САЯСАТ ЖАНА КООМ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

ЭЛДИК РЕФЕРЕНДУМ 27-ИЮНДА ӨТӨТ
Элдик референдумдун 27-июнда өтөрүн Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, 25-апрелде Конституциянын жаңы долбоору коомчулуктун талкуусуна сунушталат. Талкуулардан соң долбоор кабыл алынып, 27-июнда жалпы элдик референдум өткөрүлөт. “Ал эми парламенттик шайлоо 10-октябрга белгиленүүдө. Балким, президенттик шайлоо дагы 10-октябрда өтүп калышы мүмкүн”,- деп билдирди Өмүрбек мырза. Ал ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы боюнча убактылуу жобо кабыл алынып, БШК мүчөлөрүнүн үчтөн бир бөлүгү жарандык коомдун, үчтөн бир бөлүгү саясий партиялардын, үчтөн бир бөлүгү БУУ сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн турарын кошумчалады. БШКнын жетекчилигине укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова дайындалды.


Курманбек Бакиев: “МЕНИ ӨЛҮМ ГАНА ТОКТОТОТ”
Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев 21-апрелде Минскиде маалымат жыйынын өткөрдү. Жыйында ал өзүнүн кызматтан кеткендиги тууралуу жазган арызынан баш тартып, дагы деле Кыргызстандын президенти экендигин билдирди. Ал дүйнө лидерлерине кайрылып, Убактылуу өкмөттү расмий түрдө тааныбоого чакырды. Андан ары нааразылык акцияларында каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. “Бийликти өзүн-өзү лидер деп эсептегендердин «бандасы» басып алды. Кыргызстан таланып-тонолду. Адамдар өлтүрүлдү. Натыйжада Кыргызстан 10 жыл артка кетти. Президенттиктен мени баш тарттыра ала турган бир да күч жок. 9 ай мурун кыргыз эли мени Кыргызстандын президенти кылып шайлаган. Элдин алдында иштейм деп ант бергем. Ошондуктан өзүмдүн кызматтан кеткендигимди тааныбайм. Мени өлүм гана токтотот. Кыргыз элине берген антымды аткарышым керек. Кыргызстан эч кимдин колониясы болбойт. Ал демократиялык мамлекетти курууну улантат”,- деп билдирди. Ошондой эле мыйзам алдында жооп берүүгө даяр экенин, мыйзамдуулукка кайтарын айтты.
Ал эми Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева экс-президентти 7-апрелдеги окуялар учурунда атылган жазыксыз балдар үчүн адилет сот алдында жооп берүүгө чакырды. Ошондой эле: “Кыйын болсо Кыргызстанга кайтып келсин. Мына бул жерде мерт болгон балдардын ата-энелери, агалары, бир туугандары, кыргыз эли күтүп алат. Ошондо кандай сот болот экен, кандай жаза алат экен, биз ага жооп бере албайбыз!”- деп кошумчалады.
Белгилүү болгондой, Курманбек Бакиев 15-апрелде атайын учак менен Жалал-Абаддан Казакстанга учуп кеткен. Ал эми 19-апрелде Беларусь президенти Александр Лукашенко­ Бакиевге баш калка берип, үй-бүлөсү менен Минскиге чакырып алган.


Роза Отунбаева: “ЭЛГЕ КАРШЫ МЫЙЗАМСЫЗ АРАКЕТ КЫЛГАНДАРГА ОК АТЫЛАТ”
Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Р.Отунбаева 19-апрелде Маевка айылындагы кайгылуу окуядан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Роза айым коомдук тартипти калыбына келтирүү жана зордук-зомбулукту, мыйзамсыз иш-аракеттерди токтотуу боюнча Утурумдук өкмөт тарабынан чукул чаралар көрүлөрүн билдирет. Бул боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук кызматына жана Коргоо министрлигинин тийиштүү бөлүктөрүнө берилген. Жарандардын өмүрүнө жана алардын үйүнө, жеке менчигине кол салуу учурларында мыйзамга ылайык укук коргоо органдары ок ата турганы эскертилет.


“АКЫЙКАТ ҮЧҮН” КЫЙМЫЛЫ ЭМИ САЯСИЙ ПАРТИЯГА АЙЛАНАТ
Кыймылдын лидери Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, 8-майда партиянын алгачкы Курултайы өтмөкчү. Убактылуу өкмөт ага Тышкы иштер министри кызматын сунуштаганын, бирок андай сунуштан баш тартканын билдирди. Жекшенкуловдун айтымында, кызматтан баш тартуусуна бийликтеги партиялар арасында кызмат бөлүштүрүү башталганы, мыкты адистердин кызматынан айрылып жатышканы себеп болгон. “Убактылуу өкмөттөгүлөр көптөгөн жетекчилерди алмаштыруу аркылуу алдыдагы шайлоолордо административдик ресурстарга таянууга аракет кылып жатышат. Бирок эми андай болбойт”,- дейт ал.


ИБРАГИМ ЖУНУСОВ КАЙРАДАН КЫЗМАТКА КЕЛИШИ МҮМКҮНБҮ?
Убактылуу өкмөт өлкөнү башкарууну колго алгандан тартып министрлик, ири мекемелерден тартып жер-жерлердеги жергиликтүү башкарууда да кадрдык алмашуулар башталды.
Кызматтан алынгандардын катарында жакында гана “Ак жол” фракциясынан Мамлекеттик маданият агенттигине жетекчи болуп барган Ибрагим Жунусов да бар. Жунусовдун кызматтан алынышына Кара-Суу районунун эли нааразычылыгын билдирип, Утурумдук өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаевага кат жолдошту. Калкынын саны боюнча Нарын жана Талас облустарынан көптүк кылган Кара-Суу районунун калкы жаңы бийликтин катарына бул аймактан бир дагы адам кошулбагандыгына жана кыргыз Эл артисти, профессор Ибрагим Жунусовдун кызматынан алынгандыгына нааразы экендиктерин билдиришкен.
Ибрагим Жунусов Кыргызстандын патриоту катары электр энергиясына жана уюлдук байланыш кызматына болгон тарифтердин кымбаттоосуна, Ысык-Көлдөгү пансионаттардын, Каркыра жайлоосунун Казакстанга өтүүсүнө ЖКдагы жыйындарда каршы чыккандыгына өзүңүз күбө болгонсуз. Ушундай тайманбас инсан кыргыздын кызматына жарайт, жаңы бийликтин ишенимин актайт деп ишенебиз”,- деп жазылат Роза Отунбаевага жолдонгон кайрылуу катында. Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлеринин Кара-Суу шаардык кеңешинин жетекчиси Ж.Таштанов, Социалисттик эмгектин баатыры Т.Машраповалар Утурумдук бийликти кадрларды тандоо маселесинде акыйкат, көрөгөч болууга чакырышты. Ошентип, Жунусовду абалкы кызматка кайра алып келүүнү өтүнгөн бул кайрылууга үч миңден ашуун жаран кол коюшкан.


ЖАЛАЛ-АБАДДА КҮНДӨ БИЙЛИК АЛМАШУУДА
21-апрелде Курманбек Бакиевдин тарапташтары өткөрүп жаткан митингде кагылышуу болуп, анан таратылды. Бул тууралуу “АКИpress-Фергана” кабар агенттиги билдирет.
Митинг катышуучулары шаардын борбордук аянтына 3 боз үй тигишкен. Ошол эле аянтка Убактылуу өкмөттү колдогондор да чыгып тараптар арасында ок атышуу болуп, аз жерден жаңжал чыгып кете жаздаган. Ок атуу менен адамдар таркатылып, Убактылуу өкмөттүн губернатору Бектур Асанов кайрадан өз ордуна отурган.
Айта кетчү жагдай, 20-апрелде К.Бакиевдин талапташтары облустук администрациянын имаратын басып алып, өздөрүнүн губернатору катары П.Рахмановду дайындашкан эле.


БАКИЕВДЕРГЕ ТИЕШЕЛҮҮ 20 МИЛЛИОН ДОЛЛАР ТАБЫЛДЫ
Бул тууралуу Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары, Каржы министри Темир Сариев маалымат берди. Анын айтымында, Бишкектеги коммерциялык банктардын сейфтеринен Максим, Марат Бакиевдерге тиешелүү 20 миллион доллардан ашык накталай акча жана уютулган алтындар табылган. “Табылган каражаттар талап-тоноочулардан жабыр тарткан ишкерлерге жардам катары берилиши мүмкүн”,- деп кошумчалады Сариев.


Адахан Мадумаров:
“КЫРДААЛДАН ӨЗ КҮЧҮБҮЗ МЕНЕН ЧЫГЫШЫБЫЗ КЕРЕК”
20-апрелде атайын иш сапар менен Кыргызстанга Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун төрагасы, Казакстандын Тышкы иштер министри Канат Саудабаев келди. Канат мырза Бишкекте жалгыз гана Убактылуу өкмөттүн лидерлери менен жолугушпай, айрым мамлекеттик ишмерлер жана саясатчылар менен да жолугушту. Адахан Мадумаров, Мирослав Ниязов, Кубанычбек Исабеков, Феликс Кулов жана Исхак Масалиев сыяктуу ишмерлер да ЕККУнун төрагасына өз ойлорун айтышты. Жолугушуу соңунда Адахан Мадумаров “Көрүнгөндөн акча сурап, Кыргызстандын беделин түшүрүп жатабыз. Бул келечекте каржы көз карандысыздыкты, андан соң саясий көз карандысыздыкты жоготууну алып келет. Алар бизге акча бергенге милдеттүү эмес. Кыргыздар тарыхында эч кимге акча сурап жалдыраган эмес. Ошондуктан учурдагы кырдаалдан биз, кыргыз эли, кыргыздын жигиттери чогулуп туруп өзүбүз чыгышыбыз керек”,- деген оюн билдирди.

Айбек Кочкоров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
elif
2010-04-28 06:07:29
Kyrgyzzz
+5
0
AazamatBBB
2010-04-28 07:55:22
чынында кыйын болду кыргызга эми ушуну менен онолуп кетсе экен менин суранганым ушул кана.
0
Taллаc
2010-04-28 10:22:11
Ак ит кара ит жонундо туптуура жазылыптыр!
0
ylduska
2010-04-29 11:52:19
Деги ызы-чуудан тажадым, эмнеге мынчалык биздин чондор креслолорун бергилери келишпейт тан каламын. Эл сыйлабай калгандан кийин оздору эле кетип калышпайбы? же кочуктору жабышып калабы? Ал эми ЖАШТАР чектен чыгып баратасынар, ЖАШТАР деп койсо, мээси иштегени деле иштебегени деле болбой калды акылман болуп. МЕН ТЫНЧ ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ! ЧОНДОР КЫРЫЛЫШПАЙ-ЭЛДИ ОЙЛОГУЛА.
0
инженер
2010-04-29 16:31:05
Туура айтасын ylduska, кошулам сага. Качан бизге жыргал жашоо келет? Мен ойлойм, келечекте депутат кылып Буткул Кыргызстан боюнча элди болбой биримдикке чакырган, "Элдик биримдикти" колдогон адамдарды шайлоо керек. Депутаттардын жок дегенде 50 пайызы жаштар болуш керек. Себеби келечек жаштардын колунда!!! Биз озубуз келечегибизди ойлобосок, бизди ойлогон эч ким жок, баарыле оздорун эле ойлоп жатышат!
0
инженер
2010-04-29 16:34:24
таалай Сен кудай берет деп эле жата бербей, аракет кылыш керек. Кудай деле жалкоолорду, элге жамандык каалагандарды жаман корот.Ошон учун элге иштеп, жалкоолонбой, олкобузду алга суйрош керек, мына ушунда бизди Кудайым колдойт!
0
инженер
2010-04-29 16:37:38
Адахан Кимсанбаевич туура айтат. Качанга чеин биз бироолордон акча алып журо беребиз. Карызга го берет, бирок эртен, 2 эсе кылып сыгып алышат.
0
ylduska
2010-04-29 17:54:29
Адахан Кимсанбаевич Бакиевге аябай кономат кылгандарын эстегенде журогум айланып кетет. Жон эле калыс адам болуп журсо болбойбу, чон кылып койсо эле кошоматчы болуп алыш керекпи билбейм, мурда бийлике жете элек кезинде аябай жакшы адам болчу, кыргыз элим деген патриот, чынчыл, суйлогон создору октой. Бийлик бузат турбайбы корсо.
0
Acia
2010-04-30 07:25:14
Баягы эле адамдар!!Эл тажады гой ушул куру соз беруулордон!
0
Acia
2010-04-30 07:27:21
Бул адамдардын мамлекетти озгортуп,гулдотуп жиберишине ишенич жок...
0
konya
2010-04-30 08:20:54
Адахан Мырза! сиздей уяты жок кишини коргон эмесмин, Менин оюмча сиздин карьераныз бутту го...
0
hardsweet
2010-04-30 11:25:44
nukura kyrgyz tuura jazypsyn.sozuno 100% koshulam.ka4an kyrgyz elim biri-birinen biylik kreslosun talashpay kalat eken!!!
0
yahaha
2010-04-30 11:29:06
Адахандан артык кыргыз көрө элекмин!
0
Taллаc
2010-05-02 18:45:26
"Өзүнө өзү көр казган адамды көрсөт", - десе, мен А.Мадумаровду көрсөтмөкмүн..
0
Jekintay
2010-05-03 17:40:28
Улуу Ала-Тоолук биздин кыргыздар! Бутун дуйного уят болдук. Башка олколордо журушкон кыргыздарды маскара кылып жатышат. Албетте, озубуздо иш жок учун талаалап журобуз. Урматтуу боло турган бийлик ээлери! Алмашып алып кыргыз элин жегенден коро "Улуу Манас атабыздай" болуп, элибизди бир жерге чогултуп, олкобузду тууру жолго салыныздарчы! Акыры "Манас атанын" урпактарыбыз го!
0
№ 390, 23-29-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан