Кенже Дүйшеева: ``БУЮРСА, КАЗАКТАРГА КЕЛИН БОЛОМ``

“Кыз-Бурак” тобундагы кыздардын кырааны Кенже Дүйшеева турмуш жолуна аттанганы турат. “Супер ырчы айым-2009” наамын алганда “көрөсүңөр, быйыл турмушка чыгам” деген болчу. Айткан сөзүнө чын эле турду. Ырчы "жолдошумду костюм-шым кийген мырза деп элестетем. Анан ал "Кыз-Бурактын" 280-күйөө баласы болот" деп көп айтчу. Кенже айымдын ошол сөздөрү дал келди.

“17-АПРЕЛЬ – ТАГДЫРЫМДЫН БУРУЛУШУ”
– Кенже эже, “Супер ырчы айым наамын алдым, эми турмушка чыгам” дедиңиз эле. “Кой, ошондой сөз оозумдан чыкты эле” деп жездебизди атайын кайырмак көтөрүп алып издедиңизби же буйрук болдубу?
– “Супер ырчы айым” наамын алдым, анан турмушка чыгып жатам десем туура эмес болуп калат. Мен көптөн бери эле мүчөл жашымда турмушка чыгам деп ойлочумун. “Адамдын ар бир айтканы Алланын кулагында” деп коёт эмеспи. Ошондой болду окшойт. Раматылык апам “Кенже, бир туугандарыңды үйлөнтүп-жайлантып, анан турмушка чык” дечү. Апамдын аманатын аткардым.
Гүлшайыр эже “Кенже, турмушка чыгышың керек. Жасаган эмгектериңдин акыбети кайтат. Түз жүргөнүңдүн, ак эмгегиңдин жемишин аялдык бакытыңдан табасың” дей берчү. Ошол сөздөр кулагыма сиңип калыптыр. Аял катары бактылуу болом деген ишеним менде күч болчу. Мына эми минтип турмуш босогосун аттаганы турам.
– Бакыт кушун кондуруучу мырзаны кайдан жолуктурдуңуз?
– Бир жыл мурун Гүлшайыр эжемдин Казакстандын прокуратура тармагында 25 жылдан бери иштеген таякесинин жубайы кайтыш болгон. Анан таякелер чогуу иштешкендерин куран окутканы Ноокатка чакырышыптыр. Баш-аягы он бештей адам келди.
Куран окуткандан кийин келген меймандарды Гүлшайыр эже Ошко конокко чакырды. Өзүмдүн жумуштарым көп болчу, бирок коноктор келчү кафени даярдап, меймандарды күтүп алдым. Буту-бутума тийбей кызмат кылып жүрдүм. Чай үстүндө “куда бололу” деген сөздөрдү угуп калып жатканым менен, кызы бар кишиге айтыла жүрчү кептерден деп көңүл бурган эмесмин. Бир убакта коноктордун бири “Кенже, турмушка чыктың беле?” деп сурап калды. Турмушка чыкпаганымды айтсам, “анда келин кылып алайын” деди. Мен да тартынбай “болсо болоюн” деп койдум, оюмда эч нерсе жок. Анан уулу менен тааныштырды. Аты Талгат экен. Ошентип, 17-апрель, “Встреча” кафеси тагдырымдын бурулушу болду.

“КАЙЫН ЖУРТУМДУН КЫЗЫ ДА, КЕЛИНИ ДА МЕНМИН”
– Таанышкандан кийин Талгат мага телефон чалып, СМС жаза баштады. Аңгыча жай да келип калды. Көлдө эс алып жүрсөк, Талгат атасы экөө да барып калышыптыр. Алыстан келген мейманды төргө өткөрүп сыйлоо салты менен коноктодук. Ошондон баштап жакын болуп кеттик. Гүлшайыр эже кыраакы адам эмеспи, Талгатты биринчи көргөндө эле Гүлнарага “экөөнүн жылдызы дал келет экен. Ушул жигит мага күйөө бала болот” дептир.
Талгат октябрь айында Бишкекке келип, көчөлөрдөгү биздин концерттик жарнамаларыбызды көрүп калыптыр. Анан мага “концертиңерге барсам болобу?” деп телефон чалды. Кел дедим. Концерт аяктагандан кийин “ты оказывается звезда” деп жатпайбы. Көрсө, Талгат концертке чейин менин элге таанымал ырчы экенимди билбептир. Буга чейин канча адам жуучу түшүп келди. Бири Кенже Дүйшеева деген атыма, экинчиси ырчылыгыма кызыгат. Ал эми Талгат менин өзүмдү жактырды. 12-октябрь – туулган күнүмдө аны “Кыз-Бурактын” жаңы, эски курамы менен тааныштырдым.
– Туулган күнүңүзгө эмне белек берди?
– Алтын чынжырча белек кылды. Талгат да мага окшоп өмүр бою иш деп жүрүп жеке турмушун экинчи орунга койгон адам экен. Менден эки жаш улуу, 1972-жылкы. Атасынын жолун жолдоп прокуратура тармагында иштейт.
– Эмнегедир болочок кайненеңиз жөнүндө эч нерсе айтпайсыз го...
– Айтам эле. 4-апрелде болочок кайнене-кайнатамдар Бишкекке келип, сөйкө салып кетишти. Келгендерди “Кыз-Бурактын” мурунку курамы бүт келип коноктошту. Кайнатам домбра чертип, укмуш ырдаса, кайненем бийлегенди аябай жакшы көрөт экен. Кайненем “Кенже, мен сенин баскан-турганыңдан, бийлегениңден, иш кылганыңдан өзүмдүн көчүрмөмдү көрүп турам” деди тамашалап. Талгат бир үйдүн жалгыз баласы экен. Ошондон улам кайненем “кызым да, келиним да сенсиң” деген сыяктуу жакшы сөздөрүн айтты.

“ЫЙЛАБАЙМ ДЕП КЕПИЛДИК БЕРЕ АЛБАЙМ”
– Сизди 24-апрелде алып кетишет деп айтышкан. Бирок казак-кыргыз чек арасы убактылуу жабык деп жатышат го...
– Ошону карабайсыңбы, минтип элибизде тополоң чыгып кеткенин. Сөйкө салганы келишкенде 24-апрелди белгилегенбиз. Биз мындай кырдаал болуп кетерин кайдан билдик. Тынччылык эле болсо чек ара ачылып калар. Бирок Гүлшайыр эжем “жок дегенде мага күйөө бала келсин” деп тамашалай катуу эле айтып жатат.
– Тойго даярдык кандай, өзүңүз кошо чуркап жатасызбы?
– Бизден бирөө турмушка чыкса өзүм чуркамакмын да. Өзүңдүкүнө келгенде унчукпай калат экенсиң. Эч нерсесине кийлигишкен жокмун. Гүлшайыр эже өзүнүн командасы менен уюштуруп жатат. Болгону, мен үлпөт көйнөгүм менен алек болдум. Ак көйнөк кийүү ар бир эле кыздын кыялы эмеспи. Көйнөктү Бишкектеги мыкты дизайнерлердин бирине тиктирдим.
– Толкунданып, кандай болор экен деп санааркап да жатасызбы? Курбу кыз ким болот?
– Толкунданган жокмун. Эмнегедир көңүлүм ток, бейкапар жүрөм. Гүлнара менен Айжамалды турмушка узатканда төшөктөн турбай беш күн ыйлагам. Мен азыр ыйлабайм деп кепилдик бере албайм. Гүлнарага курбу кыз мен болгом да. Эми мага жакшы санаалаш бир кыз болгону жатат.
– Топтогу кыздар турмушка чыгарыңызды укканда эмне дешти?
– Алар шок болушту. Качан болсо жалаң иш деп жүрсөм же жигит менен колтукташканымды көрүшпөсө ошентишет да. Туулган күнүмдө болочок жездеси менен таанышышпадыбы. Эртеси уктап жатсам, бири келип кучактаса, бири жинденди, ыйлаганы да болду.
Ал эми бир туугандарым мени “Гүлшайыр эженин кызы” дешет. 17 жыл ырдайм деп жүрүп бир туугандарымдан да “Кыз-Буракка” жакын болуп калыптырмын. Өткөндө бир туугандарым “куда кут болсун!” деп Гүлшайыр эжени, таенемди (Гүлшайыр эженин апасы) чакырып сыйлашты. Мен да тууган-уругумдан бата алып кайттым. Мурунку силерге берген интервьюмда “буюрса, негр күйөө балалуу болосуңар” деген кеп бар эмес беле, турмушка чыгып жатканымды билгендердин биринчи эле суроосу “деги күйөө бала негр эмеспи?” болуп жатты. Мен боорум эзилгиче каткырдым.

“САХНАДА ӨМҮР БОЮ КАЛГЫМ КЕЛЕТ”
– Келечекте кайын журтумда өнүп-өсөйүн, кыргыздын атын чыгарган келин болоюн, үй-бүлөнү да, чыгармачылыкты да алып кетейин деген тилек-максаттарым бар. Сахнада өмүр бою болгум келет. Талгат биздин концертти көргөндөн кийин “көп эмгек кылып коюптурсуң, муну аягына чыгарышың керек” деди. Ошондо сүйүнгөнүмдү сураба. Биздин топ бир ай Ошто болсо, бир ай Бишкекте жүрөт эмеспи. Алматыдан Бишкекке чейин эки эле саат да. Ошондуктан менде топтон алыстап, чыгармачылыгымды үзгүлтүккө учуратуу деген маселе жаралбайт деп ойлойм. Бирок менин биринчи тилегим – наристе жытын жыттоо. Бала-чакалуу болуп алайынчы, анан чыгармачылыкка башка дем менен сүңгүп кирем. Ал эми жакынкы пландарга кайрылсам, кыздар чогуу аткарган “Сен”, мен аткарган “Жалган дүйнө”, Сайкал ырдаган “Ардагым”, топтун “Мажүрүм тал – Оштун символу” ырларына клип тарттыруу алдында турабыз.
– Ылайыгы келсе, казактардын шоу-бизнесине аралашасызбы?
– Азырынча аны айта албайм.
– Маегиңизге рахмат. Көшөгөңүз көгөрсүн.

КЕНЖЕ ТУУРАЛУУ

  • 1974-жылы 12-октябрда Өзгөн районунун Мырзаке айылында туулган.
  • Беш эркек, төрт кыздын сегизинчиси.
  • Оштогу педагогикалык окуу жайдын мектепке чейинки балдарга тарбия берүү бөлүмүн жана ОшМУнун журналистика факультетин аяктаган.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
safina
2010-04-27 09:06:04
Бактылуу болунуз
0
KTB
2010-04-27 15:04:45
Бактылуу болунуз куш боонуз бек болсун!!!
0
Nash
2010-04-27 20:07:09
че уже негр кинул что ли, все время про жениха говорит!
0
Nash
2010-04-27 20:07:10
0
almasbek
2010-04-28 00:30:43
бактылуу болгула
бирок тийгенден кийин мактансанар болмок
негрди угуп айнып кетпесин
0
bek
2010-04-28 10:02:12
бактылуу болун кармашкан колун узулбосун
0
RukaPashnik
2010-04-28 10:48:47
Emnesi bolso da kyrgyzby kazakby bolgonu omur boiu birge jawagyla.Kenje abje.
0
nazgulaidar
2010-04-28 20:26:06
Кенже эже бактулуу болгула г москва
0
Taллаc
2010-04-29 12:26:11
йо маййо давно пора болчу. Эми деле кеч эмес. Кыздар, бул "ишти" экинчи планга калтыра корбогула. Депрессиянын булагы так ушул көйгөй деп кесе айтам.
0
Nuray
2010-04-29 23:16:03
Кенже, чын журогумдон силер учун кубанычтамын! "Кыз-Бурак" жонундо окуп калганда, же ырларын угуп калганда, "ушу кыз бактылуу болуп, ордун тапса экен" деп ойлоп койчум эле, абдан суюнуп атам. Бактылуу болгула!
Гезиттердин биринен уйлонуу улпотунордогу суротторду кордум, жезде купулга толду, бактылуу кылат деп ишенем!
Ылайым жараткан силерге чон бакыт берсин! Ынтымактуу жана бактылуу уй-було болгула деп алыс жакта жургон бир кыргыз кызы...
0
Acia
2010-04-30 07:18:52
Бактылуу болунуздар !!
0
Aijanka sweet
2010-04-30 20:15:13
мейли эми каарыды го....
0
биз
2010-05-01 13:24:30
тиги казак бай болсо керек да... Же эски карышкыр,ал ушуга чейин уйлонбой жургонуно караганда ооо болсо керек
0
Nash
2010-05-04 18:57:34
бактылуу болунуз! кечиресиз менин биринчи комментарийиме... :)
0
jalbirak
2010-08-04 02:45:55
Я вас уважаю
0
№ 390, 23-29-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан