13-14-февраль күндөрү айымдарын (же мырзаларын) кайсы жакка чакырып майрамдатаарын билбей жүргөндөргө Кудай берди. Анткени, Кыргыз Мамлекеттик Академиялык Драма Театрында белгилүү “Дем” театрынын Сүйүү күнүнө арнап уюштурган “Сүйүүнү сүйгөн билет, билгендер бизге келет!” деп аталган шоу-концерти болуп өттү. Сүйүүнү билгендер көп эле окшойт, айтор, залда дээрлик бош орун калган жок. Албетте, шоу афишаларда жазылган убакыттан туптуура 25 мүнөт өтүп башталды. Бирок, сахнага “Демдин” шамдагай, шайыр жигиттери чыга келгенде, көрүүчүлөр концерттин кечиккенин тез эле унутуп коюшту.
“Welcome, ladies and gentlemen!” деп англисче сүйлөп, анан англисче ырдап киришсе, бүт концерт чет тилинде өтө тургандай болуп, мындай оригиналдуу ачылыш алгачкы мүнөттөрдөн тартып эле элди кызыктыра алды.
Актёрлордун табият берген таланты ар тараптуу экенин “Демдин” мурунку жана жаңы даярдалган номерлери далилдеди. Буга чейин көрүп келген “индийский фильм”, “Ак шоола” балдар ансамбли”, “дүйнө жылдыздары куттукташат” сыяктуу номерлеринин саны “свежий” идеялар менен толукталыптыр. Мисалы, керемет талантка ээ болгон ооз комузчунун колунун бир эле шилтеми менен секунддук мукам музыка жаратышы, кылы жок комуз менен ырдаган төкмө акын жана аларды бий менен коштогон шумдуктуу “Беш- кемпир” тобунун аткаруулары эсте калаарлык болду.
Андан тышкары, көрүүчүлөр “Демдин” бийчилик өнөргө да ээ экенине күбө болушту. Топтун мүчөлөрүнүн баарысы эркек болсо да, кыздардан кем калбай бийлегендерине баа беришибиз керек. Абдан профессионалдуу аткарылган балет спектаклинин учурунда биз өзүбүздү бир нече мүнөт Опера жана Балет театрында отургандай сезип кеттик. Бир кезде, алып баруучу: “Залдагы бардык камера жана фотоаппараттарды өчүрүп коюуңуздарды өтүнөбүз” дегенде, “Аравиядан келген кымча бел сулуу кыздар” сахнага чыга келип, көздүн жоосун алган “курсактар бийин” аткарышты.Көңүлдө калган дагы бир нерсе – актёрлордун “кол өнөрчүлүгү” менен “бут өнөрчүлүгү”. Башкача айтканда, актёрлор жалаң гана кол же болбосо буттардын жардамы менен кишинин ар кыл образдарын жарата алышты. Тизелерин адамдын кебетесине окшотуп мурун жасап, көйнөк кийгизип туруп, төрт кодогой кишиден турган музыкалык топту жараткандары ушул күнгө чейин эч жерде көрсөтүлбөгөн оригиналдуу шоу болду.
Ушундай кызыктуу номерлердин арасында “демдиктер” зал менен да күлкүлүү оюндарды өткөрүүгө жетишишти. Оюнга катышкан кыздарга залда отурган эркектердин галстугун, көйнөгүн, жада калса бут кийими менен байпагын таап келиңиз деп буйрук берилди. Көрүүчүлөр оюнга кызуу батып, чоң тойго келген коноктордой болуп залды аралап чуркаган кыйын кыздарды ынтымакта колдоп беришти.
“Демдин” концертинин көркүн ачып, “Назик” тобу түрдүү бийлерин тартуулашты. Ал эми эстрада жылдыздарынан белгилүү ырчы кыз Азиза, элин абдан сагынган Мерген Турган жана имиджин өзгөрткөн Съездбек Искеналиев конок катары келип, ырларын арнашты. Залда көрүүчү катары отурган Нуриза Апасова, Рыспек Жантөрөев жана Санжар Бердибеков деген белгилүү адамдар да байкалбай калган жок.
Сахнанын жасалгасы жөнөкөй гана болду. Жарык берүүнүн начарлыгы жана актёрлор өздөрү айткандай “кыйшык декорациядан” башка көп нерсеге көңүл бурулбай калса да, шоу-концерт күчтүү үн техникасы жана албетте, “Демдин” азамат жигиттеринин кайталангыс актёрдук таланты менен жеңип кетти. Айтмакчы, залдагы меймандар чечинбей отургандарына байланыштуу, тумактардан арттагыларга сахна жакшы көрүнбөй жатты.
Кыскасы, жалпысынан концерт тынч, кызыктуу өттү. Келген күйөрмандар “Демден” күчтүү, оң энергияга ээ болуп, үйлөрүнө ыраазы болуп кайтышты. Ал эми келе албагандар “Супер-Инфону” окуп алып, “Ка-ап, барбай...” деп өкүнгөндөрүн сезип турабыз.
Толик Сынчы