ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (17-июлдан 23-июлга чейин )

Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат



КОЙ (21.03-20.04)
Аптада мүмкүн болушунча токтоо болуңуз. Антпесеңиз адаттагы шашмалыгыңыз зыянын тийгизет. Үй тиричилик иштерин жасоодо, табият коюнунда эс алууда абайлаңыз, жаракат алуу коркунучу бар. Апта соңунда өз алдыңызча жаңы пландарды түзгөнүңүз оң.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жума күнгө чейин сабырдуулукту сактаңыз. Жакын адамдарыңыз же үй-бүлөлүк маселелер тынчыңызды алат. Жол эрежесин сактаңыз. Кооптуу мезгил. Айтышуулар кол көтөрүүгө дейре жетиши мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада шайыр мүнөзүңүздү колдонуңуз. Ошентсеңиз гана акча, жолго чыгуу көйгөйлөрү жеңил чечилет. Ак көңүлдүгүңүздү пайдаланып айрым адамдар ачууңузга тийиши мүмкүн. Кайым айтышууларга жол бербеңиз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жеке иштериңизди, акча маселесин бир жагына туура чече албай кыжалат болосуз. Күтүүсүз бут тоскондор да чыгат. Кесиптештер, достор менен алака кылууда кыраакы болуңуз. Анткени сизге көп көңүл буруп, кыжырыңызды келтиришет.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада жашыруун душмандын кылтагына илинишиңиз ыктымал. Тоскоолдуктар жаралып жатканын байкайсыз. Ачууңузду ооздуктай билиңиз. Душман башка жактык таанышыңыз же кесиптешиңиз болушу мүмкүн. Жакында баары өз нугуна түшөт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада достор, өнөктөштөр менен купуя иштерди жасоодо сак болуңуз. Түшүнбөстүктөр жаралып, ал тургай чыккынчылык кылып жиберүүлөрү ыктымал. Кыраакы жана токтоо болуңуз. Эс алуу күндөрүндө кайрадан тил табышасыздар.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жума күнгө чейин жетекчилик, кесиптештер менен алака кылууда токтоолук керектелет. Күтүүсүз жаралган көйгөй же түшүнбөстүк ачууңузду катуу келтирет. Ишке аша баштаган максатыңыз күтүлбөгөн жерден кыйроого учурайт. Аптанын акырында баары өз нугуна түшөт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптанын акырына чейин жумуш жана өнөктөштөр маселесинде этият болуу зарыл. Көйгөйлөр жаралуусу ыктымал. Жетекчилик, текшерүүчү органдар жаатына көңүл буруңуз. Сапарда акырын жүрүү сунушталат. Ден соолукка көңүл буруңуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бейшембиге чейин сапар, балдарга байланышкан жана мыйзам өкүлдөрү жаатындагы маселелер алдыңкы орунга чыгат. Көйгөйлөрдү чечүүдө каржы маселесине такаласыз. Чыдап коюңуз, дем алыш күндөрү ийгилик сиз тарапка жылмаят.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Өнөктөштөр жана жан шеригиңизге байланыштуу маселелерде ачууга алдырбаңыз. Аларды кызыктырган нерсе акча экенин баамдасаңыз да, билмексен болуңуз. Ийгилик сиз тарапка оойт. Балдар, эс алуу жаатында туура чечим кабыл алыңыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Кесиптештер жана жолдоштор менен аяр мамиле түзүңүз. Катуу айтышуулардын орун алышына жол бербеңиз. Жолго чыккан учурда жана үйдөгү электр буюмдарын колдонууда сак болуңуз. Ток тартуу же өрт чыгып кетүү коркунучу жогору.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жума күнгө чейин эс алуулардан, спирт ичимдиктеринен баш тартыңыз. Булар чөнтөгүңүздү жукартып, ден соолугуңузга да зыянын тийгизет. Мас абалында жол кырсыгына кабылуу же оору жугузуп алуу коркунучу бар. Чыр-чатактан алыс болуңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 767, 14-20-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан