Уралец минитракторлору талаа, бакча жана коммуналдык жааттагы иштерге колдонууга абдан ыңгайлуу жана жөнөкөй. Бул тракторду ар мезгилде колдонууга болот.
Корпустуу, топурак майдалоочу соко
Бир эле мезгилде жер айдоо жана топуракты майдалап, быркыратып берүүгө багытталган. Бул сокодо 2 топурак оодаруучу корпус жана 2 ротор орнотулган.
Топурак майдалоо культиватору
Тоңдурма айдоодон кийин топурак майдалоо, отоо чөптөрдү өлтүрүү, өсүмдүк калдыктарын, кыкты топурак менен аралаштыруу жана айдоо жерди тегиздөөгө арналган.
Культиватор жөөк салгыч
Айдоону текши майдалап, тегиздөө, жөөк салуу, жөөк арасын жумшартуу үчүн колдонулат.
Фронталдуу жүктөгүч
Коммуналдык щётка (шыпыргы) – тапталган катуу тегиздикти (бетон, асфальт, тратуар) таштандыдан, чаңдан 5 см чейинки кардан тазалоого арналган. Колдонуудагы температуралык диапозону -20+40 градуска чейин. Бул айтылган шаймандардын бардыгы "Уралец" минитракторуна чиркөөгө ыңгайлаштырылган. Бул техникалардын бардыгына бир жылдык кепилдик берилет.
Мини экскаватор
Жер казуу, жүктөө, жол куруу, коммуналдык жана айыл чарбалык иштерге колдонулат.
Ошондой эле илешкек чополуу (нымдуу) топурак казуу үчүн кошумча чечилүүчү калак кеңейткич менен комплектацияланат (опция).
Бульдозердик калак шайман казылган чуңкурду топурак менен толтурууга, жер тегиздөөгө колдонулат. Экскаватор чиркөөчү шайманы гидроразведка, электроразведка менен жабдылган жана кошумча араба чиркөө мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Аянты чектелген (кычыктарга) территорияларда иштөөгө ыңгайлуу.
Негизги артыкчылыктары:
Дүкөндүн дареги:
Бишкек шаары, Лебединовка айылы, (Жибек Жолу/Лермонтов кеч., 368)
Жакында Ош шаарында дүкөнүбүз ачылды. ХБК аймагы, Раззаков көчөсү, 4.
www.minitractor.kg, Uralec-kg@mail.ru, +996 778 555 191