Жай. Адамдарды курт-кумурскалар, анын ичинде чиркейлер чагып жүдөтүп жаткан учур. Чиркей кандай адамдарды көп чагарын, чакканда эмнелерди колдонууга болорун Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дерматовенерология кафедрасынын доценти Мейкин Усубалиев айтып берет.
"ЧИРКЕЙЛЕР АДАМДЫ ДЕМИ БОЮНЧА ТААП КЕЛИШЕТ"– Адамдын каны менен чиркейдин ургаачылары гана азыктанышат. Аларга кандын курамындагы заттар жумуртка таштоо жана энергия үчүн зарыл. Кан сорбогон учурда аларга азык катары өсүмдүк ширеси деле жарай берет, бирок жумуртка таштай албай калышат. Эркектеринин жаактары өнүкпөгөндүктөн кан соро алышпайт, аларга өсүмдүктөрдүн ширеси азык ордуна жүрөт.
Окумуштуулардын аныктоолоруна таянсак, ургаачы чиркейлер адам жана жаныбарларды дем чыгарган көмүр кычкыл газы жана денесинен чыккан жылуулук боюнча таап келишет. Толук адамдар жана кош бойлуу аялдар басканда, иш кылганда көбүрөөк энергия сарпташып, көбүрөөк дем алып, дем чыгарышат. Ошондой эле жаш балдар кыймылдуу келишкендиктен көбүрөөк ойношот. Демек, алар да оюн кезинде бат-бат дем алып, ошого жараша көмүр кычкыл газын да көбүрөөк бөлүп чыгарып турушат. Ушул себептүү толуктарды, кош бойлууларды, жаш балдарды чиркейлер көбүрөөк таап келишет жана чагышат.
"КАН СОРГУЧТАРДЫ АДАМДЫН ЖЫТЫ ТАРТАТ"– Чиркейлерди кан тобу кызыктырбайт. Аларды кызыктырган нерсе – адамдын жыты. Адамдын жытынын көбүрөөк бөлүгүн терисинин бетинде жашап, бөлүп чыгаргандары менен жытты пайда кылып туруучу микроорганизмдердин жыты түзөт. Ал эми териде микроорганизмдердин абдан көп түрү жашайт. Биздин терибиздин "флорасы жана фаунасы" чиркейлер үчүн даамдуу жыттанат. Биз тердегенде, спорт менен машыкканда, көп кыймылдаганда жыт күчөйт. Мына ошол жыт чиркейлерди азгырып, чагууга түрткү берет. Айта кетчү нерсе, кош бойлуу кезде көбүрөөк бөлүнүп чыгуучу эстроген гормону да аялдын жытын өзгөртүп, чиркейлерди чакырып турат. Андыктан убак-убагы менен антибактериалдык самындар менен жуунуп туруңуз. Уктаар алдында да жуунуу талапка ылайык. Жыттуу самын менен жуунууну, атыр себинүүнү унута туруңуз. Алардын жыты да чиркейлерди өзүнө чакырат.
Эскертип кетчү нерсе, чиркей безгек, сары калтыратма, менингит, энцефалит ооруларын жугузуучу болуп эсептелет. Андыктан чиркейлер көп болбошу үчүн үйүңүздүн тегерегинде чөөт суулардын, баткактын, саздын болбошуна аракет кылыңыз.
"ШИЛЕКЕЙИНДЕ КҮЧТҮҮ АЛЛЕРГЕН БАР"– Чаккан жерди тырмоо менен биз ошол жердин тегерегине чиркейдин шилекейиндеги аллергенди жайылтып, аллергияны жаратабыз. Андыктан тырмабоого аракет кылыңыз. Чаккан жерди кан чыккыча тырмоо менен инфекция киргизип, ириңдетип аларыңызды эске алыңыз! Чаккан жердин өңү кызарса, аллергияга каршы каражатты сүйкөңүз. Кимдин териси чаккандан шишип жана катуу кычышып чыкса, анда врачка көрүнүп, антигистаминдик дары-дармектерди ичүүсү зарыл.
ЧАККАН ЖЕРГЕ ЭМНЕ СҮЙКӨӨГӨ БОЛОТ?
– Балдар жана чоңдор үчүн кремдер, гель, мазь, гель-бальзам түрлөрү бар. Каражаттарды дарыканадан сатып алууда баланын жаш курагына карап алыңыз.
Колдо болгон нерселерге келсек, кычышкан жерге муз коюңуз же 200 грамм сууга жарым чай кашык сода салып, ошол суу менен сүртүңүз. Ашкана уксусунун 4 пайыздуусун сүртсө же салицил спиртин сүйкөсө да жакшы. Тырмалган жерге зелёнка сыйпаса да болот.
КОРГОНУУ
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg