Каарманыбыз убагында эл катары иштеп, үй-бүлөсүн багып, жай турмуш кечирип, "мына бутка туруп келатам" деген маалда аты жаман рак илдетине кабылганын айтат. Замирбек Сооронбековдун бөйрөгүнүн үстүндө пайда болгон шишикти УЗИ көрбөй, омуртканын кургак учугу деген диагноз менен операцияга киргизилип, хирург ичин ачкан соң "онкологиялык илдет" деп кайра жаап койгон. Каарманыбыз жан сыздаткан оору бир жылдан бери бастырбай, төшөктө жаткырып койгонун айтып кейийт.
"ОПЕРАЦИЯ СТОЛУНДА КАЗА БОЛУП КАЛАСЫҢ" ДЕШТИ"
– Мен Чүй облусуна караштуу Беловодск айылынан болом. 37 жаштамын, эки баланын атасымын. Мурда ширетүүчү болуп иштеп, үй-бүлөмдү, жакындарымды акча жактан камсыз кылып, барчылыкта эле жашачубуз. Тапкан акчаны акырындан курулуш иштерине жумшап, үйдү оңдоп-түзөөгө киришип, эми бутка туруп келе жатканда рак илдетине чалдыгып калдым. Бул оору эмнеден улам келип чыкканын билбейм. Башында бутумдун муундары, кийин белим ооруганынан Бишкекке байма-бай каттап дарыланып жүрдүм. Анан былтыр ооруганы күчөгөнүнөн мамлекеттик ооруканаларга да, менчик бейтапканаларга да кайрылганымда баары бир ооздон спондилоартрит (омурткага суук тийүү) деген диагноз коюшкан. Доктурлар жазып берген гормоналдык дарыларды ичкенде бөйрөгүм катуу ооруганынан 6 айлык курсту 2 айдан кийин таштап койгом. Ошентип былтыр май айында омурткам сыздатып ооруганынан жата да, отура да албай калдым. Анан сол бөйрөктүн тушу шишип чыкканын байкап, УЗИге түшүп боор, өт, бөйрөгүмдүн көлөмү чоңоюп кеткенин билдим. Анан онкоуролог томографиянын жыйынтыктарын карап, бөйрөктөн шишик таппай, "омурткада ириң бар, ошол үчүн бөйрөктүн тушу шишип жатат" деген. Ошентип былтыр августта улуттук фтизиатрия борборунан эки омуртканын ортосунда ириң бар деген диагноз менен операция кылыш үчүн бөйрөк тушту ачышкан. Бирок дарыгерлер болжогондой омуртка ириңи эмес эле, бөйрөктүн үстүндө шишик жайгашканын көрүшүптүр. Муштумчалык келген шишик омурткага жармашып калган экен, аны хирург сөөктөн ажыратып туруп жаап, шишик алардын иши эмес экенин айтып, кайра онкология борборуна жиберген. Ал жерден онкоуролог "шишиктин көлөмү чоң, аны ала турган болсок кан токтобой, операция столунда каза болуп каласың" деп ооруну убактылуу басуучу химиотерапияны сунуштады. Бул процедуранын канчалык зыян экенин билгеним үчүн баш тарттым.
"11 АЙДАН БЕРИ ЭЛДИК МЕДИЦИНАНЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ЖАШАП КЕЛЕМ"
– Шишик кичинекей кезинде дарыгерлер аныктай алышканда бир бөйрөгүм менен кошо алдырып салмак экенмин. Алар бирине-бири түртүп отуруп убакыттан уттуруп койдук. Эми медицинадан кол үзүп, акыркы 11 айдан бери табыптардын кеңеши менен бирде төөнүн сүтүн, бирде уу коргошун ичип, айтор, айыгып кетем деген ишеним менен жашап келе жатам. Булардын кайсы бири жардам берип жатканын билбейм, бирок акыркы жолу УЗИге түшкөнүмдө шишик башка органдарга чаап кетпей, ордунда кармалып турганын айтышты. Азыр да өз билгенимди кылып, интернеттен дартка даба болчу каражаттарды издеп таап, буйрутма менен алып жатам. Анткени менин мындан башка чарам жок.
"ЭМИ ДАГЫ КАНЧА ЖАШАЙМ, КИМ БИЛЕТ..."
– Келинчегимдин туруктуу жумушу жоктугунан талаага жалданма ишке чыгып, күнүнө 350 сомдон таап жатат. Ал деле эч нерсеге жетпейт экен. Атам чуркап жүрүп, мени 2-топтогу майыптыкка чыгарып койгон. Ал үчүн мамлекет айына 1200 сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөйт. Ата-энем, бир туугандарым да иштебегендиктен эки уйдун сүтүн карайбыз. Мурда балдак менен ордумдан жыла алчумун, азыр таптакыр баса албай калдым. Эртеден кечке шыпты тиктеп жатканга туура келет. Бир аз кыймылдап койсом эле омурткам менен сол бөйрөгүм ооруйт. Ооруну басаңдаткан башка дарылардын күчү жетпей калганынан "морфин" ичем. Ал деле бир күнү болбосо, бир күнү жардам бербей калат да. Ошондо эмне кылам деп ойлоном. Эми дагы канча жашайм, ким билет... Эки баламдын бири 10до, экинчиси 8де. Аларды азыр ата-энем багып жатат. Ошолор үчүн жашоо менен күрөшүп, күчтүү жана кайраттуу болуп, жашоодон үмүтүмдү үзбөйм.
"КУРГАК УЧУК ДЕП КАТА КЕТИРИШПЕГЕНДЕ, РАК ЭКЕНИН БИЛБЕЙ КАЛМАКПЫЗ"
Күн сайын уулунун үйүнө барып каралашып, жуунууга жардам берген каарманыбыздын атасы Сооронбек Чилдебаев чет жактан жакшы бейтапкана табылганын, бирок анда уулун дарылатууга каражат жетишсиз болуп жатканын айтып, элден жардам сурайт. – УЗИ аныктай албай койгон шишикти туура эмес диагноз менен болсо да, ачып көргөн хирургга бир чети ыраазы болуп кеттик. Анткени ал ачып көрбөгөндө мүмкүн шишик жарылып кетип, балам каза болуп, биз рак экенин билбей кала бермекпиз. Ошондуктан аны менен соттошкон жокпуз. Эми Казакстандан менчик бейтапкана таптык. Алар "шишиктин көлөмүн операциясыз кичирейтип, мындан ары чоңойбой турган кылабыз" деп жатышат. Ага жалпысынан 13 миң доллар кетет экен. Рак 3-баскычта, ал эми убактыбыз тар. Уулум оору менен гана эмес, убакыт менен да күрөшүүдө.
Алтынай Тынышова
koom@super.kg