САПАТКА БАСЫМ ЖАСАГАН "КАНТ ТШИ" ЗАВОДУНА 50 ЖЫЛ!

Өлкөбүздөгү таанымал заводдордун бири болуп келген «Кант ТШИ» ишканасы 1967-жылы 3 түрлүү технологиялык линия менен шиферлерди чыгарып баштаган. Аталган заводдун материалдары Кыргызстанды гана эмес, СССРдин булуң-бурчуна тарап турган. Көз карандысыздыкты алгандан кийин да ишмердүүлүгүн улаган завод быйыл 50 жылдык мааракесин белгилеп жатат.

ЖАРЫМ КЫЛЫМДЫК ЭМГЕК

"Кант ТШИ" заводу Бишкек шаарынан алыс эмес, Чүй облусундагы Кант шаарынын четинде жайгашкан. Шифер жана түтүк чыгаруу менен иш алып барган завод бүтүндөй СССРге белгилүү болгон. Ишкана ачылгандан тарта жылдан жылга өнүгүүсүн токтотпой ишин улантып келет. Аталган завод ачылганынан 3 жыл өтпөй өндүрүштү эки эсеге көбөйткөн. Өлкөбүз көз карандысыздыкты алгандан тарта көпчүлүк завод-фабрикалар ишин токтотууга мажбур болушкан. Аталган завод бул сыноодон татыктуу өтүп, 2007-жылдан бери эки ири ишканага бөлүнгөн. Жарым кылымдык тарыхы бар ишкана учурда өлкөнүн алдыңкы 10 ири өндүрүш компанияларынын катарына кирет.
"Кант ТШИ" Кыргызстандагы заманбап жабдууга керектелген жогорку сапаттагы хризотилцемент продукцияларын чыгаруучу ири ишкана. Заводдон чыккан ар бир продукт Мамлекеттик сертификаттар сапаты менен тастыкталат.

ШИФЕРДИН ДЕН СООЛУККА ЗЫЯНЫ ЖОК

Шиферди жасоодо суу, цемент жана асбест буласы керектелет. Европада асбесттен жасалган шиферлер адамдын ден соолугуна зыян делип, курулуш каражаты катары колдонулуусуна тыюу салынган. Бирок көпчүлүк биле бербеген нерсе – бул асбесттин эки түрү бар болгондугу. Европада амфибол-асбесттен жасалгандыктан курулушта колдонууга болбойт. Ал эми "Кант ТШИсинде" башынан бери асбесттин хризотил деген түрү гана колдонулуп келген.
Дүйнө жүзүндө курулуш рыногунда антиасбесттик компания жүрүп, атаандаштар атайын асбесттин түрлөрүнө карабай эле ал зыян деп айтып чыгышкан. Дүйнөнүн ири делген Швейцария, АКШ жана Германиядагы токсикологолиялык лабораторияларында жүргүзүлгөн бир канча жылдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында хризотил асбестти колдонууда адам ден соолугуна залал тийгизбей тургандыгын жана колдонууга боло турганын далилдешкен. Буга ылайык, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү да хризотил асбесттен даярдалган каражат адам үчүн коркунуч туудурбайт экендигин тастыкташкан.
Хризотил асбест өлкөбүздө СССР кезинен тарта дээрлик 70 жылдан бери өндүрүлүп келет. Андан даярдалган каражаттар адам ден соолугуна терс таасир тийгизип, оорулардын себепкери болушу мүмкүн эмес.

ЖАҢЫ ЧЫГАРЫЛЫП ЖАТКАН КАРАЖАТТАР

Бүгүнкү күндө завод өз ордунда турбай, алга кадам таштап жаткан убагы. Алсак, 2015-жылдан тарта ишкана толугу менен кубаттуулугун күчөтүп, жаңы заманбап курулуш материалдарын чыгарууну баштаган. Курулуш жаатында барган сайын ылайыктуу жана иштөөгө оңой болгон каражаттар чыгарылууда. Алсак, ишкана шифер менен түтүктөрдөн тышкары фиброцементтүү сайдинг жана кум менен цемент аралашкан черепицаны чыгарып баштаган. Жаңы каражаттар курулуш рыногунда ордун таап, суроо-талаптарга ээ болуп келе жатат. Мындан тышкары ишкана фасадга керектелген ар түстөгү плиталарды жана түстүү шиферлерди чыгарып келет. Дээрлик бардык жумушу автоматташтырылган, анда оор делген жумуштар техниканын жардамы менен гана аткарылат. Учурда заводдо 300дөн ашуун жумушчулар иштейт. Алардын көпчүлүгү Кант шаары жана ага жакын жайгашкан айылдардын тургундары.

«Кант ТШИ» ЖЧКсы
Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Ысык-Ата району,
Кант шаары, Чыгыш промзона
Байланыш телефону: +996 312 616 990; Факс: +996 312 616 991
E-Mail: Kantslate@kantslate.kg
Биздин филиалдар: Ош ш. Тел.: +996 701 88 44 74;
Жалал-Абад ш.
Тел.: +996 779 68 33 50;
Алматы ш.
Тел.: +7 701 203 09 79

Адилет Керимбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ayva
2017-07-14 09:01:06
Кыргызстаным онуго бер.шифер завод ткирпи завод.цемент завод.сахар.хлеб.подгузник.посуда мебель.бельё.кыскасы маде ин Кыргызстан деген буюмдар аябай коп болуп кетсе экен.Кыргызстан Алгааааа.
+1
№ 766, 7-13-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан