Боинг кырсыгынан жабыркагандарга компенсацияны түрк тарап июль айынын аягына чейин которот. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 17-июлда журналисттерге айтты. Бул иш августтун аягына чейин да созулуп кетиши мүмкүндүгүн кошумчалады. Анын айтымында, компенсация катары берилүүчү акча эки тарапты тең нааразы кылбайт. Ал эми буга чейин элден чогултулган 100 миллион сомдон ашуун каражат жабырланган жарандарга таратылып берилген. Бектур Токтоноев
politika@super.kg