Өлкөбүздө эки же андан көп аял алууну мыйзамдаштыруу маселеси кайрадан көтөрүлүп, коомчулукту дагы бир ирет толкутту. Аял-эркек укугунан тышкары диний көз карашын билдиргендер жана мыйзамга таянгандар өз ойлорун айтышып, бири колдосо, экинчилери каршы чыгышты.
"ЖАРАНДЫК НИКЕГЕ УРУКСАТ ДА, МУСУЛМАНЧА НИКЕ КЫЙДЫРСАҢ КЫЛМЫШКЕР БОЛУП КАЛАСЫҢ"
Диний аалымдар шариат мыйзамдарына таянып, эки, үч же төрт аял алууга ислам дини уруксат берерин, бирок милдеттендирбегенин айтып келишет. Мусулманчылыкта эгер эркек өзүнүн адилеттүүлүгүнө ишенсе, физикалык жана финансылык жактан күчтүү болсо, чама-чаркына карап үйлөнө берсе болот деп айтылат. Бул жөнүндө дин өкүлү Өзүбек Чотонов: – Ар бир кыз үй-бүлөлүү болуп, бала жытын жыттап, күйөөсү менен жакшы жашоо сүргүсү келет. Мыйзам кабыл алынса, баарына жакшы болмок. Үйлөнчү эркектердин аздыгы бойдок кыздардын башка улуттун жигитине турмушка чыгуусуна, ойношчулук жана ушул өңдүү терс жолдорго баруусуна түрткү болот. Аялынын ден соолугуна байланыштуу иш кылганга же төрөгөнгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, мындай маселени тукум уланткысы келген эркек ажырашуу жолу менен гана чечкенге туура келип калат. Бул адамгерчиликке жатпайт. Мусулманчылыкта мүмкүнчүлүгү чектелген аялды кетирбей туруп, башканы алган туура деп айтылган. Эмнеге бизде жарандык никеде жашап, бала-чакалуу болсоң уруксат да, эки нике кыйдырсаң эле кылмышкер болуп каласың? Бир нече аялдуу эркек бир нече балалуу энедей болуш керек. Эне балдарына тегиз карап, баарын бирдей сүйгөндөй эле эркек да ар бир аялына аяр мамиле кылып, боорукер жана мээримдүү болушу керек.
"БАЙБИЧЕЛЕР ЭЛГЕ УЯТ БОЛБОЮН ДЕП УНЧУГУШПАЙТ"
Өлкөбүздө эки аял алуу кылмыш болуп саналат. Кылмыш жана жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, көп аял алган адамды эки жылга дейре эркинен ажыратуу каралган. Буга чейин бул жазага эч ким тартылган эмес. "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова кош никелүүлүктөн жабыркап кайрылгандардын көпчүлүгү биринчи аялдар (байбичелер) дейт. – Бизге бул маселе боюнча жашы 40-50нүн айланасындагы байбичелер көп кайрылышат. Алар күйөөлөрүнүн бир никеси бар туруп жаңы аял алышканын, андайга нааразычылыгын билдирсе, ур-токмокко кабылганын айтып даттанышат. Арыз жазгылары келет, бирок "эл эмне дейт? Бойго жеткен балдар турат, кой, уят" деп өздөрүн тыйып, артка чегинишет да, ошондой шартка айласыз макул болуп жашай беришет. Эгер көп аялдуулукка уруксат берип койсо, көңүл буруунун же финансылык колдоонун аздыгына нааразы байбичелердин саны арбып, коомдо башаламандык жаралат. Жаш кыздар колунда барларга тийип кетет да, акчасы азыраак жигиттер үйлөнбөй калышат. Ошентип педофилия, зордуктоо сыяктуу кылмыштар көбөйөт.
Тарыхта байбиче жана токол деген болгон. Алардын биринин орду өйдөрөөк, бириники ылдыйыраак болуп, ортолорунда пикир келишпестиктер, араздашуулар жана атаандаштык болуп келген. Ал тургай балдары атасы каза тапканда мурас бөлүшө албай, бир туугандар касташкан учурлар көп эле кездешкен. Бул боюнча уруксат берилип калса, алдыга жылбай эле, ошол заманга кайткан болуп калабыз. Андан көрө үй-бүлөдөгү баланын, ата-эненин ордун, каада-салт, улут баалуулуктары жөнүндө сүйлөсөк жакшы болмок.
"КӨП АЯЛ АЛУУДАН БАШКА ДЕЛЕ КӨЙГӨЙҮБҮЗ КӨП"
Коомдук активист Мавлян Аскарбеков көп аял алууну мааниси жок маселе деп эсептейт. – Тилекке каршы, ушундай түшүнүксүз жана маанисиз маселелер бийлик жана бийликке жардам берген тараптардан көтөрүлүп, эл арасында талкууга алынып жатат. Бүгүнкү күнү биз көп аял алууну эмес, мамлекетибиздин экономикасы кыйрап, 1,5 миллион элибиз айла жоктон чет жактарга акча табуу үчүн кетип, күн сайын сырттан мекендештерибиздин өлүгү келип жатканын талкуулай турган күндөбүз. Ал эми мыйзамдарды ууруларга, коррупционерлерге каршы чыгарып, аларга катуу чара көрүүнү ойлонушубуз керек. Бийлик ушундай олуттуу көйгөйлөрдөн элдин көңүлүн башкага буруу үчүн көп аялдуулук сыяктуу болбогон маселелердин талкууланышына жол берип жатат.
"ЭКИНЧИ АЯЛ БОЛУУГА МАКУЛМУН"
Адатта экинчи аялдар (токол) байбичеден жашыраак болгондуктан коомдун "азгырды, башын айлантты, үй-бүлөнү бузду" деген сыяктуу сынына кабылышат. Ушундан улам эл арасында экинчи жубай болуу уят деген стереотип калыптанып калгандай. Алардын айрымдары аялзатынын табиятында болгон өзүмчүлдүк менен кызганчаактыкка алдырып "күйөөмдү башка менен бөлүшкүм келбейт" дешсе, бойдок кыз-келиндердин кайсы бир бөлүгү бирөөнүн күйөөсүнө көз артып же тартып алганга караганда ошол үй-бүлөлүү эркек менен экинчи, үчүнчү же төртүнчү аял катары никелешип алганды туура эле көрүшөт.
Шаарыбыздын тургуну Айжамал Адырова кош никелүүлүктү колдойт жана "сүйүктүү адамымдын канчанчы аялы болгонум маанилүү эмес" дейт. – Көп никелүүлүккө уруксат берген мыйзам кабыл алынса да, алынбаса да сүйүктүү адамыма экинчи эмес, бешинчи аял болуп тийүүгө деле макулмун. Мен үчүн жактырган адам менен бирге өмүр сүрүү, ал адамдан балалуу болуу баарынан маанилүү. Ал эми эки же андан ашык аял алууга уруксат берген мыйзам жакында кабыл алынарына көзүм жетпейт. Бирок келечекте бул маселе кайра каралып, оң тарабына чечилерине ишенем. Азырынча жараткандын өкүмүнө каршы чыкпастан, каалоочуларга молдолор нике кыя берсин деген уруксат болсо деле чоң жеңиш болмок.
Азиза Адиева, ырчы: «ЭЧ БИР АЯЛ КҮЙӨӨСҮН БАШКА МЕНЕН БӨЛҮШКҮСҮ КЕЛБЕЙТ»– Көп аял темасы аягы жок, бир же эки муун талашып-тартышып чечип койчу маселе эмес. Буга мыйзам жол берген күндө да маселе чечилбейт. Тескерисинче татаалдашат. Бул менин же башка 2-3 аялы бар мырзалардын эле тагдыры эмес, бүтүндөй улуттун, мамлекеттин тагдыры. Тагдырыбызды президент же башка бир мамлекеттик жетекчи да чече албайт. Анткени ким болбосун, анын жашоого көз карашы, ой-туюму бар, ал өзү гана чече алат. Бул ар бир инсандын басып өткөн жолунда, адамдык тарыхында чоң тамга менен жазылып калчу, адамдын ар бир мүнөтүнө, күнүнө таасир эте турган жагдай. Мен көп аял алууну мыйзамдаштырууга каршымын. Эч бир аял күйөөсүн башка менен бөлүшкүсү келбейт. Мындай талкууну колдогондордун көбү эркектер болсо керек. Эркектер өздөрүн аялынын ордуна коюп, анын 2-3 күйөө менен жашап жатканын элестетип көрүшсүнчү, анан түшүнүшөт.
БАШКА ӨЛКӨЛӨРДӨ АБАЛ КАНДАЙ?
Көп аял алуу ислам динин тутунган бир нече мамлекеттерде мыйзамдаштырылган. Алсак, Египеттеги никелердин 5 пайызы көп аялдуулукка берилген уруксатты колдонот. Калгандары өлкөдөгү каржы каатчылыгы жана жумушсуздуктун айынан бирден ашык аялды камсыздай алышпайт. Конго Республикасында көп аял алууга уруксат берилгени менен биринчи аялдын расмий уруксаты жок башкага үйлөнө албайт деген мыйзам иштейт. Ал эми коңшу Өзбекстан мамлекетинин президенти Шавкат Мирзиёев жакында эле эки же андан ашык аял алчуларга нике кыйган молдолор мыйзам алдында жазаланарын айтып, ушундай жол менен көп аял алууну бара-бара жок кыларын билдирди.
Бул тема кыргыз коомчулугунда маал-маалы менен көтөрүлүп, калктын прогрессивдүү ой-жүгүрткөн катмары тарабынан катуу сынга алынып, аягы узарып барып токтойт. Бул жолку талкууну деле дал ошондой тагдыр күтөрү түшүнүктүү. Бирок маселенин экинчи тарабы дагы бар. Өлкөнү башкаруучулар чечпей келе жаткан калктын социалдык маселелери минтип акырындап отуруп динчилдердин колуна өтүп кетип жатат. Алар коомдогу үй-бүлө институтунда ырбап турган маселени, кыз-келиндердин укугунун корголуусун өз жолдору, сунуштары аркылуу чечүүгө аракет кылышууда. Мамлекетти башкарууга динди аралаштырбаган өлкө социалдык маселелерин дагы динди аралаштырбай чечүүсү шарт. Бул өңдүү коомдон кагылган коңгуроолорго тийиштүү мекемелер маани берүүсү зарыл.
Алтынай Тынышова,
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg