Гүлжайна Атаканова, куудул, алып баруучу: "КҮЙӨӨМ БАШКАГА ҮЙЛӨНӨМ ДЕП ҮЙДӨН ЧЫГЫП КЕТТИ"

– Кандайсың, Жайна? Интервьюга чакырсам, "кайсы калпымды айтып берейин?" дедиң, калпычылык жайың барбы?
– Айрым чыгармачыл адамдардын жашоосун жакындан билем, ошол эле учурда берген интервьюларын да угуп, окуп жүрөм. Чынында, айрымдар чындыкты көп айтышпайт. Ошондон улам тамаша иретинде айттым. Мен жашоодо алдабайм, жалаң алданам. Өтө ишенчээкмин. Кээде "адамдар ушунчалык дагы алдамчы болушабы? Болду, эч кимге ишенбейм" дейм, кайра эле ишенип калам. Ишенчээктигимдин айынан жашоодо көп күйдүм, запкы тарттым. "Кел мындай кылалы, мынча акча керек" деп менин акчамды алып, алдап койгондор да болгон. Алар иштин жыйынтыгын билип туруп эле менден акча ала бергенине күйгөм. Бирок кек сактабайм. Эң башкысы Кудай кемитпесин дейм.

– "Айылга үй салып жатам, шаардан да үй алдым" деп жаттың эле, каражат булагың чыгармачылыкпы?
– Мен ушул убакка чейин тамадалык кылып же куудулдар менен гастролго чыгып, бир гана чыгармачылык менен акча тапчумун. Чыгармачылык менен алпурушканыма 10 жыл болсо, анын 5 жылында бир тыйын маяна албай эле курсагымдын тойгонуна сүйүнүп жүрдүм. Устатым Рахман Разыков "сен акча үчүн эмес, атың үчүн иште. Акчанын артынан чуркасаң эч ким болбой каласың" деген эле. Эсимде, Бишкекте жүргөнүмдө "Ошто концерт бар эле, келе аласыңбы?" дегенде колумдагы телефонумду сатып, жол кире кылып кетип калган күндөрүм болгон. Жан дүйнөм ушунчалык эңсеп жүрүп чыгармачылыкка аралаштым. Жолдошум менен ажырашып, анан чыгармачылыкка кеткем. Ата-энем "сахна үчүн үй-бүлөңдү буздуң. Келбе үйгө" дешкен. 1 жылдан кийин Ошто концерт бергенбиз. Апам ооруп Ошто жүргөн эле, концертибизге катышып калды. Элдин мага кол чабуусун, "азамат" деп сүрөп кыйкыргандарын угуп ыйлаган. Ошондон кийин мени колдоп калды. Атым чыга баштагандан бери концерт алып барамбы, тойбу, "канча төлөйсүң?" деп алдын ала сүйлөшөм. 1 ай мурун кийим тигүүчү цех ачкам, бизнес жаатында да өзүмдү сынап көрөйүн дедим. Цех иштетүүчү жайды ижарага алдым, кийим тигүүчү машиналарды сатып алдык, майда-чүйдөсү болуп отуруп 700 миң сомдой кетти. Кечээ иштегендерге маяна тараттым. Оо-уу, ал да бир укмуш нерсе экен. "Мен мынча топчу таккам, мен мынчаны тиккем" деп ызылдашты. Бирок мага жакты.

– Рахман Разыковдун колунда жалаң жигиттер тарбияланды, учурунда аларды сен жалгыз ээрчип жүрсөң ыңгайсыздык жараткан жок беле?
– Аны азыр ойлонуп жатам. Ал кезде чыгармачылыктагы эргүүм өтө күчтүү болгондуктан ким менен жүргөнүмдү деле ойлонгон эмесмин. Мен азыркыга чейин караңгыдан корком. Ошондуктан гастролдо балдардын жанына эле бир бөлмөгө жатып алчумун. "Кунажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт" деген чын экен. "Беш тапандын" жигиттери чыгармачылыктагы бир туугандарым.

– "Салам, Кыргызстан" телекөрсөтүүсүн кандайча алып барып калгансың?
– Көрсөтүүнүн жетекчилиги Назира Жетигенова менен Айнура (ред.: Сакиш) эжени алып барышса деп ойлошуптур. Назира эже "Айнура эже менден улуу. Мен Гүлжайна менен жакшы өнөктөш болом" деп айтыптыр. Долбоордун жетекчиси Канат Култаев интернеттен мен ойногон сатираларды көрүп жактырыптыр. Ошентип алып барып калгам.

– Сахнадан эч нерседен тартынбаган аялдай көрүнөсүң, негизи уяласыңбы?
– Мен өзүмдү жашоодо сахнадагы образыма окшоштура албайм. Улуулардын же агайларымдын алдында ийменип турам, ашыкча сөз сүйлөбөйм. Мени эл "эч нерсени байкабаган айбан болуш керек" деп ойлошот. Мен психологмун. Маектешим мен жөнүндө эмне деп ойлоп жатканын билсем дагы билмексен болуп, "ий, бул дардаңбай" деген ойдо калсын деп коём.

– Жашооңдо көбүрөөк жашыл жарык жанабы же кызылбы?
– Өзүмдү күчтүү аялмын, бүт нерсеге өз күчүм менен жетем деп ойлочумун. Көрсө, аял өзүнө ишенип "мен кылам" дегени туура эмес экен. Ушул убакка чейин "мен үй салышым керек, баарын мен кылам" деп жашагам. Чындыгында аял эркектин жанында баары бир алсыз экен. Аял өзүнөн күчтүү эркекти көргөндө бул нерсени сөзсүз сезет. Жашоодо алсыз эркектер көп. Алардын жанында күчтүү аялдар да көп. Кызыл жанып, жашыл таптакыр күйбөй койгон да учур болот. Кызыл жеке жашоомдо көп күйдү. Ажырашуу укмуштуудай жаман нерсе экен. Ошондон улам жыландын да ийини бузулбасын дейм. Ажырашуудан азыркыга чейин запкы жеп келем. Ыйлаакмын, жан дүйнөм ооруганда дароо бышактап ыйлай баштайм же машинамды айдап алыстарга жөнөп кетем. Бирок мындай абалымды ата-энеме, бир туугандарыма билдирбегенге аракет кылам. Бирок алар баары бир билип коюшат. Анткени андай учурда "ата-апа, мен силерди жакшы көрөм. Силер менин бейишимсиңер. Силерсиз мен эч качан ийгилик жаратпайм. Менин туура эмес кылгандарымды кечиргиле. Мен үчүн дуба кылгыла" деген сыяктуу СМСтерди жазып, ыйлай баштайм. Алар "эмне болду?" деп телефон чалышса, "ата-энеге дайыма ушундай мамиле кылыш керек" деп коём.

– Жолдошуң менен да таарынышып кеткен экенсиң...
– Бул менин экинчи турмушум эле. Жолдошум менден 6 жаш кичүү болчу. Таарынышып кеткенибизге 1 жылдай болду. 1 жыл мага өтө көп сыноо берди. Күйөөмдү эч качан мындай кадамга барат деп ойлогон эмесмин. Ал мени сүйөт дечүмүн. Ортобузду бир аз суук шамал аралады. Анан үйдөн чыгып кетти. Азыр "мен туура эмес кылыптырмын, сендейди жолуктура албайт экенмин, кайра жарашалы" деп жатат. "Башкага үйлөнөм дедиң беле, үйлөнүп көр" дедим. "Эгер менден жакшысын тапсаң, сага бир гана бакыт каалайм" деп жатам.

– Кызың жаныңдабы?
– Ооба, жанымда. Кызым жакшы окуйт. Кызым менен сыймыктанам. Ага "мени уят кылба" деп гана коём. 5-класс болсо дагы чоң кишидей ойлонот.

– Чыгармачылыкта кандай пландар бар?
– Жыл жаңырар алдында чыгармачылыкта жүргөнүмдүн 10 жылдыгын белгилеп, отчёттук концертимди берейин деп турам. "Укмуш өзгөчө болот, элдин "крышасын" жылдырып жиберем" деп айтпайм. Бирок жаңы сатиралар, жаңы формалар менен элдин маанайын көтөрсөм деген максаттарым бар. Андан сырткары жаңы таланттарыма эл күбө боло алышат. Мындан 5-6 жыл мурун Рахман агай мени өзү ачкан "5 абышка, 5 кемпир" куудулдар тобу менен өзүнчө бөлүп, "сенин колуңдан келет, ушул топту сен жетекте" деген. Ден соолугума байланыштуу ооруканада 2 ай жатып калдым. Ошондо балдар "биз артисттер менен гастролго чыга берелиби?" дешти, макул болдум. Ооруканадан чыгып эле кайра ооруп калдым. Жакшы болгондон кийин топту чогултканга аракет кылган жокмун. Анткени ага каражат керек экен, анын үстүнө бир аз жаштык кылдым. Эми ошол топту кайра ачсамбы деген изги тилектерим бар. Алдыдагы концертимде ошол топтун дагы тушоосун кессемби деп жатам.

– Рахмат маегиңе.

"Агам "тамак жасап жатсаң, жүрөгүңдү столдун четине коюп анан жаса" деп көп айтат. Агам айтмакчы, ашканада жүрөгү менен берилген кожойкемин".


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Г. Атаканова: “Жолдошум үйлөнөм деп кеткен, үйлөнүп көр дедим”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
Snejana
2017-06-27 23:29:58
Ото эле аша чаап кетет да, далактап.
+2
sabyr86
2017-06-28 00:39:47
Кайсы калпымды айтып берейин дегени,өткөндө кечки бишкеке келгенде эле күйөөм укмуш деп аткан да,көрсө көп эле болуптур анысынын кеткенине.калп айтпайм деп койот кайрв))
+2
Sagidko88
2017-06-28 11:17:36
Жагат ушул эже
+2
admin_superstan
2017-06-28 12:47:58
aruuke9292, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
alben
2017-06-28 14:43:19
Эжекем акыркы кундору болушунча ачылып кеттинизгоо?!! Чыгармачылык ийгилик каалайм!!!
+2
jumaev0084
2017-06-28 21:26:23
Шайыр шанкылдаган эже жагат мага
0
ayjan_90
2017-06-29 00:03:15
Койнок эмес же халат эмес го жоолук салынып койнок кийип айылдык келиндин образында суротко тушпоптур соонун чыкмак
0
ayjan_90
2017-06-29 00:04:20
Уч торт ай да боло элек бир маегинде аябай мактанды элего мага кудай бакытты кош колдоп берген аябай бактылуумун деп чыкан болчу
0
Aiza-91
2017-06-29 03:39:00
Гулжайна Атаканова катышкан кинолорду жакшы кором. Берилген рольду образ менен берилип алып аткарат. Актрисалык кесип алса ийгиликтери коп деп ойлойм.
+1
aiman1983
2017-06-30 11:13:48
Баягы тундук туштук сатирасын уйдо ойносо куйоосу артын карабай качты да.
0
Shahrizaada
2017-06-30 18:34:37
Бир жылдап гастролдорго кетсеңер кетет да эр деген. Тентиген катындан ким кетпейт. Назира эжени мейли бойдок. Дайыр Исмадияров экөөнө не жок, бирөөн жаңы үй-бүлө куруп, бирөөн уйбулон бар туруп, гастролдоп үй бетин көрбөй жүрсөңөр анан.Учоонун контракт м-н гастролго чыгып жүрүшкөндөрун айтып жатам. экөөңдүн тең турмушуң бузулуп,кимге пайда болду,кимге зыян? Көп шоу бизнестегилер жалган айтат дейсиз, өткөндө сизда калп айткан экенсиз да. Мени күйөөсүн башкарат дебегиле, күйөөмө баш ийген аялмын,к
+3
Shahrizaada
2017-06-30 18:44:06
Элди жинди кыласыңар алдап, ой тим эле шумдук жашообуз керемет,жомок, романтика м-н жашайбыз деп.Анан эле артынан ачылып чыга келесиңер.Бир эле Гулжайна эмес, негизиле ырчы-чоорчулар. Карап турсаң жашоосу озунчоле индийский кино, романтикага батып эле отура беришет оокат кылбай. 1001 Роза кучактап, же үйүнө шам жагып алып.)) Ажыраша келгенде Санта-барбара башталат сандан-санга сөз кубалап, биринин артын,бири ачып.
+2
gulaza
2017-07-01 02:02:01
Ийгилик озумун эжекем да жене кылсанар прокатка алып эч окунбойсунор созду тытып тащтайтда эжем бар болунуз бактылуу болунуз
-1
domi
2017-07-10 23:09:10
фу вообще культурасы жок. дагы оштуктарды жамандап коет. Ош сен учун жабык ойлонуп суйлосон
0
Raiyan-95
2017-07-11 01:34:41
Азаматсыз!Эч качан жашоонун сыноолоруна сынбаңыз.Жакшы күндөр алдыда.Аллахым кызыңыздын бактысын көрүүгө насип кылсын.(ушул аял жагат да)
0
AKCAHAT
2017-08-01 21:50:06
Ашыкча эле ойду келди, алактаган шалактаган аял. Суйлоо манерасы жакпайт
0
№ 764, 23-29-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан