Эл аралык соода-сатык жана экономикалык интеграциянын процесстеринин өнүгүшүнүн негизинде, өлкөлөр арасында экономикалык көз карандылык бир кыйла байкалып жатат. Ошондой эле заманбап технологиялардын өнүгүүсү дүйнөлүк рынок менен алака түзүүдө да аябагандай жеңилдиктерди көрсөтүүдө. Анын жыйынтыгында бизнес үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп, өлкөлөр ортосундагы атаандаштык да күчөдү. Жогоруда айтылган жүйөлүү себептерден улам "оффшор" бизнестин активдүү өнүгүшүнө өбөлгө түзүлүүдө. Бул ирет ушул "оффшордук аймак" же акчаны адалдоого каршы күрөшүү көйгөйлөрү тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Инспектрлөө башкармалыгынын башкы инспектору Бакыт Дайыровдун маалыматын сунуштайбыз.
"ОФФШОРДУК АЙМАК" ТҮШҮНҮГҮ
– Ар кандай маалыматтар боюнча, 2016-жылдын жыйынтыгына карата дүйнөлүк ИДПга (ички дүң продукцияга) "оффшордо" катталган компаниялардын салымы 1,22 пайызды түзгөн. Бул көрсөткүч салыштырмалуу аз. Бирок "оффшордук зона" аркылуу дүйнөлүк бардык төлөмдөрдүн 60 пайызы жана эл аралык капиталдын жылышынын 25 пайызы жүргүзүлдү.
Адегенде "оффшордук аймак" деген түшүнүк эмне экендигин аныктайлы. Англис тилинен которгондо "оффшор" – "жээктин тышында" деп которулат, башкача айтканда, жээктен же чектен тышкары жер. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын аныктамасына ылайык, "оффшордук аймак" – жеңилдетилген салыктык режим колдонулган же банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин талаптарына жана сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык, банктык көзөмөл органдарына маалыматтардын ачык-айкын көрсөтүлүшү, алардын берилип турушу каралбаган мамлекеттер же аймактар. Көпчүлүк учурда "оффшордук аймак" түшүнүгүнө ылайык, чакан "карлик" же экономикасы көп өнүкпөгөн мамлекеттер же аймактар кирет. Так бекитилген "оффшордук аймактардын" тизмеси жок, ар бир өлкө жана уюм бул тизмени өз алдынча түзөт. Кыргызстанда бул тизме Улуттук банк башкармасынын токтому менен бекитилген. Бүгүнкү күндө бул тизмеге 41 өлкө кирет.
"ОФФШОРДУК АЙМАКТАР" ЭМНЕСИ МЕНЕН КЫЗЫКТУУ?
– Негизгиси, "оффшордо" катталган компания үчүн бир кыйла жагымдуу шарттар каралган. Биринчиден, каттоо жол-жобосу максималдуу чекке чейин жөнөкөйлөтүлгөн, экинчиден, уставдык капиталдын көлөмүнө коюлган талаптар минималдуу болуп саналат. Мындан тышкары негизги критерий – бул салык системасынын жөнөкөйлүгү жана салыктын көлөмү аябагандай төмөн болгондугу эсептелинет. Чет мамлекеттик компанияларга бажы алымдарына жана төлөмдөргө жеңилдетилген шарттар бекитилген. Көпчүлүк "оффшордук аймактарда" сөзсүз отчётторду түзүүдө да жеңилдиктер берилет. Компаниянын ээсинин макулдуулугу берилгенден кийин гана анын иш-аракеттерине текшерүү жүргүзүүгө болот. "Оффшордук аймакка" тиешелүү эң маанилүү шарт – бул банктык жана коммерциялык сырды эң жогорку деңгээлде сактоо.
Жогоруда айтылган сөздү эске алсак, "оффшорлор" өзгөчө бир эркин экономикалык аймактарга окшоп "салык бейиши" катары өзүн таанытат деп айта алабыз. Бул аймактарда дүйнө боюнча миңдеген компаниялар катталып, өз иш-аракеттерин жүргүзүүдө. Бул компаниялардын эң негизги максаты – салык төлөмдөрүн кыскартып, өз кирешелерин көбөйтүү. Бирок реалдуу жашоодо "оффшор" инструментин көпчүлүк учурда башка максаттар үчүн колдонушат.
АКЧАНЫ АДАЛДООНУН МАКСАТЫ
– Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоонун негизги максаты – көмүскөдөн "кир" акчаны чыгарып, легалдуу экономикага киргизүү болуп саналат. Легалдаштыруу учурунда биринчи кадам – финансылык жана финансылык эмес инструменттерин колдонуп банк акча каражатын системасына киргизүү болуп эсептелет. Экинчи кадам – бул банк системасындагы бир эсептен экинчи эсепке "изин адаштыруу" максаты үчүн бир нече которууларды жүргүзүү болуп эсептелет. Акыркы кадамда – кылмышкерлерге мыйзамдаштырылган акча каражатын сактоо ыкмасын тандоо жолу гана калууда.
Криминалдык жол менен табылган акчаларды көпчүлүк өлкөнүн финансылык системасына "жашыруун акча киргизүү" жана "изин адаштыруу" аракети бир кыйла татаал. Анткени финансылык системадагы ар бир субъектти (банктар, фонддор ж.б.), ар бир акча которууну текшерип жана изилдеп, өткөргөн шектүү операциялар жөнүндө тиешелүү органдарга маалымат катары жиберип турат. Ушундан улам дүйнө жүзүндө кылмыштуу кирешелерди легализациялоого каршы иш-аракет күчөгөн соң шектүү түзүлүштөр өз "кара" иштерин ыңгайлуу "оффшор аймактарда" жүргүзүүдө.
ШЕКТҮҮ АКЧАНЫ АДАЛДООНУ ИШКЕ АШЫРУУ
– Атап айтканда, "оффшордук аймактарда" купуялуулугун так сактоосу жана көзөмөлдөө органдардын жоктугу да криминалдык түзүлүштөргө ыңгайлуу шарттарды түзөт. Акча каражаттарынын келип чыккан булактары тууралуу маалымат бербестен, кылмышкерлер "оффшордук аймактын" банк системасына тоскоолдуксуз каалаган суммадагы акча каражатын киргизе алат. "Кир" акчаны адалдап жаткан жактар "оффшордук аймактын" чегерилген салыктык ченин төлөп коюусу гана талап кылынат. Акча каражаты кайдан келгендиги, кантип иштеп табылгандыгы, кайсы жерге жумшалгандыгы жана кимге кандай таасир эткендиги "оффшордук аймактын" жетекчилигин эч кандай кызыктырбайт. Анткени алар акчаны чет мамлекеттерге которуп жатышат.
Жалпысынан "оффшор" эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун өсүшүнө өбөлгө боло алат. "Оффшордук аймак" азыркы күндө криминалдык "бейиш" катары бааланып, кылмыш жол менен табылган акча каражаттарды адалдоонун эффективдүү инструменти болуп эсептелинет.
Акчаны адалдоо кылмыштын иликтөөсү аябагандай оордук көрсөтөт. Анткени, биринчиден, эң негизги маселе – бул криминалдуу акчанын кылмыш аракетинин негизинде таап алынгандыгын далилдеш керек (мисалы, көз боёмочулук, мыйзамсыз баңгизат өндүрүү, коррупция ж.б.), ал эми мындан соң кылмыштуу жол менен келген каражатка адал түр киргизилгендигин аныктоо керек.
Ошондой эле "оффшордук аймактын" чыныгы менчик ээсин же компаниянын бенефициарын тажрыйба жүзүндө аныктоо мүмкүн эмес. Анткени көпчүлүк учурларда менчик ээси катары жалган эле бирөөлөр кожоюн же номиналдык директор болуп атала берет.
АКЧАНЫН АДАЛ ЭМЕСТИГИН АНЫКТОО
– "Оффшордук аймактагы" корпоративдик жана банктык сырдын жогорку деңгээлде болгондугуна жараша "оффшордук аймакка" таандык компаниянын акча каражатын алууда каражаттын кылмыштуу же мыйзамдуу жол менен келип жаткандыгын аныктоо мүмкүн эмес.
"Акчаны адалдоого" каршы иш-аракеттерди күчөтүүгө байланыштуу дүйнө жүзүндө "оффшордук аймактарга" карата дагы мамиле өзгөрүп жатат. Айтсак, мурда "оффшордук аймактарга" бардык өлкөлөр бир кыйла жөнөкөй көз караш менен карашып келишсе, азыр ортого чыккан зыянын жана коркунучтуулугун жакшы түшүнүп, жоопкерчиликти сезип калышты. Бир катар мамлекеттерде "оффшорго" каршы иш-чаралар иштелип чыгып жатат. Андан да ФАТФ (терроризмди каржылоо жана кылмыштуу акчаны адалдоого каршы стандарттарды иштеп чыгуучу өкмөттөр аралык уюм) уюму тарабынан криминалдуулукка жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо чөйрөсүнө каршы "оффшордук аймак" үчүн бир катар кеңештер иштелип чыгып жатат. Мамлекеттерге айрым чөйрөдө салык төлөмдөрдү жана ага карата контролдукту жеңилдетүүдөн баш тартуу сунушу берилип жатат.
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫЛМЫШТУУ КАРАЖАТКА КАРШЫ КҮРӨШ
– Акчаны адалдоого каршы күрөшүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык, бир катар иш-чаралар иштелип чыккан. Анын негизинде коммерциялык банктарга "оффшордук аймактарда" катталган корреспонденттик эсептерди ачууга тыюу салынат. "Оффшордук аймакта" каттоого алынган компаниялар менен операция жүргүзүү учурунда "акчаны адалдоо" процессине кабылбаш үчүн банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер тарабынан өзгөчө көңүл бурулат.
Жогоруда жазылгандарды эске алуу менен "оффшордук аймакта" каттоого алынган компаниянын бардыгы түздөн-түз легалдуу эмес, мыйзамсыз ишмердүүлүк алып барат деген жалган стереотип коомчулуктун оюна келиши мүмкүн. Бирок "оффшордук аймак" – бул ар башка максаттарды ишке ашыруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон инструмент, аны ким жана кантип колдонушу керектиги катышуучулардын экономикалык байланышка карата кылган мамилесинен көз каранды.
Ибрагим Жусуев