Бир күнүмдү Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык жана стационардык мекемеге барууга арнадым. Карылар үйүнүн жашоочуларын тирүүлүктүн кайсы агымы бул тагдырга туш кылды? Эмнеге бир үйдүн төрүн ээлеп, насаат айтып отурчу кезде алар карылар үйүндө жашоого аргасыз болушту? Уул-кыздары кайда болду экен деген суроолор жүрөгүмдү өйүп келет. Албетте, жүрөгүндөгү сырларды, таарынычтарды, өз турмушу тууралуу карыялар бейтааныш адамдарга айта берүүсү күмөн. Ошентсе да жүрөк ооруткан аянычтуу тагдырлар айтылды.
"МЫНДАГЫ КЕМПИРЛЕРДИН КӨБҮ КЕЛИНДЕРИНИН АЙЫНАН УШУЛ ЖАКТА ЖАШООГО АРГАСЫЗ"
Алгач карылар үйүндө көптөн бери жашаган Гала апа менен маектешүүгө аракет кылдым. Бирок маегибиз көпкө созулган жок. Сүйлөшүүбүз ал жашаган чакан бөлмөдө башталды.
– Эмне үчүн бул жерде жашап жатасыз дегиң келип турабы? Мен үйүмдү балдарыма берип койгом. Ошондой кылганга акым барбы? Өзүм ушул жерге келип жашоону туура көрдүм. Мени бага турган балам каза болуп калган. Өкмөт бизге берген ушул үйдө жашагым келет. Бул жерде ичип кеткендер, түрмөдөн чыгып келгендер да бар. Биз тууралуу жазгандан көрө, тарбиясы жок кыздар жөнүндө жазсаң болот. Бул жакта жашаган кемпирлердин көбү келиндери менен келише албай, ушул жерде жашоого аргасыз болуп жатышат.
– Алардын өздөрүнүн кыздары барбы?
– Кыргызда "Чыккан кыз чийден тышкары" деп өзүнүн ата-энесине каралашууга шарты болбойт.
– Сиздин кызыңыз барбы?
– Бар... Ал мени үйүнөн кууп чыккан.
Ушул бойдон Гала апа экөөбүз маегибиздин учугун таппай калдык, ал жаткан керебетинен шашыла туруп, менин чыгып кетүүмдү талап кылды. Мен деле анын жан дүйнөсүн кыйнагым келбеди. Бөлмөнүн астанасын аттаганымда:
– Менин суроолорум ашыкча болуп кетти окшойт. Капа болуп калдыңызбы?
– Жок, кызым, бул жакка көптөр келип алып "эмне кылып жүрөсүз, балдарыңыз кана?" деп сурашат, ошого гана,- деди апа.
"ИЧКИЛИКТИН АЙЫНАН УШУЛ ЖЕРГЕ КЕЛИП КАЛДЫМ"
Кийинки менин маектешим 67 жаштагы Азыкбай Токтогулов ата буларды айтып берди:– Өзүм Нарындан болом. 1950-жылы, 20-апрелде туулгам. Өмүр бою айдоочу болуп иштедим. Мындан 10 жыл мурун жубайымдан айрылдым. Ошондон кийин ичкиликке берилип кеттим. Арак ичкен кишиники белгилүү да, үй-жайдын баарын көп балалуу, начар жашаган кишиге карматып жибердим. Берешендик болуп кетти. Ооруп кыйналганымдан ушул жерге келип калдым. Балдарым көп жылдан бери Орусияда жашап, иштешет. Алар деле орустай болуп калды. Байланышып турабыз, бойго жетип калган неберелерим бар. Уулдарым Орусияга алып кетебиз дешет, бирок бөтөн жерде мага эмне бар?
– Кыргызда мындай жагдай жат көрүнүш эмеспи. Туугандарыңыздан карылар үйүндө жашаганың уят, биздикинде жаша дегендер болдубу?
– Бир туугандарым бар, карындашым Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде мугалим, иним бар. Алар келип турушат. Мен дагы кээде барып турам. Биротоло алардыкында жашап бирөөгө жүк болгум келбейт. Алардын деле өздөрүнүн турмушу, түйшүгү бар да. Бардыгын түшүнүп турам. Бул жакта убагында тамактанабыз, дарыгерлердин көзөмөлүндө жүрөбүз. Мага ушунусу ылайык. Балким, балдарым Орусиядан келсе, ошондо чогуу жашайт чыгарбыз...
– Ичкиликтин айынан ушул жерге келип калганыңызга өкүнөсүзбү?
– Жашоо шартым азыр жакшы. Балким, кетип калам, бирок кетким келбей кетет. Биздин окуя элге маалым болуп, жаштарга сабак болсун дейт элем.
"ЖАЛГЫЗ БАЛАМДЫ ИЗДЕП ТАППАЙ КЕЛЕМ"
Тургуналы Ажиев ата:– Мен 1939-жылы Нарын облусунда төрөлгөм. 3 айлык кезимде биз жашаган жерде улуттар аралык уруш чыккан экен. Ошондо апам сыртта иш кылып жүрүп үйгө кирсе, мени бир орус бутумдан кармап көтөрүп туруптур, өлтүргүсү келген окшойт. Аны көргөн апам колунан мени жулуп алып, коңшу айылдагы энесиникине жетип барыптыр. Мени бир тууган эжесине бергенден кийин бат эле көзү өтүп кетиптир. Ошентип өз энемди 3 эле ай эмиптирмин. Таежем менен жездем мени жакшы эле карашты. Балалыгыма нааразы эмесмин.
Бой жетип армияга барып келген соң Турсун деген кызды жолуктурдум. Ал мени "турмушка чыккан эмесмин" деп алдаптыр. Көрсө, мага турмушка чыкканда анын 2 кызы бар экен. Биринчи жолдошу каза болуп калганын билдим. Турмуш экен деп жашап уулдуу болдук. 3-4 жылдай чогуу түтүн булаткан соң эки айрым жолго түшүп кеттик. Балам дайыма үйгө келип-кетип жүрчү.
Бир жолу 5-6 жашында үйгө мени көргөнү келгенде, апасыныкына жибербей койдум. Өзүм багып алам деп ойлогом. Мен кой кайтарып кетсем, апасы келип көчөдө ойноп жаткан жеринен алып кетиптир. Анда деле "атам" деп келип жүрдү.
Мекенибизде Бакиевдик бийликти кулаткан төңкөрүштөн кийин уулумдун кабарын укпай калдым. Ал бир аскер бөлүгүндө кызмат өтөчү. Угушумча, алардын бөлүгүн Баткен тарапка жибериптир. Баламдын жанында жүргөн досун каза болду дешти, бирок менин уулум кабарсыз бойдон калды. Аны издеп телевидениеге да кайрылдым. Баткенге чейин барып келдим. Жашоодо тапкан жалгыз уулумду ушул күнгө чейин үмүт үзбөй издеп келем. Нарында тирүү тууганым деле калган жок. Үй-жайым жок, колхоздо кызмат кылып мамлекеттен батир күтүп, кезегим келбей өмүрүм өтүп кетти. Жалгыз тилегим уулумдун кабарын билсем, көзү өтүп кеткен болсо, жок дегенде эстелик тургузсам дейм. Уулум Ажиев Мукамбет Тургуналиевич, 1969-жылы туулган. Мүмкүн болсо, аны тааныгандардан же анын кабарын билгендерден жардам сурайт элем. Мукамбетке эмне болгонун билсем болду эле.
Карылар үйүндөгү кызматкерлердин сылыктыгы, мекеменин тазалыгы, аталар, апалар үчүн даярдалган тамактарды көрүп жүрөгүң жылыйт. Бирок мунун баары карыялар үчүн өз үйүнүн төрүн, балдарынын жылуу мамилесинин ордун баса албасы анык.
Нуркыз Курманбек кызы
koom@super.kg