Жакындан бери “Жүрөгүмдө”, “Кара тору”, “Түшүңө кирип жүрөйүн”, “Кеткин” деген ырлары, оригиналдуу стили менен өз күйөрмандарына ээ боло баштаган Мелис Абдрашитов менен тааныштырабыз.
Мелис 1987-жылы 11-январда Атбашы районунун Кызылтуу айылында төрөлүп, Бишкек шаарында өскөн. Хоббиси: сүрөткө түшүү. Учурда Эл аралык башкаруу, укук финансы жана бизнес академиясынын 3-курсунда окуйт.
– Мелис, ыр дүйнөсүнө кандайча аралашып калгансың
– Негизи, менин үйбүлөм чыгармачылыктан алыс адамдар. Атам – жеке фирманын директору, апам – врач. Ырчы болуп, чыгармачылыкка аралашып калганыма өзүмдүн музыкага болгон кызыгуум себепкер.
– Сахнага чыгып, ырчы болуп таанылууңа ким жардам берген?
– Ырчылыкка кызыгып жүргөнүмдү “НБТ” каналынын жаңылыктарды алпаруучусу Айжан Алиева деген жакын эжем байкап, учурдагы продюсерим Ассоль Молдокматова эже менен тааныштырган. Ассоль эже мени сынап көрүп, продюсерлик кылууга макулдугун берген. Ошондон тартып, чыгармачылыгыма жардам көрсөтүп келатат.
– Жаш ырчылардан өзгөчө стилиң менен айырмаланып келесиң, сыягы жеке стилистиң бар окшойт?
– Ооба бар. Ал Мадина Тапаева деген стилист эже. Мындан тышкары, Ассоль эже формаларымды туура тандоого кеңешин берип турат.– Учурда популярдуулукка жетүү үчүн эмне керек деп ойлойсуң?
– Эң биринчи эмгек, андан кийин талант, сырткы келбет, өзүн сахнада туура алып жүрүү деп айтаар элем.
– Жаш ырчылардын арасында көрүнбөй калам деп коркпойсуңбу?
– Жок. Анткени, азыркы ырчылардын ар биринин өзүнө таандык стили, өзүнүн угармандары бар. Мен дагы аларга окшоп, талантымды сыйлаган күйөрмандарыма ээ болоорума ишенем.
– Музыкалык билимиң барбы?
– Мектепте окуп жүргөнүмдөгү музыка сабагынан алган билимим болбосо, атайын музыкалык окуу жайда окуган эмесмин. Окуп жаткан окуу жайды бүтсөм консерваторияга тапшырам деген тилегим бар.
– Көпчүлүк жактырган “Жүрөгүмдө” аттуу ырыңдын клиби тууралуу айта кетсең.
– Клип “Алтын ажыдаар” ресторанында тартылган. Сценарийин продюсерим өзү жазган. Клиптеги үй кызматчы кызды жана менин сүйлөшкөн кызым болуп аткарган бийкечти да Ассоль эже кастинг аркылуу тандаган.
– Баалаган ырчың ким?
– Каныкей Эралиева эже менен Бакыт Мамаев байкени ырчы катары баалайм.
– Кайда барып эс алганды жактырасың?
– Негизи, мен ызы-чууну көп жактыра бербейм. Ошондуктан, дискотекага анда-санда эле барбасам, көп учурда досторум менен тоого чыгып, жаратылыштын кучагында эс алууну жакшы көрөм.
– Алдыда кандай пландарың бар?
– Буюрса, “Кара тору” деген ырыма клип тартуунун алдында турабыз. Мындан башка дагы жаңы ырларды жаздырып, оригиналдуу клиптерди тартуу оюмда бар.
Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова