Кыргыздын кымча бел сулууларынын бири модель, актриса Айкөл Аликжанова турмуш жолуна аттанды. Ал бир нече сулуулар сынагынын жеңүүчүсү, ошондой эле «Көк салкын-2»,
«До+Фа-2», «Султан Сулайман» тасмаларында роль жараткан. "Актриса араб шейхине турмушка чыгат экен. Ошондуктан хиджаб кийиптир" деген сөздөр айтылган. Ал кептерди төгүндөп модель кыргыз жигитине турмушка чыкканын, ырчы Айгерим Расул кызынан уктук: "Айкөлдүн кыз узатуу тою 2 күн мурун Ошто болду. Биздин ата-энелерибиз жакшы достордон. Тойго ата-энем келе алышпай, ордуна мен барып, ата-энемдин жана өзүмдүн атымдан куттуктап келдим. Жолдошу таластык жигит экен",- деди ырчы айым. Айкөлгө биз дагы үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз.