SUPER.KG порталы уюштурган түз эфир атактуулар менен алардын күйөрмандарынын ортосунда көпүрө болууда. Интернетте популярдуулугу артып жаткан бул долбоордун кезектеги коногу Кайрат Примбердиев болду. Ырчы бери дегенде Москва, ары жагы Анталиядан жөнөтүлгөн мекендештердин суроолоруна ачык-айкын жооп берди.
– Өзбекстандан чыккан Наргиз "Голос" долбооруна катышып, андан ары продюсер Максим Фадеев менен иштешип, орус сахнасын багындыра алды. Бул иш Кайраттын деле колунан келсе керек. Сизге Орусиядан ийгиликтүү продюсерлерден кызыккандар болдубу?
– Ийгиликтүү продюсерлерден сунуш түшсө аракет кылып көрмөкмүн. Тилекке каршы, андай болгон жок. Учурда Николай Николаевич деген музыка менен байланышы жок адам "клип тарттырып, ыр жаздыр, каржылап берем" деп жатат.
– Кыргыздар жете элек ийгиликти жараттың.Ийгилигиң сени эмес, жубайыңды жылдыз кылып жибергендей туюлат. Муну анын социалдык баракчаларындагы постторунан улам айтып жатам...
– Жубайым "Главная сцена" долбоору башталганда эле социалдык тармактарга баракчаларды ачты. Мурда кандай пост жазып, сүрөт чыгарса, азыр деле ошондой. Бирок окурмандар ар кандай комментарийлерди жазышат. Сөгүнгөндөрдү кара тизмеге салып койсо ошондой ой жаралып жатса керек.
– Кайрат, сен чет өлкөгө талантыңды көрсөтүп келгенден кийин чыгармачыл адамдарга мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды. Эмнеге сага жок дегенде ардак грамота берилбеди?
– 2 жылдан бери жакшы ийгиликтер болуп жатат. Бирок мен укмуштуудай кыйратып салдым дегенден алысмын. Анткени кыла турган иштер алдыда. Беришпесе, демек, мен али татыктуу эмес окшойм.
– Бүткүл КМШны кызыктырган орусиялык долбоордон кийин Орусиянын сахнасына чыгып жатасыз. Карапайым кыргызды унутуп кеткен жоксузбу? Дегеним, кыргыз ырчылары өздөрүн "элиталык" ырчы сезип, "мен тойдун ырчысы эмесмин" деп чыгышчу эле...
– Толугу менен Орусиянын сахнасына аралаша элекмин. Биз деле карапайымбыз. Азыр "элита" же "той ырчысы" деген түшүнүк жок, баары эле той ырчысы. Кайсы ырчы тойдо жүрсө, демек, ошол элиталык ырчы (күлүп).
– Аялың экөөңөр качан дуэт ырдап чыгасыңар?
– Жубайым экөөбүздүн дуэт ырыбыз бар. Азыр ал "Махабатым" деген ырын жаздырып, жеке ырчы болуп чыгууга даярданып жүрөт. Ырчылык жан дүйнөнү туура түшүнөм. Ырдаган киши эл алдына чыгып, кол чабууларды уккусу келет. Бул баңгизат сыяктуу. Андыктан анын сахнага чыгышына каршы эмесмин.
– Ата-энени кантип ыраазы кылса болот?
– 30 жашка чыкканча ата-эненин моюнуна отурбай, иштеп, колуңдан келишинче жардам беришиң керек. Ден соолугуна кам көрүп, санаторийге жөнөтүү зарыл. Неберелерин алып барып, жарпын жазып турсаң ыраазы болушат деген ойдомун.
– Аялыңызды ырдатпай эле койбойсузбу, үнү жоон экен го...
– Менин үнүм деле назик эмес, кырылдап чыгат. Мындай үндү өзгөчө деп эсептейм. Келинчегимдин үнү кырылдак болгону үчүн эсиңизде калыптыр. Ырчылыкта үндөн мурун жүрөк керек. Чыгарманы жүрөгүң менен ырдоо маанилүү.
– Жубайыңыз Элянын кайсы сапатын жакшы көрүп үйлөндүңүз?
– Экөөбүз Казакстандын Актау шаарында кафеде чогуу иштеп, бир батирде жашап калдык. 2 бөлмөлүү батирдин бир бөлмөсүндө Эля жалгыз жашайт, бир бөлмөсүндө досум менен жашачумун. Бир батирде жашаганда кимдин кандай экени билинет. Мындай сүйлөшсөң бири-бириңди жакындан таанып-биле албайсың. Киного барганда эле көрүшүп, жакшы жагыңды көрсөткөнгө аракет кыласың. Чогуу жашап жүрүп Элянын үйгө тың экенин байкагам. Анткени ажырашкандан кийин кыздарды башкача көз караш менен карап калгам. Аял боло алабы же жокпу деп. Кийин кыз-жигит болуп сүйлөшүп калдык. Мен Кыргызстанга биринчи кетип калып, Эляны аябай сагынгам. Ал келери менен колун сурап, жарым жылдан кийин баш коштук.
– Биринчи аялыңдан уулуң бар экенин билебиз. Ал азыркы жубайың менен тил табышабы? Атанын тарбиясынан өксүбөй өсүп жатат деп ойлойсуңбу?
– Уулум Амир менен келинчегим жакшы сүйлөшөт. Ойногону барганда мен Ариетти ойнотсом, ал экөө компьютерде ойношот. Балам атанын тарбиясынан өксүп жатса керек. Себеби ата өзүнүн жүрүш-турушу менен тарбия берет. Азыр ал таята, таенесинин колунда. Мен аны 2-3 күнгө алып кетип турам. Былтыр "жаныма алайын" деп сурасам апасы макул болбой койгон.
– Мурдагы аялыңыз турмуш куруп кетти беле? Уулуңар үчүн ортодо ата-энелик мамилени сактап кала алдыңарбы?
– Турмушка чыга элек, байланышып турабыз. Ал "Амирге азыр бул керек" деп чалып турат. Балама тапкан-ташыганымдын 25 пайызын алимент катары төлөйм. Азырынча бул жетиштүү деп ойлойм.
– Менин боюм кыска. Кийим алганда чоң болуп калып, көбүнчө балдар дүкөнүнөн кийинем. Сенде бул көйгөй барбы? Ачыгын айтчы боюң канча?
– Менин боюм 160-165 сантиметрдин ортосунда болуш керек. Балдар дүкөнүнөн кийинген эмесмин. Москвадан да өзүмө чак кийимдерди табам. Сизге тамаша иретинде жооп кайтарып коёюн, байке, баарыбыз эле кодолор партиясына киребиз го (күлүп).
– Үйүңө кирген уурулар табылдыбы?
– Жок табыла элек. Биз ошо күнү келинчегим экөөбүз кино көрүп келели деп шаарга чыкканбыз. Кайненемдин кулагы жакшы укпайт. Ал балам экөө конок бөлмөдө сыналгы көрүп отурушкан экен. Уурулар уктоочу бөлмөнүн терезесинин айнегин ачып кирип, буюмдарды алып кетишиптир. Азыр терезеге темир тор, камера орнотконбуз. Үй күзөт агенттигинин көзөмөлүндө. Үйгө да тапанча алып койдук, уурулар кирсе колдонобуз. Бирок аны колдонуудан Кудай сактасын.
Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg