Мезгил үнү
Жер эне жошолонуп аккан кандан көз жашын аарчып бүтө электе, минтип жүрөгү тилинип сыздап турат. Мындай дегенибиздин себебин айттырбай туюп турсаңыз керек, окурман. Коогалаңдан соң Бишкектин тегерек-четиндеги айдоо аянттар, менчик жерлер, жадакалса мамлекеттин карамагындагы сейил бактардан өйдө басып алуу аракетинде жүргөн мекендештерибиздин ачуу чындыгы тууралуу баян этебиз.
ЖЕРДИ МЫЙЗАМСЫЗ БАСЫП АЛУУГА КАНДАЙ ЧАРА КӨРҮЛӨТ?
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 172-беренесинин 1-2-3-бөлүмдөрү боюнча жерди өз алдынча мыйзамсыз басып алгандарга жана айдалган түшүмгө зыян келтиргендерге акчалай айып салынат. Ошондой эле 80 сааттан 180 саатка чейин коомдук иштерге же 2 жылга чейин кайра түзөтүү иштерине жөнөтүлөт. 2-3 жылга эркинен ажыратылышы да күтүлөт. Ал эми жер басып алууларды уюштуруучулар 280 саат түзөтүүчү иштерге жөнөтүлүп же 3 жылга чейин эркинен ажыратылат.
ТАРЫХ КАЙТАЛАНДЫБЫ?
Эсиңизде болсо, 2005-жылы эл толкуну аркылуу бийлик алмашкан соң жер басып алуу менен Бишкектин чет-жакаларында Калыс-Ордо, Ак-Ордо, Ак-Бата сыяктуу бир топ жаңы конуштар пайда болгон эле. Эми минтип барагы саргая элек тарых кайрадан кайталанып жатат. 9-апрелде башталган жер басып алуулар токтомок турсун күч алууда. Тартышка түшкөн жерлер: "Ататүрк" сейил багынын жогору жагы, Калыс-Ордо жаңы конушунун төмөн тарабы, Бишкектин Түштүк дарбазасынын сейил бак тарабы, Щербаков-Элебесов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Турбаза аймагындагы жерлер, Маевка айылынын четиндеги жана Кара-Жыгач айылынын жанындагы айдоо аянттары.
КҮЗӨТ АЛАЧЫК
Алгач сапарыбызды Бишкектин Түштүк дарбазасынын аймагындагы сейил бактан баштадык. Жолдун оң тарабындагы бак тигилген аянтта белги таштар коюлуп, жалгыз алачык тигилген. Алачыкка баш баксак, алты аял тамак жасап отурушуптур. Журналист экенибизден шек алдырбай, биз да жер сурамыш болдук.
– Жер алганга жазылалы деп кайрылганбыз.
(Суроого аялдардын бири жооп берди).
– Эмне, жер алалы дедиңер беле? “Элитный” жерден силерге калмак беле? Бул жер келген күнү эле бөлүштүрүлгөн. Бош жер калган жок. Андан көрө тууган-уругуңарды чогулта калып, шагыл төгүлгөн жерди басып алгыла. 150-200 адам болсоңор жетиштүү.
– Жалаң айымдар экенсиздер, а эркектер кайда?
– Эркектерибиз башка жерди ээлегени кетишти. Биз силерге окшогондор жерди ээлеп кетишпесин деп кезектеше күндөп-түндөп күзөттө отурабыз. Силерге кеңеш бергидей алыбыз жок. Башты оорутпай башка жактан издегиле!..
ТАЛАШКА ТҮШКӨН ЖЕРЛЕР КИМГЕ ТИЕШЕЛҮҮ?
Жер талашка чыккандардын көбү эле “бул жерлер Данияр Үсөнов, Акылбек Жапаров, Марат Султанов, Жаныш Бакиев, Кубанычбек Жумалиев, Аскар Салымбеков сыяктуу чиновниктердики, ошол үчүн басып алдык” деген жоопторду кайтарып жатышты. Бул сөздүн чын-бышыгын изилдөө үчүн шаар башкармалыгына кайрылып, так маалымат ала алган жокпуз.
Ал эми Бишкек шаарынын мэринин пресс-катчысы Муса Коңуровдун берген маалыматына таянсак, талашка түшкөн Көк-Жар айылындагы айдоо аянттарын жумуштан бир жыл мурун бошогон айыл өкмөтүнүн жетекчиси бир топ чиновниктерге сатып жиберген. Мындан сырткары басып алынган жерлердин басымдуу бөлүгү үлүшкө берилген жана дыйкандар ижарага алып иштетип жаткан жерлер болуп чыкты.
ШААР БАШКАРУУЧУЛАРЫ ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркуловго кайрылганыбызда, ал Бишкек шаарына караштуу аймактан эч кандай жер берилбей тургандыгын билдирди. Ал эми жер басып алууга чыккандарга шаар четинен жерлер караштырылып жаткандыгын жана келечекте көп кабаттуу үйлөр салынарын баса белгиледи. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэринин пресс-катчысы Муса Коңуров төмөндөгү маалыматтарды кошумчалай кетти:
– Биз жер басып алуу башталгандан тартып эл менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Аларга мыйзамсыз жер басып алууда жазага тартылары да айтылды. Бирок элдин арасында үчүнчү жактан тескери үгүттөр болуп жатканы туюлуп жатат. Башканы кой, мен өзүмдүн үлүш жеримди эле мисал келтире кетейин. Менин Көк-Жардагы айдоо аянтымды да басып алышты. Эгин талаамды тепсегендерине кыжырым келди. Анан коңшу аянттарды да басып ала башташты. Сөз менен айтып жеткире албаган соң жер ээлери биригип, үлүш жерибизди атчан кайтарууга туура келди. Таптакыр эле болбой калганда күч колдонуп, кубалап чыгууга аргасыз болдук. Тилекке каршы, айрым адамдар жерди мыйзамсыз алууга болбосун түшүнгүлөрү да келбей жатышат.
ҮМҮТ КУРГУР ҮЗҮЛБӨЙТ...
Күзөт алачыктан соң жолдун аркы бетиндеги ушундай эле алачыктын бирине кайрылдык. Эки эркек, үч аял жаш балдары менен жолубузду тосуп чыгышты. “Бизди ары-бери өткөндөр көрүшсүн, арыз-муңубузду угушсун деп жол карап жатабыз”,- деп сөз башташты алар.
– Биз мурдагы бийлик алмашканда да "Монте Карло" эс алуу жайынын айланасындагы жерди басып алалы деп чыкканбыз. Бирок бийликтегилер келип “бул жакка мамлекеттик мекемелер, көп кабаттуу үйлөр курулат, бошоткула. Силерге башка жактан жер берилет” дегендеринен тарап кеткенбиз. Андан кийин жер эмес, таш балакет жок.
Бул жолу да бийлик алмашары менен эл бош жаткан жерлерди басып алып жатканы тууралуу теледен көрүп, кайрадан чыгууну туура таптык. Биз алгач Кара-Жыгачка бардык. Ал жактан топ башылар “бул жакта жер калган жок, башка жактан издегиле” деп түртүп чыгарышты. Анан бош жаткан жерлерди караштырып жүрүп, ушул сейил бакка туш болдук. Бирок мыйзамды бузалы деген деле оюбуз жок. Эгерде мамлекет бизге “башка жерден жер беребиз, бул жактан кеткиле” десе, анда бошотуп беребиз. Чынын айтсак, батирден батирге көчүп жүргөндөн тажадык. Бир бөлмөлүү батир үчүн 5000-6000 сом төлөгөндөн көрө, үңкүр да болсо үйүң болгону жакшы эмеспи. Биздин оюбузча, мамлекет көп кабаттуу үйлөрдү салып берсе, бизге окшогон үй-жайсыздар турак менен камсыз болушат эле. Акчасын деле аз-аздан төлөп берет элек да.
Мына бул ылдый жактагы байлардын үйлөрүн карагылачы, канчалаган жерди ээлеп жатат. Жер басып алуудан пайдаланып калгандар да көп. Мисалы, тетиги чатыр тиккендердин кычыраган машиналар менен келгендерин көрүп, жинибиз келип жатат. Бизге окшогондордун арасында куулук менен пайда табайын дегендери да бар окшойт. Коогалаңда каза болгондордун арбагына куран окутушкандары жакшы, бирок аларга таянып эле “жер бербесе, өлгөн балдардын арбагы кечирбейт” дей бергендери туура эмес.
КАРА-ЖЫГАЧТАГЫ КАРА ЖЕР КӨЙГӨЙҮ
Кийинки сапарыбыз Кара-Жыгач конушун көздөй уланды. Жолду жаап салгандыктан, коомдук унаалар ар кай жактан айланып өтүп жатышты. 85 гектарга созулган айдоо аянтында топ-топ болуп бөлүнгөн адамдар өздөрү эле жер бычып, бөлүштүрүү иштерин аяктап калышыптыр. Бөлүп алган жер тилкелерин кайтарып отурган бир топ аялдар: “Бул жер Данияр Үсөнов, Аскар Салымбеков сыяктуу аткаминерлердин жери. Бирок алар жерди башка адамдардын наамына каттатып коюшуптур. Биз башкаларчылап айдоо аянтын тебелеген жокпуз. Бул жер 10 жылдан бери бош жатат. Тетиги айылдар деле “захват” менен түшкөн”,- деп айтышты.
Жер талашта жүргөндөрдүн арасында бир кезде “Турак жай” федерациясынын жетекчиси Анвар Алдековго алдангандар да бар экенин сурамжылап билдик. Тактай кетсек, учурунда Анвар мырза 70 гектардан ашуун жерди “элге алып берем” деп акчасын жыйнап алып качып кеткен.
Жер басып алуучулардын 50 пайызын жаштар түзөт. Арасында 60тан ашкан кемпирлер, бала көтөргөн келиндер, боз уландар басымдуу. Үй маселеси көкөйүнө көк таштай тийип, айлап-жылдап батирде жашап, жерге жетпей жүргөндөр бар. Кээ бирөөлөрү үйү бар туруп, кошумча жерге илинип калайын дегендер (жадакалса алыскы райондордон атайын жер алууга келгендер да бар экен). Дагы бири жер алып, кайра сатып, бизнес кылып пайда тапкандар сыяктанды.
Учурда жер басуучулардын ичинен бешөө башчы болуп шайланышып, мамлекет башындагылар менен сүйлөшүүгө даярданып жатышканын айтышты. Топ башылар сүйлөшүү жүргүзүп жатышканда бир топ шылуундар элдин паспортторунун көчүрмөсүн сурап жүрүштү.
Баса, бул жактагы эл алдына келген Өмүрбек Текебаев “аз убакыттын ичинде жер маселесин чечип беребиз” деп убада кылганын айтышып, жер алмайынча кетишпесин баса белгилешти.
ЖЕР ТАЛАШ УЛУТТАР АРАЛЫК ТИРЕШҮҮГӨ АЛЫП КЕЛЕБИ?
Ал эми Маевкада жер талаш кан төгүүлөргө чейин барды. Эми окуяны ырааты менен баяндасак. Маевкада арпа-буудай себилген айдоо аянттарына барган жер басып алуучулар жер пай курууга жетишишиптир. Жер пай десек таш-цементтен курулган экен деп түшүнүп албаңыз. Болгону, жер пайлар кадимки кара топурактан тургузулуптур.
Талашка түшкөн айдоо аянтынын негизги бөлүгү түрк улутундагылардын менчиги экенин айтышты. Мындан сырткары, аталган айыл өкмөтүнүн эсепчиси Чынара аттуу айымдын ысымын аташты. Жер талашка чогулгандардын көпчүлүгү жогоруда айтылгандардан жерди ижарага алып, 6 айга гектарына 13-15 миң сомдон төлөп иштетишет. Ижарага жер алып, арпа сепкен дыйкандар да “бул баш аламандыктан кантип кутулабыз?” деп башын мыкчып отурушат. Парник тигип отурган дыйкандардын бири: “Биз жерди ижарага алып, эгин эккенбиз. Айылдаштар келип жерлерди басып алышты, тебелешти. Эмне кыла алабыз, “Эл мененбиз!” деп отурабыз. Ал эми жер ээлери болсо “тынчтангыла, эч кандай жер берилбейт” деп бизди жооткотуп кетишкен. Ага калкыган эл көнө коёбу, айла жок да. Эгинибиз элдин таман астында калды минтип...”- деп капаланды.
Маевкадагы жер талаш кыргыздар менен түрктөрдүн ортосундагы чуулгандуу окуяга айланып кетерин күтпөгөндөр: “Жер басып алуучуларга жердин ээлери болгон түрктөр келип, “жерибизди бошоткула, болбосо атып салабыз” деп коркутушкан. Натыйжада түрк улутундагы адам кыргыз аялга ок чыгарган. Ок атуудан кийин каны кызыган эл түрктөрдүн үйлөрүн көздөй чабуулга өтүшкөн...”- деп айтып өтүштү.
Мына ушундан улам Маевкадагы жер талаш улуттар аралык тирешүүлөргө алып келеби деп эл өзү кооптонуп турат. Маалыматтарга караганда, 19-апрелде Маевкадагы жер талаштан улам 5 адам каза болгон. Анын ичинде бирөө казак, дагы бири Азербайжан жараны экени аныкталды. Мындан сырткары, Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча 29 адам ооруканага жеткирилген. Эскерте кетсек, жаракат алгандардын 10у коопсуздукту сактоо кызматкерлери. Ошондой эле Маевка айылында жашаган айрым түрк улутундагы тургундардын турак жайлары өрттөлүп жана ИИМдин 3 машинасы толугу менен жарактан чыккан.
Мына, окурман, өлкөбүздөгү кандуу окуядан эс-учубузду жыя электе минтип жердин айынан атышуулар да чыгып жатканы кейитпей койбойт. Кыргыз эли эзелтеден кара кылды как жарган калыс, намыстуу, түшүнүктүү эл деп тарыхта айтылып келет. Ата-бабабыздан калган намыстуулук өз жерибизди тытмалап, бири-бирибиз менен тирешүүгө жол бербес. Өлкөбүздүн тагдыры өкчөлүп турганда оңунан түшөрүнө тилек кылып, ынтымакка элди чакыралы. Бекеринен байыртан "ынтымак бар жерде ырыс бар" деп айтылып калбагандыр.
Бахияна Сатылганова, Бурул Исмаилова, Адилет Бектуров
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
БАСЫП АЛУУ МЕНЕН ЖЕРГЕ ЭЭ БОЛГОНДОРДУН ИШИН КАНДАЙ БААЛАЙСЫЗ?
Адилет,
19 жашта, студент:
– Мен мыйзамсыз басып алынып жаткан жерлерди кыдырып чыктым. Чынын айтсам, кээ бирөөлөрдүн кандай ой-максатта жүргөндөрүн угуп, нааразы болдум. Чыныгы көйгөйү менен чыккан элдин арасында өз пайдасын ойлогондор көп экен.
Анаркүл,
41 жашта, үй кожойкеси:
– Мен да жер басып алууга барып жатам. 8 жылдан бери батирде турам. Өзүм 2-топтогу майыпмын. Мамлекет башындагылар бизге окшогондорду ойлобосо, айла жок ушул жолго барабыз да! Чоңдордун үйлөрүн карагылачы, гектар жерлерди ээлеп турат.
Жапар,
58 жашта, пенсионер:
– 2005-жылы бийлик бир жаңылган. Анткени жер басып алуучулардын талабын аткарган. Андан көрө ошол жерге көп кабаттуу үйлөрдү салдырып, жеңилдетилген жол менен элге берсе болмок. Чынын айтсам, шаардын инфраструктурасын ойлогон эч ким жок.
Орозайым,
70 жашта, пенсионер:
– Бирөөнүн мыйзамдуу жерин баскынчылык менен тартып алган туура эмес. Бирок мамлекет элди ушундай абалга алып келбеши керек болчу. Эми жаңы түзүлгөн бийлик элди ойлоп, ортодон жарака кетирбей ынтымакка чакырса эле болду.
Жумабек,
30 жашта, айдоочу:
– Мындай жорук баштап жаткандарга кошула албайм. Жок дегенде каза болгон кырчындай 85 балабыздын кыркы чыкканча күтүп турушса болмок. Алардын өлүмүн бетине кармап, учурдан пайдалангандар да бар.
Жылдыз,
32 жашта, мугалим:
– Жерди мыйзамсыз басып алгандарга каршымын. Мен деле канча жыл батирлеп жүрүп, акыры үй сатып алдым. Ар бир адам аракет кылса, берекет болот. Жок деп эле мамлекетти күнөөлөгөн туура эмес да. Бул жалкоолук.
Эрмек,
23 жашта, куруучу:
– Жумушсуздуктан, үй маселесинен жадаган эл көтөрүлүп, аргасыздан басып алуулар менен жерге жетип жатышат. Алардын мындай жолго баргандары деле туура. Элди эч ким ойлобой калбадыбы.
Бахияна Сатылганова