Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ПРЕЗИДЕНТТЕРДИН АЙЛЫГЫ КАНЧА?

№224 16-22-февраль, 2007-ж.


КЫРГЫЗСТАНДЫКЫ...
2005
-жылдагы көрсөткүч боюнча, Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин бир жылдык маянасы 279 миң 548 сомду түз­гөн. Бизге мамлекет башчынын басма сөз кызматынын жетекчиси Досаалы Эсеналиев билдиргендей, президенттин өт­көн жылдагы бир айлык маянасынын өл­чөмү жана жыл ичиндеги маянасынын жалпы суммасы канчага жеткени жакында март айында өткөрүлө турган киреше тууралуу декларациядан кийин белгилүү болот.

АКШныкы...
Салт катары дүйнө жүзү боюнча аткаруу бийлигинин эң жогорку маяна алган өкүлү болуп АКШнын президенти саналат. 2001-жылдын 1-январынан бери Жорж Буштун бир жылдык айлыгын кошкондо 400 миң долларды түз­гөн. Мында түр­дүү бонустар: транспорт жана башка чыгымдар (жалпысынан 150 миң), өкүл­чүлүк чыгымдар (19 миң), ошондой эле Ак үйдө бекер жашоо компенсациялары каралган эмес.

СИНГАПУРДУКУ...
Эң жогорку маяна Сингапурдун президенти менен премьер-министрине таандык. Премьер Ли Сянь Лун жылына 1 миллионго жакын доллар алат. Мында да, мамлекет тарабынан төлөнгөн 2 миллионго жакын түрдүү бонустар эсепке алынган эмес. Ыйгарым укуктары премьердикинен азыраак болгон президент Селлапан Рама Натан андан жарым миллион акча аз алат жана анын да бонустар пакети чоң. Ошону менен катар эле Сингапур Республикасынын мыйзамына ыл­айык, өлкөнүн жогорку кызматтагы адамдары пенсия жашына келгенде (55 жаш) айлык маянасынан бир аз гана төмөн пенсия алышат.

ИРЛАНДИЯНЫКЫ...
"Евросоюзга кирген мамлекеттердин жетекчилеринин кимиси баарынан көп алат?" деп Европа Биримдиги териштире келгенде, рекорд Ирландия президенти Мэри Макализге таандык экендиги анык­талган. "Бул айымдын ыйгарым укуктары Британ ханышасыныкынан аз­ы­раак, анткени, ал эл башкармак турсун ханышалык да кылбайт. Бирок, менимче, иштин баары биздин мүнөздө жатат. Биз мамлекет башчыбыз башкалардан аз алып калбаса экен деп намыстанабыз" дейт дублиндик социолог Майкл Маккена. Мындай намыстануу Ирландия мамлекетине айына 22 миң 834 евро (жылына 350 миңдей доллар) турат.
Ал эми Ирландиянын премьер-министри Берти Ахерн айына 20 миң 558 евро алат.

ТҮРКМӨНСТАНДЫКЫ...
Көптөгөн демократиялык өлкөлөрдөн айырмаланып, авторитардык мамлекеттерде өлкө башчысынын айлык маянасы тууралуу суроо жок. Алардын айлыгы же таптакыр эле жок, же ал өтө эле төмөнкү өлчөмдө.
Эң эле аз айлык алган президенттердин бири деп көзү өтүп кеткен түркмөн лидери Сапармурад Ниязовду айтса болот эле. Түркмөн­стандын расмий өкүл­дөрүнүн эч кимиси түркмөн­башы канча акча алаарын айта алган эмес. Журналисттердин маалыматы боюнча, анын расмий маянасы айына болгону 900 долларды түзгөн. Бирок, өзүнүн реалдуу кирешелерин ал дээрлик жашырган эмес. Мисалы, анын мамлекеттик-коммерциялык Президентбанкты тү­зүү тууралуу жарлыгында айтылгандай, банктын уставдык капиталы ($60 миллион) президенттин каражаты болуп саналат. Жөнөкөй эле эсептесек, 900 доллар айлык маяна менен банк ачууга каражат топтоо үчүн түркмөнбашы дээрлик 5600 жыл иштеши керек эле.

БЕЛОРУСИЯНЫКЫ...
Белорус президенти Александр Лукашенконун айлыгы 300 долларга жакын. Бул маалыматтар да так эмес. Президенттин айтымында, ал канча айлык маяна алаарын билбейт. Анткени, алган акчасын кайрымдуулуктан башка эч нерсеге коротпойт. Британиялык изилдөө уюмдарынын биринин маалыматында, Лукашенко айына 2,3 миң доллар алат. Бул жагдай аны КМШ өлкө­лөрүнүн эң аз айлык алган президенттеринин катарына кошот.

УКРАИНАНЫКЫ...
Британ изилдөөчү­лөрүнүн версиясы боюнча, эң көп маянаны Украина президенти Виктор Ющенко алат. Анын бир айлык акчасы 6,5 миң доллар. Ал эми башка өлкөлөрдүн басма сөз каражаттарынын маалыматына караганда, айлыгы 4-5 миң доллардын тегерегинде.

ОРУСИЯНЫКЫ...
Владимир Путиндин 2006-
жылдагы маянасы 6,2 миң долларды түзгөн. Би­рок, расмий түр­дө жа­рыя­лан­ган ма­­а­­лыматка ылайык, 2004-жы­лы Путин пре­­зидент администрациясынан 2 миллион 545 миң 86 рубль 77 тыйын, башкача айтканда, айына 7,5 миң доллар алып турган.

КУБАНЫКЫ...
Аз айлык алгандардын тизмесинде Кубанын лидери Фидель Кастро да бар. Көптөгөн демократиялык жана жарым демократиялык мамлекеттердин башчыларынан айырмаланып, Фидель Кастронун маянасы жана байлыгы тууралуу расмий маалымат жок. Ошондой болсо да, "ФОРБС" журналынын версиясы боюнча, ал дүй­нө­дөгү эң бай башкаруучулардын арасында. Басылманын эксперттери анын байлыгын 900 миллион долларга чейин эсептеген. Алардын айтымында, көптө­гөн мамлекеттик компания жана уюмдардын, анын ичинде "Cimex" валюталык дүкөндөр түйүнү менен бүткүл дүйнөгө таанымал дары-дармек менен вакциналарды чыгарган "Medicuba" компаниясынын тапкан каражаттарын Кастро өзү алат. Америка бийлигинин маалыматы боюнча, Куба лидеринин дагы бир киреше булагы болуп баңгизат менен соода кылуу эсептелет.

ГРУЗИЯНЫКЫ...
Эң аз маяна алган президенттердин бири – грузин лидери. "Розалар революциясынан" көп өтпөй Бириккен Улуттар Уюму жана филантроп Жордж Соростун көмөгү менен "Грузия өнүк­түрүү жана реформалар фонду" түзүлгөн. Анын милдеттеринин катарында грузин чиновниктерине айлык акы төлөө иши да бар болчу. Фонддун өкүлдөрү: "Буга чейин президенттик маяна болжолдуу түрдө 200 долларды тү­зүп келген" деп билдиришкен. Фонддун жардамы менен Грузия президентинин маянасы жогорулатылган. Жергиликтүү журналисттердин маалыматында, учурда президент Михаил Саакашвили 3 миң доллар айлык алат.

ЯПОНИЯ МЕНЕН БРИТАНИЯНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРЛЕРИ...
Эң жогорку айлык алчу мамлекет башчылардын катарына Япония менен Британиянын премьер-министрлерин да кошуу керек. Япон премьеринин бир айлыгы 400 миң доллардын тегерегинде.
Британиянын премьер-министри айына 350 миң доллардан алат.

ИТАЛИЯНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
Өткөн жылдын октябрь айында Италиянын премьер-министри Романо Проди сенсация жаратты. Ал өзү­­нүн айлык маянасын 30 пайызга кыскартты.
Романо Проди өзү жөнөкөй ки­ши. Италия бюджетин кылдаттык менен окуп чыккан гезитчилер болбогондо, Италия премьери кандай курмандыкка барганын эч ким деле билбей калмак. Салыктын жаңы системасына ылайык, италиялык премьер-министр аз акча алып калат экен. 2006-жылы Продинин айлыктарынын жалпы суммасы 158 миң АКШ долларын түзгөн болсо, быйыл андан 47 миңге аз алат. Министр жана анын орун басарлары үчүн да айлык маяна 25 пайызга кыскарат. Башка чиновниктерге мындай кыскартуу залакасы тийбегени менен ушундай эле чаранын артынан Италия бюджетине 2,18 миллион доллар акча түшөт.

Бетти даярдаган Медер Тентимиш уулу


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: