Кабак – ашкабак менен патиссондун "бир тууганы". Тажрыйбалуу дыйкан анын 1 түбүнөн 8-10 даана түшүм ала алат. Эгер бул жылы бакчаңызга бул жашылчаны тиксеңиз, анда бул рецепттер сиз үчүн. Кабакты кууруп, дымдап, кактап, ал тургай чийки жегенге да болот.
КАБАК КЕКСИ
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
Кабакты жууп, сүргүчтөн өткөрүп, туздан себелеп 5 мүнөттөй тыныктырабыз.
Сарымсак, укроп, помидорду майда туурап, кабактын үстүнө салабыз. Буга каймакты, жумуртканы, унду, кумшекерди жана көбүрткүчтү кошуп жакшылап аралаштырабыз.
Даяр болгон камырды кекстин калыбына салып, 180 градуста ысып турган электр мешине 20-30 мүнөт бышырып алабыз. Кекс муздаган соң даамына келет.
Кеңеш Кабактын өлчөмүн азайтып, анын ордуна пияз кошсоңуз болот. Мындан сырткары курамына ветчина, сыр кошуу кекстин даамын арттырат.
КАБАК ТАЯКЧАЛАРЫ
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
Кабактарды жууп, ар бирин 8 бөлүккө узунунан бөлөбүз. Эгер кабак чоң болсо 10-12 бөлүккө бөлүңүз. Кесимдердин үстүнө зайтун майынан куюп аралаштырабыз.
Кургатылган чөптөрдү, туз, мурч, пармезанды (үбөлөнгөн даярын же сүргүчтөн өткөрүлгөнүн), майда тууралган сарымсакты идишке салып аралаштырабыз да, ага кабактын кесимдерин оонатабыз. Андан соң аларды пергамент кагазы төшөлгөн табага тизебиз.
Эми буларды 180 градуста ысып турган электр мешинде 10-12 мүнөт кызарганча бышырып алабыз. Дасторконго коёрдо үстүнө майда тууралган ашкөктү себелеп, жанына каймак же айран кошуп берүүгө болот.
РАТАТУЙ
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
Помидор, пияз, кабак, баклажандын калыңдыгын 0,7-1 сантиметр кылып тегерек, сырды төрт бурчтук формада кесебиз.
Көмөч казанды майлап, ага помидор, пияз, кабак, баклажанды кезектештирип тизип чыгабыз.
Үстүнө майда тууралган сарымсакты, райканды себелейбиз.
Помидордун ширесине туз, мурч салып, кабактын үстүнө куябыз да, 200 градуста ысып турган электр мешине 20 мүнөт бышырабыз.
Үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды себелеп, кайра 2-3 мүнөткө электр мешине салабыз. Тамагыбыз даяр.
КУУРУЛГАН КАБАК
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
Макаронду туздуу сууга бышырып, сүзүп чыгарып коёбуз.
Кабак, пияз, сабиз, помидорду төрт бурчтук формасында, сарымсакты майда туурайбыз.
Көмөч казанга майды куюп, ал ысыган кезде пиязды, андан соң сабизди, кабакты салып кууруйбуз. Аягында помидор менен сарымсакты салып 3 мүнөттөй кууруйбуз. Татымына жараша туз жана кара мурч кошобуз.
Андан соң макаронду салып аралаштырабыз. Үстүн көк чөп менен кооздоп дасторконго коёбуз.
Кеңеш Кабак балык жана тоок эти менен мыкты айкалышат. Андыктан шишкебек жасоодо бул жашылчаны чокко кактап бышырып, гарнир катары колдонууга болот.КАБАКТЫН ПАЙДАСЫ
Эскертүү: Кабак гастриттин курч кармаган түрү менен жабыркагандарга сунушталбайт.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg