Кыздар, кошулма чач, кирпик, татуаждалган каш артта калды. Учурдун тренди – табигыйлык, макияжда болсо минимум боёк. Бул тууралуу косметолог Жаркын Атаканова айтып бермекчи.
ТАБИГЫЙ СУЛУУЛУК – БУЛ ӨЗҮН КАРАБАЙ КОЮУ ЭМЕС
Дүйнөдө азыркы учурда “табигыйлык модада” деген ураан ташталып жатат. Ал тургай жылдыздар да боёксуз, ваннадан чыккан сүрөттөрүн социалдык тармактардагы баракчаларына жүктөгөндөн коркпой калышты. Эсиңиздедир, бизге жылдыздардын макияжсыз эл алдына чыгуусу жапайы көрүнүш эле. Бирок табигыйлыкты өзүн карабай коюу менен чаташтырып албоо керек. Тескерисинче, табигый сулуулук үчүн көп убакыт, аракет жана жөндөм кажет.
КАШ
Өткөн жылы калың, терилбеген каштар жылдын тренди болсо, бул жылы кашты бир аз формага салуу модада. Ичке терилген, өйдө көтөрүлгөн каш өз жашыңыздан улуу көрсөтөт. Кашыңыз ичке терилсе, өстүрүп кайра формага салуу үчүн убакыт талап кылынат. Эгерде кашыңыз табиятынан суюк болсо кастор майын жана вазелин (медициналык) колдонуп өстүргөнгө аракет кылыңыз. Ал эми татуаж жасалган кашты кайра өзгөртүп чыгуу үчүн эки түрдүү ыкма колдонулат. Ал – лазер менен кайра жасап чыгуу же корректор менен түзөтүү. Буга убакыт жана косметологдун эмгеги керектелет.
КИРПИКУчурда кыздар массалык түрдө жасалма кирпик өстүрүү менен алек. Музоо кирпиктер модадан чыкты, анын ордуна өз кирпигиңизди өстүрүңүз. Калыбына келтирүү үчүн коштурган кирпикти алдырып, табигый кирпикти багуу керек. Кастор, уйгак майын күн сайын сүйкөп туруңуз.
ЧАЧ
Дүйнөдө бул жылы ак түстөгү чач модада. Айрымдар ак чачтарды боёбой койсо, айрымдар чачын атайлап агартып алууда. Ак түс азияттардын айрым гана жүздөрүнө жарашат. Андыктан стилист менен кеңешүү керек. Ал эми жаш кыздар чачын күрөң-саргыч жана ачык күрөң түстөргө боёсо болот. Чач жасалгасына келсек, чачыңызды таралбаган сыяктуу (табигый баш аламандык) кылып жасатсаңыз жаңылбайсыз. Чачты балаяж, омбре түстөрүнө боёгондон коркпоңуз, бирок уч жактары ачык түстө болгону талапка ылайык.
ТАБИГЫЙ МАКИЯЖ
Тери. Табигый макияжда басым териге жасалат. Алгач бетти жууп, тоник менен сүртүп, кургатып, бет май сүйкөйбүз. Консилер менен көздүн алдындагы бырыштарды билгизбей жаап, андан соң аз өлчөмдө тоналдык крем сүртөбүз (жаш кыздар пудра менен чектелгени оң). Аягында жүздүн контурларын чыгаруу үчүн эндик коёбуз.
Көз. Макияж үчүн теринин түсүнө жакын өңдөрдү колдонуңуз. Алтын түстүү, ак, күрөң тендерди айкалыштырсаңыз болот. Сыя, жашыл, көк түстөгү тендерди колдонгонго болбойт. Күндүзгү макияж үчүн жылтырак тендерди колдонбойбуз, териге шайкеш келген (матовый) тендерди алыңыз. Көздүн алдын кара карандаш менен боёгон ката, анын ордуна көздүн үстүн боёп койсоңуз жетиштүү.
Каш. Кашты формага салуу үчүн тарап, анан тень же карандаш колдонсоңуз болот.
Кирпик. Кирпиктин үстүнкү гана бөлүгү тушь менен боёлот. Алдын боёбоңуз.
Ооз. Бальзам же билинер-билинбес кызгылт түстөгү помада колдонуу сунушталат.
Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg