Саякат
Дүйнөнү ар кандай жаатта багынта билген АКШ өлкөсүн билбеген да, укпаган да пенде жок болсо керек. Бул сапар биз дүйнөгө атагы чыккан Америка Кошмо Штаттарына сапар тартабыз. Ал үчүн бизге жакында эле АКШда конокто болуп келген ырчы жигитибиз Мирбек Атабеков гид катары жардамдашат.
АКШ ТУУРАЛУУ
Расмий аталышы – Америка Кошмо Штаттары
Жайгашкан жери – Түндүк Америка
Аянты – 9 518 900 чарчы чакырым (айрым маалыматтарда 9 522 057 чарчы чакырым)
Калкынын саны – 308 миллион (2009-жылдагы расмий маалымат боюнча)
Борбору – Вашингтон
Акча бирдиги – доллар (1 доллар 45 сом 40 тыйын)
Тили – Англис (испан жана француз тилдери да кеңири колдонулат)
Дини – Христиан динине сыйынгандар (протестанттар) калкынын 51,3 пайызын түзөт. Мусулмандар 0,6 пайызды ээлейт.
Жайгашкан орду
Америка Кошмо Штаттары 1776-жылы негизделген. Аянтынын чоңдугу боюнча дүйнө жүзүндө төртүнчү, калкынын саны боюнча үчүнчү орундагы өлкө. Ал түндүгүнөн Канада, түштүгүнөн Мексика жана деңиз тарабынан Орусия менен чектешет. 50 штаттан жана Колумбия федералдык округунан турат.
Чикаго
Чикаго калкынын жыштыгы боюнча Нью-Йорк, Лос-Анжелестен кийинки 3-орунду ээлейт. Музей, элиталык ресторандар, кафе, түнкү клуб жана башка толгон-токой көңүл ачуучу жайлардын уюгу Чикагодо. Блюз, жаз музыкаларынын мыкты адистерин да так ушул жерден тапса болот.
Жылдыздар аллеясы
Голливуд дегенде эле көз алдыга жылдыздар аллеясы келе түшөт. Ал Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарынын Вайн-стрит көчөсүндө жайгашкан. Кызыгы, азыркы мезгилде ал жылдызчалардын саны 2600гө жетет.
Жана да...
АЛЫСКЫ АКШга САПАР
– Алгач биз Москва аркылуу Нью-Йоркко бардык. Дүйнөлүк мегаполисти көргөндөгү алгачкы сезимди айтып жеткирүү кыйын. Албетте, өзгөчө таасир бергени асман тиреген имараттар болду. Мисалы, Вулворт-билдинг, Крайслер-билдинг, Эмпайр-Стейт-билдинг сыяктуу имараттар, Бродвей өңдүү эң узун көчөсү, Бруклин көпүрөсү. Түнбү, күнбү, кыймыл токтобогон шаар.
Чикаго, Филадельфия, Цинциннати жана башка шаарларда болдук. АКШнын мага көркү жакты. Бирок биздегидей кооз табият аларда жок. Аэропорттон бизди мекендештерибиз, кыргыздар тосуп алышты. Ал жакта Орусиядагыдай эмес, саналуу гана мекендештерибиз бар экен. Бирин-бири таанышат. Кыргызстан тууралуу уккусу келип, жүздөрүнөн мекенге болгон кусасы көрүнүп турат. Бутуна туруп, жайгашып калганы да, ар кандай жумуштар менен жан багып жүргөндөрү да бар. Кыргыз тилин, ырларын аябай сагынышары көрүнүп турат. Анан да алар интернет аркылуу Кыргызстандагы жаңылыктарды бизден мурун угуп-билип турушат экен.
ТАРТИПТИ КАТУУ КАРМАШАТ
– АКШнын бир канча шаарларын, штаттарын араладык. Баарында имараттар окшош курулгандай туюлат. Анан да биздегидей, дегеле КМШ өлкөлөрүндөгүдөй көчөдө ичип, чаң салып мушташып жүргөндөрдү кезиктире албадым. Ооба, алар деле ичишет экен. Бирок коомдук жайларда тартип сактоо дегенди эч бири эстеринен чыгарышпайт өңдүү.
Полиция кызматкерлерин абдан сыйлашат. Кызыгы, тартип сакчылары биздикиндей пара алышпайт экен. Эгерде тартип бузсаң, анда мамлекетке айып төлөйсүң. Машинаны уруксаты жок жайга токтотсоң, уруксаты жок жайда тамеки тартып же сыра ичсең, айып төлөйсүң. Көчөдө өзүн каалагандай алып жүрүүгө көнгөн биздин балдар деле АКШнын тартибине көнүп калышканын көрүп күлкүм келди.
Ишемби, жекшемби күндөрү дем алыш болгондуктан, жума күндөрү кечкисин эс алууга өздөрүнө шарт түзүшөт.
АШКАНАСЫ
– Америкалыктар көбүнчө бат даярдалуучу тамактарга (фастфуд) басым жасашат. Ал жерде кыргыздардай болуп тамак-ашты колго жасап ичкендери аз. Газдалган суусундуктар, гамбургер, чизбургер жана пицца өңдүүлөр алардын күнүмдүк тамагы десек болот. Ал жакта жүргөндө биздин ашкананы сагындым. Айтор, АКШда канчалаган даамдын түрү болсо да, кыргызымдын ашканасына жетпейт экен. Ал жактагы мекендештер бизди кой союп, беш бармак жасап сыйлашты.
АМЕРИКАЛЫКТАРДЫН ЖАШОО ШАРТЫ
– «Өлкө бай болсо, эли да бай болот» деген кеп чын экен. 20 күндүн ичинде бир топ аймагын аралап чыгууга жетиштик. Өтө жакыр кварталдарына көзүм түшкөн жок. АКШда жашоо шарты начар деп саналгандар биздин жетиштүү үй-бүлөлөрдүн деңгээлинде жашашат.
Мага жакканы, америкалыктар чоочун адамдардын баарына жылмайып мамиле жасашканы болду. Биздегидей башка түшкөн маселелерин, арыз-арманын бири-бирине айта бермейи жок өңдүү. Ошентсе да бул жылмаюулар сыпайгерчиликтей сезилди. Андыктан адамдардын ортосундагы кадимки жылуулук, боор тартуучулук анча байкалбайт. АКШны аралап жүрүп биротоло калам деген мекендештерди жолуктурбадым. Жаштар арасынан “Кыргызстанга барып эмне кылмак элек? Ал жакта жашоо начар да” дегендерди учуратсак да, көпчүлүгү “кайсы бир мезгилде Кыргызстан баары бир өнүгөт, оңолот. Баары бир кайтып барабыз” дешет.
Гүлжамал Бөрүкулова
koom@super.kg