Президенттик шайлоого ат салышам дегендердин тизмеси күн өткөн сайын өсүүдө. БШКга президенттик шайлоого катышам деп арыз берген жыйырмага чукул талапкердин ичинде ырчы Айнура Салахидинованын жолдошу Санжарбек Энназаров да бар. Бул тууралуу ырчы: "Жолдошум "президенттикке талапкерлигимди коём" десе, тамашалап жатат го деп ойлогом. Бирок чын эле кечээ барып арыз тапшырып келиптир. Жолдошум "президент болуу кичинемден келе жаткан кыялым. Кыргызcтандын ар бир жараны президентикке талапкерлигин коюуга укугу бар" дейт. Башында анын бул кадамын туура эмес деп ойлосом, азыр колдоого өттүм",- дейт.