"ПИКИР КЕЛИШПЕСТИКТЕН УЛАМ УРУШ ЧЫККАН"
Бирге түтүн булатып келген үй-бүлө бир жарым жыл мурун эки айрылыш жолго түшкөн. Жубайлардын ээн талаадагы акыркы сүйлөшүүсү кандуу өлүм менен аяктаган.Окуянын чоо-жайын Баткен ОИИБинин басма сөз кызматкери Дамира Юсупова айтып берди:– 2017-жылдын 15-январь күнү саат 10:00 чамасында Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын Чет-Булак участкасынын күн чыгыш тарабындагы талаанын четинен болжол менен 25-30 жаштагы аялдын киши колдуу болуп өлгөн жансыз денеси табылган. Баткен ОИИБинин жана Баткен
РИИБинин опер кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында маркумдун аты-жөнү такталган. Ал Баткен районунун Дара айыл аймагынын Чек айылынын тургуну, 1989-жылы туулган Гүлдана Темирова экени аныкталган. Бул ишке шектүү катары маркумдун күйөөсү, Кадамжай районунун Ак-Турпак айылынын тургуну, 1983-жылы туулган Сапарали Эгембердиев кармалган.
Кылмышкердин айтымында, жубайлар 2015-жылы ажырашып кетишкен. 2017-жылдын 14-январь күнү Баткен шаарынын борбордук базарынан жолугуп, Чет-Булак айылынын четиндеги талаага барышкан. Пикир келишпестиктен улам уруш чыгып кетет. Кылмышкердин айтымында, маркум анын намысына тийген сөздөрдү сүйлөгөндө чыдабай аны таш менен башына бир нече жолу уруп, окуя болгон жерден кетип калган. Унаанын ичинде калган маркумдун телефонун, сумкасын Кадамжай району менен Баткен районунун ортосунан өткөн Көк дарыясына ыргытып жиберип, ал эми сим-картаны сындырып, жолго таштап салган. Кыздарына алган буюмдарды ошол эле жолдун четиндеги арыктын боюна жашырып, андан ары изин суутуп кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жыйынтыкталды. Баткен райондук соту кылмышка шектүүнү 2-июнда 20 жылга эркинен ажыраткан. Эми ишти Баткен облустук соту карап жатат.
"АЧУУМ КАТУУ КЕЛГЕНДИКТЕН ТАШ МЕНЕН БАШЫНА ЧААП САЛДЫМ"Сапарали Эгембердиев тергөө убагында төмөндөгүдөй көрсөтмө берген:
– Аялым менен ажырашып жүргөндүктөн 2017-жылдын 14-январь күнү экөөбүз сүйлөшмөкчү болуп шаардын четине чыктык. Ал жумушунан суранды, мен айылдан келдим. Башында бир сааттай жакшы эле сүйлөшүп отурдук. Ал мени менен ажырашып жүргөн убакта башка эркектер менен болгон мамилесин айтып, намысыма тийген сөздөрдү сүйлөгөндө аны чаап жибердим. Аялым унаадан түшө калып, жерден таш алып мени чапты. Ошондо ачуум катуу келгендиктен таш менен башына чаап салдым. Бир карасам жерге жыгылып калган.
"КЫЗДАРЫНА "АПАҢАР ОРУСИЯДА ИШТЕП ЖҮРӨТ, ӨРҮК БЫШКАНДА КЕЛЕТ" ДЕП АЛДАП ЖАТАБЫЗ"
Маркумдун атасы Ахматжан Муратов менен байланышканыбызда ал буларга токтолду:
– Кызым жолдошу менен ажырашканына 1 жарым жыл болгон. Себеби аны жөнү жок сабачу. Буга чейин да башына катуу чаап, эсине келбей жандандыруу бөлүмүнө жатып чыгып, араң жакшы болгон. Гүлдана ажырашкандан кийин жөлөк пул, алимент дегендерди талап да кылган эмес, болгону кутулганына сүйүнгөн. Мурда өзүм эки жолу "жашсыңар, турмушта болуп турат" деп жараштырып койгом. Акыркысында кызым "бул мени жинди кылып коёт" дегенинен барып, оокаттары менен кызымды алып келе бергем. Үйгө келгенден кийин кызым иштеп, кыздарын багып жаткан.
Окуя болгон күнү күйөө балам аны базардан унаасына салып ээн талаага алып кетиптир. Бул пландалган эле иш. Атайын башка бирөөнүн унаасы менен келгенине караганда өлтүрөйүн деп эле келген. Буга чейин эле сөккөн, коркуткан билдирүүлөрдү кызыма жазып жүргөн экен. Ошол күнү кызымды бир күн кечке издедик. Жумушу менен бир жакка кеткенби деп жаттык, бирок мындай түшкө кирбеген окуя болуп кетет деп ойлогон да эмеспиз. Кызымдын башы жанчылган абалда талаада жатканын кой жайып жүргөн киши көрүп, милиция чакыртыптыр. Биринчи таш менен чапкылаганда кызым өлбөптүр, күйөө балам болсо кетип калган экен. Кийин бир аздан соң кайра келип, өлбөй калганын көрүп, таш менен башын жанчып, майдалап таштаптыр.
Кызымдын артында эгиз кыздары калды. Эс тартып калгандыктан "апабыз кайда?" деп сурашат. "Орусияда иштеп жүрөт, өрүк бышканда келет" деп алдап жатабыз.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg