Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри: "ЭКСПОРТКО БАГЫТТАЛГАН ИШКАНАЛАР ҮЧҮН ЭЧ КАНДАЙ ТОСКООЛДУКТАР БОЛБОШУ КЕРЕК"

12-июлда өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков профилдик мамлекеттик органдардын жетекчилери менен биргеликте мамлекетибиздеги экспортёрлор жана бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен кезектеги жолугушуу өткөрдү. Мындай жолугушуулар ата мекендик экспортту өнүктүрүү үчүн тоскоолдуктарды жоюу маселелерин ыкчам чечүү максатында өткөрүлүп келет. Бул жолу бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана мамлекеттик органдардын жетекчилери ветеринардык документтерди алууну жөнөкөйлөштүрүүгө байланыштуу пикир алмашышты. Ошондой эле архитектуралык кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы, ювелирдик тармакты өнүктүрүүдөгү маселелер, жаңгак уруктуу өсүмдүктөрдү өстүрүүнү өнүктүрүү, жеңил өнөр жайы, эт продукциясын кайра иштетүү, ошондой эле ички жана сырткы рынокторго эркин чыгаруу, товарларды үчүнчү өлкөлөргө ташуу процедурасын жөнөкөйлөштүрүү мүмкүнчүлүктөрү туурасында сөз жүрдү.

Өкмөт башчысынын айтымында, экспорттук потенциалды өнүктүрүү өлкө экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ. Себеби анын ИДПдагы салыштырмалуу салмагы 30 пайызды түзөт. Премьер-министрдин бул сөзүндө калет жок. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы беш айында эле өлкөбүздөн өндүрүлгөн продукцияларды экспорттоо 657,7 миллион долларды түзүп, 30 пайызга жогорулаган. Бүгүнкү күндө өкмөт ата мекендик товарларды чет мамлекеттердин рыногуна экспорттоону колдоо жана алдыга жылдыруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө. «Азыркы учурда өлкөдө экспортту өнүктүрүү боюнча жаңы программа иштелип жатат. Ал экспортко багытталган ишканаларды каржылык жана фискалдык колдоонун мүмкүнчүлүктөрүн карайт»,- деди С.Жээнбеков.
Жыйындын жүрүшүндө бул жааттагы олуттуу көйгөйлөр козголуп, ишкерлер архитектура жана энергетика тармактарындагы кыйынчылыктарга туш болуп жатканы белгиленди. «Өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн тиешелүү мыйзамдык базасы жана зарыл болгон айрым шарттар бар, бирок адамдык фактор токтотуп жатат. Кызматтык милдеттерин так аткарбаган кээ бир кызматтардын кызматкерлери чечүүчү маселелерди кечиктирип, өлкөдөгү ишкерлер үчүн чоң кыйынчылыктарды жаратууда»,- деген С.Жээнбеков мамлекеттик органдардын жетекчилерине кайрылып, экспортко багытталган ишканалар үчүн эч кандай тоскоолдуктар болбошу керектигин кошумчалады.
Жолугушуунун жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдарга бул жыйында айтылган маселелер жана суроолор боюнча бизнес өкүлдөрүнө ар тараптан кол кабыш кылууну тапшырды. Бул, албетте, өлкө экономикасы үчүн өтө олуттуу жасалган кадам. Бизнести өнүктүрүү үчүн мамлекеттик тиешелүү органдардын көмөгү абдан керек. Ал эми жеке ишкерлердин иши жүрүшсө, ага ылайык, өлкө экономикасы да алдыга жылат эмеспи.

ӨСҮҮ БАР, ДАГЫ АЛДЫГА КАРАЙ ӨСҮШ КЕРЕК

Кыргызстан – чакан өлкөлөрдүн катарына кирери белгилүү. Ага ылайык, рыногу да кичине. Демек, рынок кичине болсо өлкө экономикасынын абалын көтөрүү да кыйынчылык жаратат. Андыктан кыргыз өкмөтү Кыргызстандан өндүрүлгөн продукцияларды дүйнөлүк рынокко чыгаруу багытында аракеттерди жасоодо. Маселен, өлкөбүз ЕАЭБдин курамына толук кандуу мүчө болуп киргенден бери карай Казакстан менен чектешкен аймактардагы фитосанитардык көзөмөлдүн толугу менен алынып салынышына жетишти. Мунун өзү экспорттук мүмкүнчүлүктөргө кеңири жол ачты. Мындан тышкары Бишкек, Ош, Ысык-Көл жана Таластагы жалпы 4 фитосанитардык лабораториянын толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүшү жана алардын баарынын заманбап жабдуулар менен жабдылышы өлкөбүздө өндүрүлгөн эт, сүт өңдүү продукцияларды экспорттоого кеңири жол ачты. ЕЭКтин реестрине кирген ишканалар сүт продукциясын өндүрүү, балыкты кайра иштетип чыгуу, балды өндүрүү жана эт продукциясын кайра иштеп чыгуу багытында иш алып барып, ЕАЭБдин рыногуна чыгышты.
Мындан сырткары Торугарт, Эркечтам, Достук, Кызыл-Бел, Кара-Суу ветеринардык көзөмөлдөө пункттары жана эл аралык маанидеги "Манас" жана Ош аба майдандарынын көзөмөлдөө тейлөө жааттарынын заманбап деңгээлдеги тийиштүү жабдуулар менен жабдылышы да экспорттук мүмкүнчүлүктөрүбүздү арттырды.

ТИГҮҮ ТАРМАГЫНДА ДА ЖЫЛЫШ БАР

Кыргызстандын көп тармактар боюнча продукцияларды экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар. Маселен, айыл чарба, агро өнөр жай комплекси, тигүү жана текстиль өнөр жайы, кайра иштеп чыгаруу өнөр жайы, тоо-кен жана металлургия өнөр жайлары боюнча. Бүгүнкү күндө мына ушулардын ичинен тигүү жана текстиль өнөр жайынан өндүрүлгөн Кыргызстандын товарлары Орусия жана Казакстандын базарларында көбүрөөк суроо-талапка ээ болуп жатканы белгилүү. Биздин жеңил өнөр жай өндүрүүчүлөр тарабынан тигилген кийимдердеги "Кыргызстанда жасалган" деген бренд дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө бааланууда. Мына ушул дагы көңүл толкутпай койбойт.
Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнүн алкагында, Кыргыз Республикасын колдоо максатында ЕАЭБдин жаңы шарттарына ылайыкташуу мезгилинде жалпы суммасы 233 миллион 609 миң долларлык 732 долбоор колдоого алынды. Мунун баары жүзөгө ашса, албетте, өлкө экономикасынын тездик менен өсүүсүнө негиз болуп бере алат.
Кыргызстандагы кийим тигүүчүлөрдү кубандырган дагы бир жагдай – Токмоктогу «Текстильтранс» компаниясына тиешелүү фабриканын ишке кириши. Бул жерде Өзбекстан жана Тажикстандан келген сырьёлорду колдонуу менен чыт кездемелерди жасатып, кооздошот. Кийин ал кездемелерди тигүүчүлөр колдонуп, өз продукцияларын чыгарат. Эгерде мындай фабрикалар дагы көбөйсө, анда Кытайдан жана Түркиядан кездеме ташып келүүнүн да анчейин зарылдыгы болбой калат.

ЭКСПОРТ ЖАНА ИМПОРТКО БАГЫТТАЛГАН ИШКАНАЛАРГА ӨКМӨТТӨН КАМКОРДУК

Сөздөн ишке өтүү доору эми башталды окшойт. Мындай дегенибиздин себеби, буга чейин деле өлкө экономикасын көтөрүү үчүн чакан жана орто ишканаларды ачуу, аларды колдоо зарылчылыгы бар экендиги көп айтылчу. Бирок айтылган сөз иш жүзүндө тиешелүү деңгээлде аткарылбай келген.
Эми премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругуна ылайык, экспорт жана импортко багытталган ишканалар мамлекеттен финансылык колдоо ала турган болушту. Бул буйруктун негизинде «Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо» долбоорун каржылоо үчүн 350 миллион сомду республикалык бюджеттин алкагында кароо тапшырмасы финансы министрлигине берилди.
Аталган долбоордун негизги максаты – өздөрүнүн өндүргөн продукцияларын чет мамлекеттердин рыногуна чыгарган жана импортту алмаштырган товарлар же сырьёну чыгарган ишканаларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат. Мындай багытта иш алып барган ишканалар мамлекеттен жеңилдетилген насыяларды ала алышат. Ошентип жеңилдетилген насыя алган ишканалар өздөрүнө жаңы заманбап жабдууларды сатып алып, экспортко чыгара турган продукцияларынын көлөмүн көбөйтө алат. Ошол эле учурда сапаты да бир топ жакшыруусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Анан дагы мындай ишканаларды мамлекеттик колдоого алуунун натыйжасында кошумча жумушчу орундары түзүлүп, жумуш издеп чет мамлекеттерге кетип жаткан мекендештерибиздин өз өлкөсүндө эмгектенүүсүнө мүмкүнчүлүк пайда болот. Ошентип бир тарабынан кошумча жумушчу орундары түзүлүп, социалдык маселелер чечилсе, экинчи жагынан экспортко чыга турган товарлардын көлөмү көбөйүп, өлкө экономикасына ар тараптуу көмөк болот.

СЫРТКЫ СООДА-САТЫКТАГЫ ИЙГИЛИКТЕР:

  • Бүгүнкү күндө Кыргызстан дүйнөлүк соода коомчулугунун 138 өлкөсү менен соода-экономикалык мамиле жүргүзөрү белгилүү. Өткөн 2016-жылы өлкөбүздүн сырткы соода жүгүртүүсү 5,46 миллиард АКШ долларын түздү. Экспорттук ташуулар 1544,6 миллион долларга жетип, 5,1 пайызга өстү. Мунун өзү экспорттук ташуулардын көлөмү ЕАЭБ өлкөлөрүнө 4,3 пайыз, үчүнчү өлкөлөргө 5,3 пайыз, ал эми Европа биримдигинин өлкөлөрүнө 44,3 пайыз көбөйүшүнүн натыйжасында болду;
  • 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча, ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөрдүн ичинен өсүү Кыргызстан (5,1) жана Арменияда (20,1) гана болду. Ал эми Орусия (-16,4) менен Казакстанда (-20) тескерисинче аркага кетүү байкалган;
  • Үстүбүздөгү 2017-жылдын алгачкы беш айында өлкөбүздүн тышкы соода жүгүртүүсү
    2 миллиарддан ашып, өткөн 2016-жылга салыштырмалуу 15,8 пайызга өскөн. Экспорт 658 миллион доллардан ашып, 30га өскөнүн да айта кетишибиз керек.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
CEO
2017-07-18 13:38:21
Соке балээни да кыйраткан эмес, эми аны гений кылып мактап отурушат уялбай!! Дагы Кыргызстандын экономикасы осуп жатат дейт уялбай, калпты ышкыртып... Экономика онолсо, чет олкого агылган мигранттарыбыздын саны азаймак да...

Сокенин колунан ... да келбейт, мин мактасанар да Соке озгоруп кетпейт...
+4
Patriot7
2017-07-19 21:26:02
Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин кочурмосу да......
+3
№ 767, 14-20-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан