Бир нече күндөн бери интернеттеги социалдык тармактарда ырчы Анжелика Бекболиеванын өспүрүм кезиндеги сүрөтү колдон колго, посттон постко өтүп, талкууга алынууда. Ал сүрөттө Анжелика маркум саясатчы жана коомдук ишмер Мухтар Өмүракунов менен түшкөн.
Албетте, ырчылар көпчүлүк учурларда аш-тойлорго, ар кандай кечелерге, иш-чараларга конок катары катышат. Андай учурда бирөөлөр менен сүрөткө түшүүлөр дайыма боло келчү көрүнүш. Бул өңдүү сүрөттөр ар бир ырчынын, ар бир саясатчынын фото архивинде бир альбом чыгары да түшүнүктүү. Бирок ырчылар Айчүрөк Иманалиева менен Анжелика Бекболиеванын буга чейинки чырдашуусунда маркум саясатчынын аты аталып калганынан улам бул сүрөт талкууга түштү. Кыргыз сахнасынын көрүнүктүү өкүлдөрү, аксакалдары чырдашкан устат менен шакиртти элдештирүүгө аракет кылып жатышканы сөз болгон эле. Тилекке каршы, ал аракеттерден майнап чыкпады.
Интернетти аралап жүргөн сүрөт тууралуу эки ырчынын комментарийлерин өзгөртүүсүз беребиз:
Анжелика Бекболиеванын SUPER.KG порталына берген комментарийи:– Бул сүрөт Орусияга гастролдоп барган кезде тартылган. Анда мен 16-17 жашта болчумун. Концерт бүткөн соң эже менен Мухтар байке экөө мени ээрчитип алып түнкү клубга барышып, бирок менин жашым 18 жашка жете элек болгондуктан клубга кирбей калышкан. Анан башка жактан эле тамактанып отуруп, өздөрү вальс бийлеп, аларды мен сүрөткө тарткам. Андан соң Мухтар байке "кел, экөөбүз да бийлеп жаткандай түшөлү" дегенинен Айчүрөк эже бизди тарткан. Ал күнү түшкөн бир эле бул фото эмес, дагы бир канча сүрөттөр бар. Бул тууралуу жолдошум да билет. Себеби ал кезде Урмат (ред. жолдошу) Москвада иштечү, биз жаңыдан таанышып, сүйлөшүп жаткан элек. Андыктан азыр ал мага дем-күч берип, "эжеңдин сөзүнө кирип урушуп кетмек белек?" деп күлүп койду. Ал эми фотосессия тууралуу айтсам, анда эжени мен эмес, тескерисинче, ал мени чакырган. Ал кезде Айчүрөк эже менин продюсерим болгондуктан анын сөзүн эки кылбашым керек эле. Сүрөттү Динара Макешова аттуу фотограф тарткан. Ал мени тартып бүткөнгө чейин Айчүрөк эже эч жакка чыкпай эле, жанымда отурган. Тартуу иштери бүткөн соң, фотосессия кымбат турарын жана ал мага Айчүрөк эже менен Мухтар байкенин атынан белек экенин айтышкан. Анан да ал сүрөттө мен жылаңач эмес, фотографтын сунушу менен үстүмө материал жаап, колума гитара кармап тургам. Анда моюнум эле көрүнбөсө, денем таптакыр көрүнбөйт. Эгер ал сүрөт коомго жарыяланса, мен эч уялбайм. Аны искусство катары кабыл алам.
Учурда кайрымдуулук иштери боюнча чуркап жүргөндүктөн, эжеге теңелип айтышканга убакытым жок. Өткөндө эле радиолордун биринин концертинде ырдап жатсам, ноутбук турган жерге келип музыканы өчүрүп салды. Аны көргөндөр улуу эле эженин мага теңелип жатканына таң калышты. Ушундан көрө жалпыга жардамы тийген иштер менен алектенсе болмок. Анын айткан сөздөрү мага эч кандай таасир эткен жок. Себеби менин жүрөгүм мээримге толгон, негативге орун жок,- дейт ырчы.
Ал эми Айчүрөк Иманалиева өзүнүн интернеттеги жеке баракчасына төмөнкүлөрдү жазып калтырган:– Тынч жашай албай калгансынбы, Анжелика? Мындан бир жума мурун "Айчүрөк Анжелика ырдап жатканда музыканы өчүрүп салды" деп жазып чыгышты. Карандай калп жазылса да унчукпадым, майда-чүйдөгө маани бербей эле коёюн дедим. Эми интернетти аралап жүргөн сүрөткө мени күнөөлүү кылыптырсың. Мен сенин сүрөттөрүңдү сактагыдай, жакшы көргөн адамым белең? Сенден көңүл калган күнү эле баарын өчүргөм. Сенин сүрөтүңдү көрмөк тургай, атыңды эстегим келбейт! Сени мага кайраштырып, ашмалтайыңды чыгарган айланаңдагы адамдардан изде. Жаныңда жүрүп, билдирбей сатып кетчү адамдар болоорун билбейт окшойсуң. "Байке кымбат фотосессия жасатып бергени жатат, чогуу барып жардам бериңизчи" деп суранганыңда, макул болуп, бир особнякка барбадык беле. Телефон менен сүйлөшүп, он мүнөт эшикке чыгып келсем, энеден туума жылаңач болуп, сүрөткө түшүп жатыптырсың. Ошол жерден кийимдериңди үстүңө жаап, кыйкырып, ыйлаганга чейин баргам. "Менин өмүр бою таза иштеп, таза жашаган репутациямды бузба, бул эмне кылганыңар?!" деп фотографтарды урушкам. "Бул сүрөт коомчулукка чыгып кетсе сотко берем!" деп коркутканымды унуттуңбу? Ал үйдөн сени колуңдан жетелеп чыгарып кеткем. Сага болгон оюм жаман болсо, сендей арам адам болсом, унчукпай четте карап тура бербейт белем. Чыгарбагыла дебегенимде, ал сүрөттөр ошондо эле элди аралап кетет болчу. Бул биздин биринчи урушубуз да эмес, сен айткандай он жыл сактап жүргөн болсом, 5-10 жыл мурда эле колдонбойт белем. Бөлөктүн тилин турмак, көзүн тийгизгенден сени кызганып, калкалап турганымды сен билбесең да, Кудай билет!
Эми болсо интернеттеги сүрөттөрдү "Айчүрөк эже тарткан" дейсиң. Депутаттыкка, президенттикке ат салышып жүргөн адам менин айтуум боюнча эле сүрөткө түшүп берет экен да? Жалганды да окшоштуруп айтчы.
"Сүрөт тараткандан көрө, иштесе болмок" деп айткан экенсиң, айланайын, күлкүмдү келтирбечи, сендей кезимде эл аралык конкурстарга чыккам. Мен жасаган эмгектин жүздөн бир пайызын да жасай элексиң. Бишкектен чыкпай туруп, сен мага көрсөтмө бербе. "Музыкамды өчүрүп салды, антип койду, минтип койду" деп ырбата бербей, тынчып калчы. Айланаңдагы адамдардын аксакалдарынын да тапкан акылы сени мага эрегиштирмей болуп жатабы? Анда алардын айтканын угуп, ашмалтайыңды мындан ары да чыгара бер, мага баары бир!