ТАМАГЫҢ ТАТТУУ БОЛСУН, БАЛАКАЙ!

Баланын организми өсүп тургандыктан, ал өз алдынча тамакка кошулуп баштагандан тарта ага витаминдүү тамак-аштар керек. 2 жаштан 5 жашка чейинки балдардын туура тамактануусу жана менюсу тууралуу Балдар жана энелерди коргоо борборунун диетология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Эльмира Кабылова баяндамакчы.

ПАЙДАЛУУ ЖАНА ЗЫЯНДУУ АЗЫКТАР
Балдар үчүн азыктарды төмөндөгүчө тандасаңыз болот:

Көмүртек камтыган азыктар:
Күрүч, сулу, жүгөрү, макарон, картошка, гречка, нан, булочка (көбүрөөк өлчөмдө).
Витаминге жана темирге бай азыктар:
Жашылчалар (бышырылган, чийки), мөмө-жемиштер.
Өзгөчө кальцийге бай сүт жана сүт азыктары:
Сыр, сүт, айран, быштак, биолакт.
Белок камтыган азыктар:
Куш, балык жана мал эттери, буурчак, жумуртка.
Курамына май камтыган азыктар:
Сары май, каймак, таттуу азыктар (өтө аз өлчөмдө).
Такыр бербегенге аракет кылыңыз:
Газдалган суусундуктар, чипсы, фаст-фуд, тооктун сан эти, шоколад (4 жашка чейин бергенге болбойт, курамында көп өлчөмдө маргарин, кант бар), чай (курамында кофеин бар болгондуктан, 3 жашка чейин балага чай бергенге болбойт. Андан улуураак балдарга да аз өлчөмдө берген туура. Чай тамагын тез сиңирип, салмак кошконго тоскоол кылат). Шире аз өлчөмдө бериңиз, аны жемиштер менен алмаштырганга аракет кылыңыз. Туздуу, куурулган, таттуу, майлуу азыктардан балаңызды алыс кармаганга аракет кылганыңыз оң. Алар өсүп жаткан организмге залал бериши мүмкүн.

БИР КҮНДҮК МЕНЮ

Балаңыз 3 маал тамак ичсе, ортодогу убакыттарда (полдник) жеңил нерселерди бергениңиз жакшы.

Эртең мененки тамак

  • Сүт азыктарынан жасалган ботко (күрүч, гречка, манна боткосу);
  • Сууга бышырылган жумуртка же омлет;
  • Помидор, бадыраң, сыр, нан;
  • Компот же балдар үчүн суу, же кайнатылган суу (чайдын ордуна);
  • Чак түштөгү шам-шум: мөмө-жемиштер, печенье, жашылча салат, йогурт, кыям сүртүлгөн нан.

Түшкү тамак

  • Ысык тамак: Шорпо, бууга бышырылган тамак, гарнир, фрикадельки, жашылчалардан рагу.
  • Түштөн кийинки шам-шум: быштак, айран, печенье, кургатылган нан (сухари), пюре (уктап тургандан кийин бала активдүү кыймылдайт, бул тамактар жакшы сиңет).

Кечки тамак

  • Бууга бышкан, кайнатылган, духовкага бышкан тамактар.

Эскертүү:

  • Түштө эт бербесеңиз, кечки менюга сөзсүз эт кошуңуз жана куурулган тамак бербегенге аракет кылыңыз. Бала тамак жегенден кийин 2 сааттан кийин уйкуга кеткени жакшы. Эгерде 22:00дө уктай турган болсо, кечки тамакты 20:00дө ичкени туура.
  • Кээде балдар да тамакты жээрип калат. Мисалы, ботко жегенден баш тартса, мейиз, суу, жибитилген как, жаңгак, бадам данегин майдалап боткосуна кошуп койсоңуз тамагы өзгөчө боло түшүп, баш тарта албайт.
  • Айран ичүүдөн баш тартса, бүлдүркөн, малина, кулпунайды таза жууп кошуп берсеңиз кубанып ичип алат.

"ТАШ БАКА" ГРЕЧКАСЫ



Керектелүүчү азыктар:

  • Гречка – 100 грамм
  • Сосиска (сапаттуу) – 1 даана
  • Жумуртка – 1 даана
  • Сабиз – 1 даана
  • Зайтун мөмөсү – 1 даана

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач зайтун мөмөсүнөн башкасын сууга бышырып алабыз. Жумуртканын, сабиздин сыртын аарчыйбыз.
2. Бышкан гречканы тарелкага салып, таш баканын формасына окшоштурабыз. Сосискаларды кесип, буттарын жасайбыз.
3.Жумуртка таш баканын башынын ордуна коюлат. Сабизден көз жасап, карегинин ордуна 2ге кесилген зайтун мөмөсүн коёбуз. Болгар калемпирден кесип тумшугун жасайбыз.

Оңой, витаминдүү, көрктүү түшкү тамак даяр!

"ОСЬМИНОГ" ШОРПОСУ



Керектелүүчү азыктар:

  • Эт фаршы – 100 грамм
  • Картошка – 2 даана
  • Пияз – 1 даана
  • Спагетти – 30 грамм
  • Сабиз – 1 даана

Даярдоо ыкмасы:

1. Пияз, сабизди тазалап, төрт чарчы формасында туурап, кайнап жаткан сууга (өлчөмүн болжолдоп куюңуз) салабыз.
2. Картошканы тазалап, экиге бөлүп кошобуз.
3. Фаршка туз, бир чымчым мурч кошуп тоголок кылып формага келтирип алабыз да, анын капталдарына спагеттини саябыз. Бул осьминогдун буттары болот. Андан кийин фаршты сабиз, пияз салынган шорпого салып 20 мүнөт бышырабыз.
4. Шорпого туз, керектүү татымалдардан кошуп, тарелкаларга куюп, укроп менен кооздоп балаңызга бере бериңиз.

ЖАШЫЛЧА РАГУСУ



Керектелүүчү азыктар:

  • Картошка – 1 даана
  • Капуста – каалоого жараша
  • Сабиз – 1 даана
  • Пияз – 1 даана
  • Консерваланган буурчак – 1 аш кашык
  • Каймак – 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчаларды аарчып, жууп, орточо төрт чарчы формасында туурайбыз.
2. Кайнап жаткан сууга сабиз, пиязды салып, 15 мүнөт кайнаган соң картошка менен капустаны кошуп, 20 мүнөттөй кайнатабыз.
3. Бышкан соң консерваланган буурчак менен каймакты кошуп туз татытып, көк чөп менен кооздоп бере берсеңиз болот.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aidan88
2017-07-19 06:49:19
En jakshy kenesh eken
+2
Gulzada1987
2017-07-21 15:54:20
Суротторуно орус,кытай балдарын койбой озубуздун кыргыз балдарын койсонор болбойбу?
-1
№ 767, 14-20-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан