Бир мезгилде "Знай", "Не пара" деген ырлары менен таанылып, Арсен, Мирбек Атабеков менен дуэт ырдаган Раллия аттуу айым эсиңиздеби? Ал социалдык баракчасына жаңы ыр жаздырганын маалымдаган. Өзү менен байланышканыбызда: "Сахнаны өтө сагындым. Кайрадан ырдап чыгардан мурун аябай көп ойлондум. Турмушка чыккандан кийин үй-бүлө, бала-чака менен алек болуп жүрүп, чыгармачылыкка көңүл бура албай калдым.
Мен буга чейин элге RnB стилиндеги ырчы катары таанылгам. Бирок жаңы чыгармамды жаратып жатканда, эмнегедир жан дүйнөм чыгыш стилине тартып кетти. "Два желания" аттуу ырымдын бет ачары жакын арада өтөт. Репертуарымда орус тилинде чыгармалар көп. Мындан ары ырларымды сөзсүз кыргыз тилинде ырдайм деп пландап жатам. Ошондой эле жакында жаңы ырыма клип тарттырам",- деген жооп алдык.