ЖАРАКСЫЗ ЧЫККАН АТТЕСТАТТАР ЖАҢЫЛАНАТ

Республика боюнча жараксыз чыккан аттестаттар 21-июнга чейин оңдотулат. Мындай маалымат билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева менен аттестатты басып чыгарган "Тартип" ЖАКынын аткаруучу директору Алёна Артёменконун жолугушуусунан кийин анык болду. Өлкө боюнча 50 миңге чукул аттестатта орфографиялык каталарга жол берилип, жараксыз болуп калган. Мындан улам жогорку окуу жайларга абитуриенттер документ тапшыра албай, жараксыз аттестаттын айынан бүтүрүүчүлөр убара тартышууда. Аттестаттын ичиндеги "жалпы орто билим жөнүндөгү аттестатсыз жараксыз" деген жери "жалпы орто билим жөнүндөгү аттестаты жараксыз" деп ката жазылып калган. Андан сырткары да майда каталар орун алган. Миңдеген абитуриентти убарага салган бул шалаакылык үчүн ким жооп берет? Коомчулукта жараксыз аттестаттар үчүн министрликтеги жооптуу кызматкерлерди кызматтан алуу сунушталууда. Ал эми министрлик өкүлдөрү 50 миңдей бүтүрүүчүгө кедергиси тийип жаткан бул ишти "майда каталар" деп атап, мындай иштер мурда да болуп келгенин айтышууда. Министрликтин маалыматына караганда, ката 2 мекемеден тең кеткен. Кайрадан оңдотулуп жаткан аттестаттын чыгымын тендерден уткан "Тартип"
ЖАКысы моюнуна алып, министрликтин жооптуу кызматкерине сөгүш берилди.
Жогорудагы катадан тышкары Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ала-Бука райондорунун бүтүрүүчүлөрүндө да маселе жаралган эле. Анда аттестаттагы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздүн акыркы "н" тамгасы түшүп калып, кайрадан оңдотулуп берилген.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 768, 21-27-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан