ЖОЛ КИРЕ БААЛАРЫ
УНАА
Бишкек–Ысык-Көл каттамы боюнча жол кире баалары (Бишкектеги батыш автобекетинин тарифтеринин негизинде 1 адамга)Бишкек–Балыкчы
Такси – 350-400 сом
Кичи автобус – 200 сом
Автобус – 144 сом
Бишкек–Чолпон-Ата
Такси – 500-550 сом
Кичи автобус – 270 сом
Автобус – 209 сом
Бишкек–Каракол
Такси – 650-700 сом
Кичи автобус – 348 сом
Автобус – 320 сом
УЧАКЫсык-Көлдүн Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» аэропортунан.
Ош–Ысык-Көл, Ысык-Көл–Ош аба каттамдары жума жана жекшемби күндөрү учат. 2017-жылдын 30-июнунан тартып 1 аптада 2 рейстен каттайт. Билет баасы бир багытка болжол менен 2800-4000 сом.
Алматы–Ысык-Көл, Ысык-Көл–Алматы аба каттамы дүйшөмбү, жума күндөрү учат. 2017-жылдын 7-июлунан тартып 1 аптада 2 рейстен каттайт. Билет баасы бир багытка болжол менен 13 000-15 000 сом.
Ташкент–Ысык-Көл, Ысык-Көл–Ташкент аба каттамы 2017-жылдын 4-июлунан тартып 1 аптада 1 рейс каттайт. Болжол менен билет баасы бир багытка 11 000-16 000 сом.
Новосибирск–Ысык-Көл, Ысык-Көл–Новосибирск аба каттамы шаршемби күнү учат. 2017-жылдын 7-июлунан (айрым маалыматта 5-июлдан) тартып 1 аптада 1 рейс каттайт. Билет баасы бир багытка 8000-10 000 сомдун тегерегинде.
ПОЕЗДБишкек–Балыкчы каттамы. 2017-жылдын 16-июнунан 30-июлга чейин каттоочу күндөрү: жума, ишемби, жекшемби. 2017-жылдын 31-июлунан 31-августка чейин күн сайын.
Жөнөө убактысы – Бишкектен эртең менен саат 06:25те.
Билет баасы – чоңдор үчүн 69 сом, балдар үчүн (5-10 жаш) 34 сом.
ЖЕКЕ МЕНЧИК ҮЙЛӨР
Стандарт – 250-600 сом жана андан жогору (1 кишиге). Тамак жасоого ашканасы бар.
Люкс – 1500-2000 сом жана андан жогору. Тамагы өзүнчө, 700 сомдон жогору.
Боз үй – 1 күнгө (2 кишиге) 1000 сом.
КӨҢҮЛ АЧУУНУН БААЛАРЫСтол тенниси – 150 сомдон жогору (саатына)
Бильярд – 150-200 сом (саатына)
Караоке – 30-50 сом (бир ырга)
Кинозал – 250 сомдон жогору (1 кишиге)
Концерт – 300 сомдон жогору (1 кишиге)
Дискотека – 200-400 сомдон жогору (1 кишиге)
Карусель – 150-200 сомдон жогору (15 мүнөт)Велосипед – 200 сом (саатына)
Бассейн жана машыгуу залы – 200 сомдон жогору (саатына)
Сауна – 150-200 сом (1 кишиге)
Массаж – 500 сомдон жогору
Кайык – 100-150 сом (саатына)
Банан – 150 сомдон жогору (1 кишиге)
Скутер – 500 сом (5 мүнөткө)
Катер – 300 сомдон жогору (1 кишиге, саатына)Парашют – 1500-2000 сомдон жогору (1 кишиге, 1 жолку учууга)
Катамаран – 200 сом (саатына)
Теплоход – 500 сомго чейин (1 кишиге, саатына)
Дайвинг – 2500 сомдон жогору (саатына, инструктору менен)
Көлмөдө балык уулоо – 1000 сомдон жогору (1 кишиге), тоо сууларында 1500 сом (кайырмак берилет) Парустуу яхта – 2000 сомдон жогору (саатына, 1 кишиге)
Тир – 1 ок 5 сомго чейин
Күн тоскуч – 100 сомдон жогору (саатына)
САЯКАТТОО...
Эс алуу учурунда Ысык-Көлдүн айланасындагы кызыктуу жерлерди да көрө келсеңиз болот. Гид жана унаанын акчасы менен кошо:
Чоң-Ак-Суу капчыгайы (Григорьевское ущелье) – 800 сомдон жогору (1 кишиге)
Кырчын жайлоосу (Семёновское ущелье) – 500-700 сомго чейин (1 кишиге)
Көлдү айланып чыгуу – 2500-3000 сом (1 кишиге, Каракол шаары, Барскоон шаркыратмасы, Жети-Өгүздөгү Жарылган жүрөк тоосу, Жомок-Кууш өрөөнү)
Туздуу көл – 1000 сомдон жогору (1 кишиге)
Жер алдынан чыккан жылуу суу – 500 сомдон жогору, түшүү үчүн 200 сом (1 кишиге, Чок-Тал, Сары-Ой, Өрүктү айылдары)
Каркыра жайлоосу – 1000 сомдон жогору (1 кишиге)
Канымжан Усупбекова,
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg