Биз социалдык тармакта

МЭЭРИМ АТАНТАЕВА "ОРТО АЗИЯНЫН МЫКТЫ МОДЕЛИ" БОЛДУ

Кыргызстандык модель жана актриса Мээрим Атантаева Түштүк Кореяда өткөн "Asian Model Festival" сынагында "Орто Азиянын мыкты модели" деп табылды. Сынак тууралуу Мээрим: "Бул иш-чараны Түштүк Кореянын моделдик ассоциациясы уюштурган. Жалпы 27 өлкөдөн 3төн модель катышты. Алар
2 ай мурда кастингден тандалып алынган. Мен кастингге катышкан эмесмин. Уюштуруучулар тарабынан мага чакыруу келген. Коңшу мамлекеттерден Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан катышуучулар чакырылган эмес. Орто Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен мени мыкты деп тандашты",-
деп айтып берди.
"Asian Model Festival" сынагы 12 жылдан бери Кореянын мода ассоциациясынын колдоосу менен өткөрүлүп келет. Ал эми аталган сынакка Кыргызстан 2015-жылдан тарта катыша баштаган. Былтыр Кыргызстандын атынан Айжамал Осмонова катышып, ал да "Орто Азиянын мыкты модели" наамын эңип келген.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
abdykadyrova
2017-07-04 09:30:58
Молодец
+2
aman0296
2017-07-04 12:10:10
Бишкектин жарымы модель
+9
Alibay
2017-07-04 12:48:26
Эмне дайыма эле Кыргызстанга ошол наамды ыйгара беришеби???Же жоктон коро жогоу наамбы...
+2
baha1985
2017-07-04 12:52:24
Alibay, Ортон Азиядан Кыргызстан эле катышып жатса башка кимге берсин тажик озбек катышпайт
+4
Vacant
2017-07-04 12:54:48
Орто Азиядан бизден башка эч ким барбаса беришет да. Казакстан, Озбекстан ж.б тоготпойт окшойт бул конкурсту, бирок Мээрим деле катышкысы келбептир
+1
Alibay
2017-07-04 15:32:52
Энип келгенби,улак энгендей жазыпсынар го...
+1
burma92
2017-07-04 17:22:18
Бишкекте ар бир учунчусу модель, ар бир учунчусу борчик, ар бир учунчусу ырчы же тамада.
+10
Izdeim_seni.
2017-07-04 22:12:50
jalguz ele ozy barup ,anan en muktusu bolgonyna jol bolsyn
+2
ayjan_90
2017-07-05 13:20:10
Ой коменттер бороду эзет го Озбекстан Казакстан Тажикстан бул конкурсту тоготушпайт алар жок болсо анан берет да ошол наамды
+2
amirrus
2017-07-05 14:07:54
барбай эле койбопсун убара болуп
+2
AsmanNuru
2017-07-07 00:37:51
3-класстын окуучусу Ташмат атасына келип;
-Ата мен маарага (финиш) 3- болуп келдим...
-Ой азамат, менин уулум өзүмдү тартып кыйын чуркайтда. Кана уулум айтчы канча адам чуркады эле?
-3...
-...)))
Мына ушул анегдот сыяктууго ээ баары? Азиядан өзү жалгыз барса башка кимге ыйгармак эле наамды? Казакстан, Өзбекстан, Таджикстан тоготпой барбай койгонго...
0
Dimonbek
2017-07-11 01:02:42
Менин досум дагы мектепте окуп жүргөндө физика сабагынан олимпиадада 2 катышуучудан 2- орунду алып, линейкада директордун колунан грамота алган эле))
0
№ 765, 30-июнь-6-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан