"КРОКОДИЛ" ГАЗОНУ
Балдар үчүн короону кооз кылуунун бир ыкмасы "крокодил" газонун жасоо. Алгач ылайыктуу жерге ордун белгилеп, чийип аласыз. Эми белгиленген жерди казып, топурагын жумшартасыз. Казылган жердин четтерине баш жагы кыркылган желим бөтөлкөлөрдү түбүн өйдө каратып, бекем орнотосуз. Эми газон болчу чөптүн же гүлдүн уругун сээп, желим бөтөлкөлөрдүн түбүн краска менен боёп коёсуз. Крокодилдин көзүн тактайдан же таштан, кирпигин желим бөтөлкөдөн жасоого болот.
ДӨҢГӨЧТӨРДӨН БУЮМДАР
Дөңгөчтөрдөн сүрөттөгүдөй кылып кооз орундуктарды жасап койсоңуз короого да көрк берет.
Дөңгөчтөрдөн жасалган паровоз балдар үчүн отургуч жана оюнчук ордунда жүрөт.
Эски темир тарелкалардан калпак кийген козу карындар.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg