Ырчы, алпаруучу Микаэлдин дүйнө салганына 7 жылдын жүзү болду. Эгерде ырчынын көзү тирүү болгондо 16-июлда 32 жашка чыкмак. Эске салсак, 2010-жылдын 31-март күнү болжол менен кечки саат 7лерде ырчыны өз үйүнөн бычактап кетишкен. Ооба, 7 жыл айтууга оңой, бирок ата-энеси, бир туугандары үчүн ар бир күн ый, ыза, жоктоо, өксүү менен өтүп келет. Апасы Роза эже уулун төмөндөгүчө эскерет.
"УУЛУМДУ КҮНҮГӨ КҮТӨМ"– Уулумдан айрылганыма 7 жыл болуптур, бирок дагы деле ишене албай, күнүгө күтөм. Бир күнү эшиктен жаркылдап кирип келчүдөй сезилет. Анын туулган күнү, көз жумган күнү мен үчүн кайгыга айланды. Кичине кезинен берки окуяларын, кылык-жоруктарын эстеп ичим эзиле берет. Өзү өң-келбетине ыраазы болуп, атасы экөөбүзгө рахматын көп айтчу. "Апа, сиздин ак жуумалдыгыңызды, анан көзүңүздү алдым. Калганы атамдыкы" деп калчу тамашалап.
Атасы жумушуна байланыштуу Жалал-Абаддан Кантка которулуп келди. Бизди "балдарды борборго жакын жерден окуталы" деп кошо көчүрүп келген. Анда Микам 3-класста окучу. Өтө шок эле. Бала кезинен тартынуу дегенди билчү эмес. Автобуска түшүп алып мектепке барышчу. Бара жатып да, келе жатып да автобустан ырдачу экен. Үйгө келгенде эле байкеси "ал жер сага сахна эмес, эмне ырдайсың?" деп урушуп калганын угуп күлүп калчумун. Чоңойгондо өзүнүн туулган күнүндө такай гүл, торт көтөрүп, чөнтөгүнө акчасын салып келип мени куттуктачу. "Апа, мени ушул жарыкка сулуу кылып жаратып койгонуңузга рахмат" деп колуна көтөрүп айлантып, анан түшүрчү. Байкуш балам сулуулукту жакшы көрчү.
"ЖАЛГЫЗ ЖАШАТЫП КОЙГОНУМА ӨКҮНӨМ"
– Өлөр жылы Туризм академиясында акыркы курста окуп жаткан. Беш тилде эркин сүйлөчү. Бардыгына өз күчү менен жетти, эч ким аркасынан жөлөп же "баланча ишиңди бүтүрүп ал" деп акча берген жок. Аракетчил, алдыга умтулган, жаркылдаган балам бар эле. Жумушу түндө башталгандыктан, бизге тоскоол болбоюн деп өзүнчө батирге чыгып алган. Атасы экөөбүз Миканын үйүндө болчубуз. Кырсыктан бир күн мурун бизди Бишкектин четиндеги жаңы конуштагы өзүбүздүн үйгө жеткирип барды. Жолдон "балам, үйлөн, биз небере жыттайлы" дедик. "Апа, макул, бир аз чыдап тур, окуумду аяктайын. Мен деле балалуу болгум келип жатат" деген эле. Азыр ошол сөзүн эстегенде көз жашымды тыя албай кетем. Жок дегенде артында туяк калса эмне?!
Мика бизди үйгө таштап кетип бара жатканда атасы экөөбүз эмнегедир жаш балача ээрчидик. Жүрөгүбүз бир нерсени сезген окшойт. "Анда эмне келдиңер, үйдө эле жата бербейт белеңер?" деп күлдүргөн. Ушундай болуп кетерин билсек атасы экөөбүз аны менен эле чогуу жашабайт белек, арман, ай! Жалгыз жашатпай эле койбойт белек. Же душманы бар экенин сезсекчи. Достору арасында болгон уруш-талаш жөнүндө эч нерсе айтчу эмес. Мени ойлонбосун десе керек. Баламдын өлүмүнөн 3 жыл мурун биринчи алган машинасы уурдалып, шаардын четиндеги бир токойдон табылган. Аны биз уурулук деп жоруп, арыз да жазган эмеспиз. Көрсө, баламды көрө албагандар ошондо эле тор жая баштаган турбайбы. Шордуу жаным, мен аны байкабаптырмын.
"ТҮШҮМӨ КИРСЕ ЭКЕН ДЕП ТИЛЕП ЖАТАМ"
– Азыр деле телевизордон аны менен чогуу жүргөн ырчыларды көрсөм баламды эстеп ыйлап алам. Жакында эле бир ырчы "апакемдин маанайы" деп ырдап залдан сахнага апасын жетелеп кетип бара жатканын көрдүм. Ыйлап жатканымды өзүм сезген эмесмин. Бир убакта неберем "таяне, эмне ыйлап жатасыз?" деп сураса эсиме келдим. Уулум тирүү болгондо мени да ошентип жетелеп чыкмак да, каралдым.
Балам жаңыдан бутуна туруп, элге таанылып келе жатканда каза болду. Чыгармачыл досторуна ыраазымын. Алигиче бизди унутпай концерттерине чакырып турушат. Баарына узун өмүр, чың ден соолук каалайм.
Арадан канча жыл өтпөсүн, эненин өксүүсү канып, арманы бөксөрбөйт экен. Жаткан жерине барып көз жашымды көлдөтүп бир сыйра сүйлөшүп алам. Күнүгө жатарда "Кудайым, жок дегенде балам менен түшүмдө жолуктурчу" деп суранам. Бирок такыр түшүмө да кирбей койду. Ушуга чейин болгону 2 жолу түшүмө кирди, бирок мен аны кучактап отурган кичинекей кезин көрдүм.
Микаэлдин өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, Э.Турусбеков аттуу жаран шектүү катары кармалган. Ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап, кайра иликтөөгө жиберген. Аталган кылмыш иши прокуратура тарабынан "кылмыш курамы жок" деген негизде токтотулуп, шектүү катары кармалган жаран бошотулган. Ошентип ырчыны ким мынчалык бычактап, бырчалаганы ачыкталбай, кылмыш боюнча жаза алган адам болбой, арадан жети жыл өтсө да ырчынын өлүмүнө чекит коюлбай кала берди.
"УКТАП ЖАТЫП ҮНҮҢДҮ УГАМ АПАЛАГАН..."
(Роза Даутованын уулу Микаэлге жазган ыры)
Карпинкадан өткөндө
Жүрөгүм бир зыркырайт,
Эки көздү тыя албай,
Көзүмдөн жашым буркурайт.
Сагындым сенин сөзүңдү,
Балбылдап жанган көзүңдү.
Кайсы бир күнү келет деп
Күтөмүн сенин өзүңдү.
Суйкайган сулуу жан элең,
Суналып жатып калдың да.
Көрө албаган душманың
Канкор болуп калды да.
"ЖАРЫМ ЖЫЛДАЙ ТИРҮҮНҮН ӨЛҮГҮ БОЛУП ДЕНДАРОО ЖҮРӨ БЕРДИМ"
– Бизди жеткирип келген күндүн эртеси бир жерге отура албай, жүрөгүм опкоолжуп үйгө кирип-чыга бердим. Кечки 6 жарымда Микаэлге 2 жолу чалсам албай койду. Үчүнчүсүндө трубканы алып, ал-жай сураштык. Аңгыча жолдошум келди, ага чай берип жатсам сырттан ит үрүп калды. Карасак кошуналар келе жатышыптыр. Жаман нерсеге кайдан жоруюн, "келгиле" деп жерге төшөк сала баштадым. Анан эле "балаңарды үйүндө бычактап кетишиптир, каза болуп калыптыр" дешти. "Жок, калп айтпаңыз, азыр эле сүйлөшкөм" деп кыйкырып кирдим. Андан аркысын билбейм, бир эсиме келип, кайра эсимди жогото бердим. Арадан канча убакыт өткөнүн билбейм, сыртка чыгарышты, жолдошум столдо онтоп отуруптур. "Мика кана, бардыңбы, көрдүңбү?!" деп кыйкырып, дагы эсимди жоготуптурмун. Ойгонсом ооруканада жатыптырмын. Кудай мындайды эч бир пендесине бербесин. Жарым жылдай тирүүнүн өлүгү катары эч нерсени сезбей, билбей, түшүнбөй дендароо болуп жүрдүм.
Микаэлдин өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, Э.Турусбеков аттуу жаран шектүү катары кармалган. Ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап, кайра иликтөөгө жиберген. Аталган кылмыш иши прокуратура тарабынан "кылмыш курамы жок" деген негизде токтотулуп, шектүү катары кармалган жаран бошотулган. Ошентип ырчыны ким мынчалык бычактап, бырчалаганы ачыкталбай, кылмыш боюнча жаза алган адам болбой, арадан жети жыл өтсө да ырчынын өлүмүнө чекит коюлбай кала берди.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg