракет кылышчу. Окуучу кезинде Айшвария врач болууну тилек кылчу. Бирок, “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей, ою ишке ашкан эмес. Ошентип, ата-энесинин каалоосу менен ал Бомбейдеги колледждин архитектура бөлүмүнө тапшырат. Окуусу менен кошо башка тилдерди өздөштүрүүгө аракет кылып, чоң кызыгуунун аркасында беш тилди үйрөнүүгө жетишет. Колледждеги кыздардын арасынан табият тартуулаган сулуулугу менен өзгөчөлөнүп турса да, өзү менен катарлаш кыздарга окшоп модель болуу үчүн кастингдерге катышкан эмес. Болгону, көздүн жоосун алган келишимдүү, келбеттүү жөнөкөй индия кызын моделдик агенствонун өкүлдөрү байкап калышат да, модель болуу сунушун киргизишет. Балдарын катуу тартипте кармаган ата-эне эмнегедир кызынын моделдик карьераны аркалоосуна каршы чыкпайт да, Эш модельдикке макулдугун берет. Аз убакыттын ичинде эле “Пепси”, “Кока-Кола”, “Лореал” өң­дүү фирмалардын рекламалык роликтерине тартылып, Айшвария модель катары тааныла баштайт. Кө­гүш көз­дүү индия моделине көзү түшкөн­дөр­дүн саны да көбөйөт. Ош­ен­тип, Айшварияга ийгиликтин эшиги ачылат.

ДҮЙНӨЛҮК СУЛУУ

Айшвария 21 жашында, тагыраак айтканда, 1994-жылы “Индия Сулуусу” конкурсунун жеңүү­чүсү болуп табылат. Ошол эле жылы Индия кыздарынан айырмаланган сымбаттуулугу менен ал “Дүйнөлүк сулуу” наамына ээ болот. “Дүйнөлүк сулуу” болуп индия кызы табылганы көпчүлүктү таң калтырат. Ошентип, өзгөчө сулуулугу менен Айшвария Рай түркүн элден келген сулуу кыздардан бөлүнүп чыгууга жетишет. Дал ошол конкурсту өткөргөн Ричард Стеинметс деген киши дүйнөлүк сулуу айымды колдон чыгарбоо максатында анын колун сурайт. Бирок, жаңы гана жылдызы жанып келаткан Айшвария турмушка чыгуу жөнүндө ойлобой, карьераны биринчи орунга коюп, сунуштан баш тартат. Эми Айшварияга модельдик агенстволордон гана эмес, белгилүү индия кинорежиссёрлорунан да киного тартылуу сунуштары түшө баштайт. Кино тармагында да өзүн сынап көрүү үчүн Айшвария киного тартылууну чечет.

ИЙГИЛИКСИЗ ТАРТЫЛГАН КИНО

1997-жылы Айшвария алгач тартылган “Ирувар” деген кино ийгиликсиз тартылгандыктан, сынчылардын арасында сын-пикирди, талашты жараткан. Ролду ачып бере албагандыгына байланыштуу сынчылар: “Модель актриса болуп роль жарата албайт” деген чечимге келишкен. Бирок, продюсерлер, режиссёрлор: “Мындай сулуулук жөн гана көмүскөдө калуусу мүмкүн эмес” дешип, Айшварияга дагы бир мүмкүнчүлүк беришет. Кандай гана аракет менен роль жаратпасын, жаш актрисанын шагын сынчылар кайра эле сындырганга аракет кылышат. Бул намысына катуу тийгенби же жакшы даярдык көргөнбү “Навеки твоя” деген кинодо сүйүүнүн азабын тарткан байкуш кыздын ролун ийине жеткире аткарат. Ошентип, Айшвария модель дагы, актриса дагы боло алаарын далилдейт. Аталган кинодо “Мыкты аялзаттын образы” деген номинацияга татыктуу болот. 2001-жылы “Любовь в награду” деген кинодо жараткан ролу үчүн “Мыкты актриса” деп табылат. 2002-жылы Айшвария тартылган “Девдас” деген кино эң ийгиликүү тартылган фильм деп табылып, сатылуу жагынан Индияда гана эмес, АКШда да рекорд коёт. Мындан тышкары, актриса Шакрук Хан, Салман Хан өңдүү индиянын белгилүү актёрлору менен бир нече киного чогуу тартылат. Өзгөчө Салман Хан менен бирге тартылган киносу ийгилик алып келет. Журналисттер Салман Хан менен Айшвария Райды “индия киносундагы жарашыктуу түгөйлөр” деп атоого дейре жетишет. Ушул эле кино “Мыкты кино”, “Мыкты режиссёр”, “Мыкты актриса”, “Мыкты музыка” деген наамдарга татыган.

БОЛЛИВУД ЖЫЛДЫЗЫ ГОЛЛИВУДДА

Индиядагы ири киноборбор “Болливуд” деп аталып келет. Бул киноборбор Бомбейде жайгашкандыктан, индиялыктар “Бомбей” жана “Голливуд” деген сөздөрдөн улам “Болливуд” деп атап алышкан. Ошондон улам индия киножылдыздары “Болливуд жылдыздары” деп аталышаары айтпасак да белгилүү болсо керек. Мыкты ролдорду жараткандан кийин Болливуд актрисасы Айшварияга америкалык режиссёрлор да көз арта башташат. 2004-жылы Лондондогу белгилүү режиссёр Гуриндер Чадха актрисага роль сунуштайт. Бул актрисанын тилеги эле. Анткени, Голливудду багынтуу анын максаттарынын бири болуп келген. Ошентип, Айшвария биринчи жолу англис тилинде Улуу Британия жана АКШ биргелешип тарткан “Любовь и предрассудки” деген кинодо роль жаратат. Аталган фильмден кийин актрисаны “Hello Magazine`s” аттуу журнал дүйнө жүзүндөгү жагымдуу жүздүү аялдардын катарына кошот. Мындан тышкары, популярдуу америкалык журналдардын беттеринен актрисанын сүрөттөрү орун алат. Ошондой эле Голливуд сулуусу Жулия Робертс Айшварияны “дүйнөдөгү эң сулуу айым” деп атайт. Мындан тышкары, Айшвария америкалык телеканалдардан чыга баштайт.
Белгилүү актёр Майкл Дуглас да Айшвария менен киного тартылууну каалаганын айткан. Француз режиссёру Колин Серо өзүнүн “Хаос” деген тасмасына тартылууга чакырган. Учурда Айшвария Голливуддун кымбат актрисаларынын катарына кирет. Анын бир киного тартылган гонорарынын суммасы болжол менен 15 миллион долларды түзөт. Актрисанын катышкан кинолорунун саны 40ка чамалайт.

СҮЙҮҮДӨН ЖАҢЫЛУУ

Көпчүлүк кыздардын сүймөнчүгү болуп келген индия актёру Салман Хан Айшвария Райдын жүрөгүн багынтууга жетишет. Экөөнүн ортосундагы мамиле “Навеки твоя” деген киного чогуу тартылгандан кийин күч алган. Алгач эки жылдыз жашыруун жолугушуп жүрүшкөн. Бирок, кийинчерээк ачыкка чыгышкан. Эки киножылдызын эл кош жылдыз катары санай баштаган. Эң өкүнүчтүүсү, дүйнөлүк сулуу айым сүйүүдөн жаңылганын ал учурда сезген эмес. Салмандын кызганчаак экенин Эш кийин гана билет. Кызганычтан улам экөөнүн ортосунда келишпестиктер чыккан. Баарынан Айшвариянын ата-энесинин “кызыбызды Салманга бербейбиз” дегени актёрдун кыжырын келтирип, ал сүйгөнүн сабап салат. Ошондон кийин актриса ал менен түзгөн келишимдеринен баш тартат. Буга ого бетер кыжырланган Салман анын машинасын талкалап, өзүн “өлтүрөм” деп коркуткан. Жүрөгү түшкөн актриса милицияга кайрылган. Ошентип, сотто расмий түрдө “Салман Айшварияга жакын жолобосун” деген чечим чыгарылган. Турмуштун чоң сыноосун башынан өткөргөндөн кийин Айшвария өзүн толугу менен киного арнаган.

БАКЫТКА КЕЗИГҮҮ

Дүйнөлүк сулуу учурда чындап сүйүүгө жолуккандыгы байкалат. Анткени, Айшвария Рай жакында Абхишек Баччан деген актёрго турмушка чыкканы жатканы маалым болду. Үйлөнүү тою тууралуу сүйүшкөн­дөр­дүн ата-энелери жолугушуп, актрисанын резиденциясында сүй­лөшүшкөн. Актрисанын болочок жолдошунун атасы Амитабх Баччан учурунда Болливуддун популярдуу жылдызы болгон. Ал эми Абхишек бир топ индия кинолорунда роль жаратып келет. Өткөн жылы британиялык бир басылма Абхишек Баччанды “Азиянын эң сексуалдуу эркеги” деп атаган. Эки атактуу киножылдыздарынын үйлөнүү тою качан болоору так белгилене элек.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: