ШАЙЛОО-2017: БШКга АРЫЗ БЕРГЕНДЕРДИН САНЫ 23кө ЖЕТТИ

2017-жылдын 15-октябрында өтүүчү президенттик шайлоого катышуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына 23 жарандан арыз келип түштү. Алардын 20сы өзүн-өзү талапкер катары көрсөтсө, калган 3 жаран саясий партиянын атынан сунушталган. Өткөн жумада 5-июлга карата 16 жаран БШКга арыз менен кайрылганын маалымдаганбыз. Бул тизме 12-июлга карата 7 жарандын арызы менен толукталды. Президенттикке талапкер катары "Адам укугу" саясий партиясынан Турсунбек Акун көрсөтүлсө, калган 6 жаран өзүн-өзү сунуштоо ыкмасын пайдаланышкан. Алар: "Байыркы көчмөн цивилизациясы" тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу" коомдук фондунун төрагасы Кубан Чороев, пенсионер Анвар Сартаев, "Империал Девелопмент" компаниясынын башкы директору Куттубек Бешбаков, "Сергий Радонежский жана "Айкөл Манас" атындагы укук коргоо борбору" компаниясынын башкы директору Игорь Трофимов, убактылуу жумушсуз Максатбек Жумабеков жана Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Улукбек Кочкоров.
Ажолукка ат салышуу үчүн "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы 11-июлда курултай өткөрүп, лидери Адахан Мадумаровдун талапкерлигин колдошту. 2016-жылдын аягында "Республика - Ата Журт" саясий партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев, экс-спикер Ахматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаров биригип, президенттик шайлоого жалгыз талапкер алып чыгышарын жар салышкан. Ушул жылдын май айында "Ахматбек Келдибековду Алай эли ат мингизип, шайлоого аттандырды" деген маалымат тараган. Үчилтиктин атынан ажолукка Келдибековдун же Мадумаровдун чыгуусу күтүлүп жаткан. 3 саясатчыдан турган бул биримдиктин тараганы же тарабаганы азырынча ачыкталбай турат. Келдибеков менен Мадумаров "атайын тактикабыз бар" деп интрига сактоону улантышууда. Ахматбек Келдибековдун айтымында, 18-июлда "Ата Журт" саясий партиясынын курултайы өтүп, шайлоо жана талапкер чыгаруу маселеси чечилмекчи.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 767, 14-20-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан