«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын аракети менен Москва районунун Ак-Суу айыл аймагында ачылган МТС 4 айдын ичинде 700гө жакын гектар жерлерди иштетип, дыйкандарга арзан баада кызмат көрсөтүп келе жатат.
Дыйкан Медербек Станбеков МТС тууралуу төмөнкүлөргө токтолду: «Өткөн жылдары айдоо убагында трактор таппай кыйналып, абдан көп убакыт кетирчүбүз. Азыр ыңгайлуу болуп калды. Жерди айдап, малалап жана себүү боюнча бир киши менен эле келишим түзүп, ишибиз тез бүтүп жатат. Эң башкысы, айтылган күнү келишет жана баасы башкалардыкы 1000 сом болсо, МТСтики 700 сом. Санап көрсөм, малалоо жана себүүнү кошпогондо айдоодон эле 3000 сом үнөмдөптүрмүн. Дыйкандар ар бир тыйынын эсептеп турган кезде, бул чоң пайда».
МТСтин жетекчиси Кайыпбек Сатар уулу: «Быйыл суранычтар көп болгондуктан улам биздин тракторлорду Суусамыр өрөөнүнө алып барып иштеп келишти. Ишибиз элдин купулуна толуп, дыйкандар бизди кетиргилери келбей, ыраазычылыктарын бүгүнкү күнгө чейин билдирип жатышат. Мисалы: айдап, малалап жана себүү кызматынын баасы 3200 сомду түзсө, атаандаштарыбыздыкы 3600 сом экен, бул да болсо элге берип жаткан жардамыбыз».
«Өнүгүү-Прогресс» партиясы Жогорку Кеңешке келердин алдында өлкө боюнча 60 МТС ачууну убада кылган. Айткан сөзүнө туруп 1,5 жылдын ичинде эле 60 МТСти ачууга жетишти.